Ресторандагы кызыктарды камтыган тасмалардын өзүнүн «ачка көрөрманы» бар. Ошондуктан Голливуддун популярдуу актёру Брэдли Купер тартылган «Шеф Адам Жонс» тасмасынын трейлери жарыкка чыгары менен чоң кызыгууну жараткан. Эгер сиз даамдуу тамактарды сүйсөңүз, анда бул тасма сиз үчүн.
Тарткан өлкө – АКШ
Жанры – Драма, мелодрама
Режиссёру – Жон Уэлс
Сценарийин жазган – Стивен Найт
Башкы ролдордо – Брэдли Купер, Сиенна Миллер, Омар Си, Даниэль Брюль
Узактыгы – 1 саат 41 мүнөт
Бюджети – 20 миллион доллар
Прокаттан чогулган каражат – 35 миллион доллардан ашык
Чыккан жылы – 2015-жыл
Урааны – «Жогото турган эч нерсем жок деген эркекти баалабай койбо!»
БАҢГИЛИКТЕН АРЫЛТКАН МИЛЛИОН УСТРИЦА
Адам Жонс өспүрүм кезинде эле Париждеги ресторанда шеф-ашпозчу болууга жетишет. Бирок бара-бара ичимдик менен баңгиликке азгырылып, карьерасынан, кулинария жаатындагы абройлуу сыйлык катары эсептелген Мишлендин (Мишлен жылдызы ресторандын шеф-ашпозчусуна берилген жогорку даража) бир жылдызынан айрылат. Мунун баары кулинария генийи болгон баш каарманга чоң сокку болуп, башка жашоо издеп Жаңы Орлеанга качып кетет. Ал өзүнө качан гана миллион устрица (деңизде жашаган моллюска) тазаласам, ашканага кайтам деген шарт коёт. 3 жылда миллион устрица тазалап, баңгиликтен да арылып, мурунку аброюн жана Мишлендин 3-жылдызын кайтарыш үчүн Лондонго барып, ишенимдүү команда чогултат.
АШПОЗЧУНУН МАКТООСУНА АРЗЫГАН СИЕННА
Тасмага тартылуу үчүн Брэдли Купер менен Сиенна Миллер кулинарияга баш-оту менен киришкен. Аларга бычак менен иштөө, жабдыктарды колдонуу, ашканадагы кыймыл-аракеттер, профессионалдык «жаргондор» менен сүйлөөнү үйрөтүшкөн. Сиенна тасма тууралуу: «Кино иштеп жаткан ашканада тартылгандыктан кыйын болду. 120 градус ысык электр мешинин жанында бир канча саат иштөө алсыратып жиберди» деп эскерет. Тартуу иштери аяктагандан кийин актриса дүйнөгө таанымал шеф-ашпозчу Маркус Верингдин мактоосуна арзыган. Актёрлорду даярдоо менен гана чектелбестен, рецепттерди, ашкананын жана ресторандын дизайнын, кызмат көрсөтүү стилин түзгөн Маркус «мен чындап эле ресторан ачып жаткандай болдум» деп айткан. Брэдли 2005-жылы «Ашкана сырлары» аттуу телесериалга тартылгандыктан тасма тартуу учурунда кыйналган эмес. Ал: «Мен 15 жашымда кафеде идиш жууп иштегем. Колледжде окуп жүргөндө ашпозчунун жардамчысы болгондуктан ашкана тууралуу түшүнүгүм бар. Тасмада менде дублёр болгон жок, бардык тамактарды өзүм жасап жаттым»,- деген.
ЖЫЛДЫЗДАРДЫ ЧОГУЛТКАН ТАСМА
Кинодо көп деле интрига жараткан эпизоддор жок. Юмор жетиштүү деңгээлде, көрүүчүлөрдү мезгил-мезгили менен жылмайтып турат. Башкалардан айырмачылыгы деп актёрдук курамды айтсак болот. Айымдардын сүйүктүүсү Брэдли Купер, «Жарыш» («Гонка») тасмасынын жылдызы Даниэль Брюль, актриса, модель Сиенна Миллер, «1+1» (баштапкы аталышы «Кол тийбестер» – «Неприкасаемые») комедиялык драмасындагы Омар Си, ресторан сынчысынын ролундагы Ума Турман көрүүчүлөрдү кубантып турат.
Ашпозчулардын кулинардык чеберчилигин көрүп тамшанасың. Дыкаттык менен даярдалган деликатестен баштап жөнөкөй азыктар да көркөм тартылган. Ошондуктан Адам Жонс тамактан алган ырахатты жөн жерден оргазмга салыштырбаса керек. Мындан улам айрым киносынчылар «Шеф Адам Жонс» – бул чоң кинематографиядагы фуд-эротика» дешүүдө.
АЙТТЫ ДА КОЙДУ
АДАМ ЖОНС: Бизге келген кардарлардын тамакты эңсеп, чыдамы кетип турушун каалайм. Биз кулинардык оргазм чакырып турушубуз керек.
Тасмада Адам Жонстун Эленге айткан сөзү
Динара Абдыкадырова
star@super.kg