КЕМТИГИ ЖОК ЖЕР, КЕМЧИЛИГИ ЖОК ЭР БОЛБОЙТ

Мырзаларды мүнөзүнө жараша жалкоо, кызганчаак, кызыл камчы, катынпоз, ымтырап аялынын сөзүнөн чыкпаган деп бөлүүгө болот. Бирок мындай мырзаларды да тарбиялап алууга болот. Кантип деген суроого тажрыйбалуу психолог жооп берет.

ЖАЛКОО ЭРКЕКТЕР

Сүйлөшүп жүргөндө жигитиңиз идеалдуу көрүнгөн дейли. Бирок баш кошкон соң ал таптакыр өзгөрүп кетти. Сизге үй оокаттарына жардам бермек тургай үй-бүлөнү багып, акча табуудан да айныды. Мындай эркектерге кандай мамиле жасоо керек?

  • Анын намысына тие турган сөздөрдү айтпай, тескерисинче, жонуна таптап алдаңыз. Мисалы, “жаным, отун түгөнүп калган экен, жүр, сен отун жар, мен чогултуп сага жардам берем”, “жумушту чогуу бүтүрөлү” деген сыяктуу көбүрөөк сунуштарды киргизиңиз.
  • Эч качан жолдошуңуздун жалкоолугун баса белгилеп, аны басынтпаңыз. Бул учурда эркек чүнчүп, ого бетер оокат кылганга каалоосу жоголот. Тескерисинче, жагымдуу сөздөрдү көбүрөөк колдонууга аракет кылыңыз. Бекеринен "жылуу сөз жыланды ийининен чыгарат" дебесе керек.
  • Жолдошуңузду өтө эркелетип жибербеңиз. Көбүнчө жумушту өзүңүзгө үйүп алып, мыкты кожойке боло бергендин жыйынтыгы да жолдошуңуздун жалкоолугуна алып келет. Андыктан ага тиешелүү жумуштарды өзү аткаруусун талап кылыңыз.

КҮЙӨӨҢҮЗ КЫЗЫЛ КАМЧЫ БОЛСО...

  • Эч качан анын катуу кыйкырыгына тил кайтарбаңыз. Ачуусу тарагыча унчукпай эле койгон туура.
  • Күйөөңүздүн жини келип баштаганын байкасаңыз тез эле "алтыным, сүйгөнүм, сеники туура" деген жагымдуу сөздөрдү айтыңыз. Чыр чыгаруучу сөздөн качып, сөз нугун тамашага бурууга аракет кылыңыз.
  • Кызыл камчы эркектерди маал-маалы менен эс алууга жиберип турсаңыз да натыйжасы жакшы болот. Себеби эс алгандан кийин бардык эле адамдар токтоо болуп калышат.
  • Жумуштан кыжырланып чарчап келген жолдошуңузга массаж жасап берип көңүлүн алыңыз.

КАТЫНПОЗ ЭРКЕКТЕР
Көпчүлүк ажырашуулар эркектин катынпоздугунан улам келип чыгат. Күйөөсүнүн мындай жоругун байкап калган айымдар дароо эле кетем деп чыгышат. Ал эми айымдардын бир тобу унчукпастан курбуларына кеңешет. Алардын кээси “сен андан кемсиңби, бирөөнү таап ал же айланып эле кайра келет” деген кеңештерин беришет. Балким, күнөө жолдошуңузга көп көңүл бурбаганыңызда болуп жүрбөсүн. Андыктан төмөндөгүлөргө маани бериңиз.

  • Жолдошуңуз жумуштан келгенде дайыма күлүп тосуп алганга аракет кылыңыз.
  • Этеги көө болгон халатыңыз да жолдошуңузду иренжитиши мүмкүн. Келбетиңизге кам көрүүнү унутпаңыз. Кээде чач тарамыңыздын өзгөрүүсү да жолдо­шуңуз үчүн жаңылык болот.
  • Жолдошуңузду эркелетип, кылыктанып турууну да эске салыңыз. Ошондо гана жан биргеңизди башкага алдырбайсыз.

ЫМТЫРАП АЯЛЫНЫН СӨЗҮНӨН ЧЫКПАГАН ЭРКЕКТЕР
“Подкаблучник” эркектер, башкача айтканда, аялынын сөзүн коштогондор да айымдардын кыжырын кайнатат. Негизинен, мындай эркектер табиятынан момун келишип жекече ой-пикири жок, өз алдынча чечим кабыл алууга батына албаган эркектер. Ошондой эле бул топко чыгармачылыкка өтө берилип кеткен адамдар киришет. Алар үчүн үй-бүлө экинчи орунга жылып кетет.

  • Кээде аялдар күйөөсүн өзгөрткүсү келсе дайым эле чечимди өзү кабыл ала бербей, көпчүлүк учурда тизгинди күйөөсүнө карматууга акчаны бүлүштүрүүгө жана балдарды тарбиялоого да роль беришиңиз керек.
  • Кез-кез менен үй оокаттарын жалгыз жолдошуңузга таштап апаңыздыкына бир аз убакытка барып туруңуз.

КЫЗГАНЧААКТАР
Кызганчаак эркектер аялын өзүнүн жеке менчиги катары карашат. Андайларды кайрадан тарбиялоо да өтө оор. Ошентсе да амалдарды колдонуңуз.

  • Мисалы, жаңы көйнөгүңүздү кийип конокко камданып жатканда жолдошуңуздун “кимге жагынайын деп жатасың?" деген суроосуна “сага жаным, бир гана сага” дегендей жооп кайтарсаңыз, күтүүсүз чырдан алыс болосуз.
  • Эч качан башка эркектер менен кучакташып түшкөн эски сүрөттөрүңүздү ачыкка таштабаңыз.
  • Тамаша түрүндө да башка эркектер менен кылыктанып сүйлөшпөө керек. Кызганчаак эркек баары бир аны түшүнбөй, чыр салышы ыктымал.
  • Эч качан жолдошуңузга жетекчиңиздин же кесиптешиңиздин сизге айткан жагымдуу сөздөрүн айтпаңыз.
  • Кечкурун ачык кийинип кечки сейилге чыкпаңыз. Үйгө кызуу абалда келгенден сак болуңуз.

Эгерде эркектер жашоонун түндүгү болсо, айымдар аны тиреп турган түркүгү, ал эми жайылган кереге – жашоо, үй-бүлө. Бул бүтүмдүктүн бир гана нерсеси кемисе жашоо да, үй-бүлө да бузулат. Бул жалганда ар бирибиздин аракет кылганыбыз ушул бүтүмдүктү бузбай сактап калуу.
Макаланы даярдоого “Рaradise sun” психологиялык борборунун директору Айзада Танаева жардам берди.

Бахияна Сатылганова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
guliakg
2011-06-29 16:39:24
жакшы создор камтылган, сиздерге чоон рахмат
0
jazi86
2011-07-03 16:47:39
рахмат сиздерге
0
armin85
2012-07-04 20:39:14
рахмат кенешиниздерге!
0
№ 380, 12-18-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан