КООПСУЗ ӨНДҮРҮШ – КООПСУЗ ЖАНА САПАТТУУ АЗЫК

«Шоро» компаниясы ISO 22000:2005 сертификатына ээ болду. Бул сертификатты 2016-жылдын февраль айында SGS аттуу швейцариялык компания берген. Аталган сертификат «Шоро» компаниясынын газдалган жана газдалбаган ичүүчү табигый сууларынын, ошондой эле минералдык суулардын өндүрүшү («Легенда», «Байтик» жана «Ысык-Ата» бренддери) ISO 22000:2005 стандартынын талаптарына жооп бере тургандыгын тастыктайт. Ал эми бул стандарт ХАССПнын тамак-аш өндүрүшүнөн тартып сакталышына жана колдонулушуна чейинки чынжырчасынын коопсуз болуусун камсыздай турган принциптерди өзүнө камтыйт.


Өзүнүн 30 жылдык тарыхында НАССР системи Европа биримдигинин, Түндүк Америка өлкөлөрүндө, Японияда жана башка мамлекеттерде өз ордун таап, кеңири колдонулуп келет. Тамак-аш азыктарын өндүргөн биздин ата мекендик ишканалар үчүн да HACCP маанилүү стандартка айланып калды.
Жогоруда айтылган сертификатты алуудан мурун бир катар иш-чаралардын көлөмдүү планын ичине камтыган этаптан өтүүгө туура келди. ISO 22000:2005 стандартынын талабына ылайык, тамак-аш азыгынын коопсуздугу менеджмент системинин жумушчу тобу түзүлүп, анын курамына өндүрүш цехтеринин жетекчилери, технологдору, жабдуу жана сапат бөлүмдөрүнүн жетекчилери киришкен. Топтун жетекчиси, өндүрүштүн директору болуп Осмонбаев Нурдин
Мукаевич шайланган. Жумушчу топ 2015-жылдын июнь айынан тартып ISO 22000:2005 стандартында белгиленген бардык этаптарды эске алуу менен ишине киришти. Алгач продукт сүрөттөлүп, анын колдонулушу көрсөтүлүп, технологиялык процесстин ырааттуу жүрүшүнүн блок-схемасы ырасталып, болжолдуу коркунучтар, HACCPдин планы талдоого алынат. Стандарттуу бир катар операциялык процедуралар, алдын алуучу шарттардын программасы иштелип чыккан, анткени тазалоо жана санитардык иштер, жумушчу персоналдын гигиенасы – булар дагы өндүрүлгөн суунун коопсуздугуна таасир этпей койбойт.

«Биздин компания өндүргөн бардык суулар булактан ишканага алынып келгенден кийин лабораториялык кирүү көзөмөлүнөн өтүп, суу техникалык регламенттин физико-химиялык жана микробиологиялык көрсөткүчтөрү боюнча талаптарга ылайык келе тургандыгы текшерилет»,- дейт өндүрүштүн директору Осмонбаев Нурдин Мукаевич.

– Лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыктарына жараша суу убактылуу сакталууга, андан соң өндүрүштүн планына ылайык куюштурууга даярдоо үчүн кабыл алынсын деген чечим чыгарылат. Азыкты коопсуз кылуу үчүн сууну бир нече баскычтан турган технологиялык иштетүүдөн өткөрүшөт: биринчи баскыч – механикалык чыпкалардын жардамы менен сууну ашыкча заттардан тазалоо; экинчи баскыч – мында суу бактерициддүү лампалар жана мембрандуу чыпкалар тобу аркылуу тазаланат. Мындай тыкыр тазалоодон кийин суу физикалык жана микробиологиялык коркунучтуу факторлордон арылып, даяр продукциянын коопсуз болушун шарттайт.
Лабораториянын кызматкерлери нормативдик документацияга жараша бөтөлкөдөгү суунун физико-химиялык жана микробиологиялык көрсөткүчтөрүнүн талапка жооп берер-бербестиги боюнча лабораториялык көзөмөл жүргүзүшөт. Чыгарылган суунун ар бир партиясы сапат планына ылайык көзөмөлгө алынат. Лабораториялык көзөмөл технологиялык процесстин бардык этаптарында – суу булактан алынгандан тартып бөтөлкөгө куюлуп, таңгакталганга чейин жүргүзүлөт. Мунун натыйжасында өндүрүштүн кайсы баскычында калпыстык кетип кала тургандыгын учурунда байкап жана бул калпыстыкты өз убагында оңдоп калууга мүмкүнчүлүк жаралат.
Компания тамак-аш продуктуларынын коопсуздугу менеджментинин эл аралык ISO 22000:2005 системи боюнча иштеп баштагандан бери өндүрүштү башкаруу бизнес процесстерди тынымсыз өнүктүрүүгө, ошондой эле коопсуз жана сапаттуу продукцияны чыгарууга багытталган өз процедураларын жана эрежелерин белгилеп келет.
«Бул сертификаттын берилиши,- дейт сөзүн жыйынтыктап жатып Нурдин Мукаевич, – биздин компанияда тамак-аш продуктуларынын коопсуздугун башкаруу ишинин деңгээли эл аралык стандарттарга ылайык келе тургандыгын тастыктайт».
– Көпчүлүк өлкөлөрдө өндүрүш компанияларына HACCP сертификациясын алуу милдеттүү болуп саналат. Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин анын техникалык регламентинин талаптарын дагы аткарышы керек, ал эми «Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу тууралуу» 021 техникалык регламентинде тамак-аш продукциясын өндүрүүчү HACCPдын принциптерине негизделген процедураларды иштеп чыгышы, ишке киргизиши жана аларды сакташы керектиги көрсөтүлгөн. Ушул себептен биздин өлкөдө бүгүнкү күнү бул сертификация актуалдуу болуп турат. Акырындык менен тамак-аш продуктуларын өндүрүүчүлөрдүн бардыгы буга өтө башташат, анын үстүнө керектөөчүлөрдүн талаптары да күн санап өсүп жатат, алар коопсуз жана сапаттуу азыкты тандап, талап кыла башташты. «Шоро» компаниясы жакынкы келечекте ISO 22000 сертификатын өзү өндүргөн башка продуктуларга да алууну көздөөдө. Учурда бул багытта иштер башталып калды, себеби ISO 22000 сертификатына ээ болуу менен биз продукциябыздын коопсуздугун гана далилдебестен, керектөөчүлөрүбүздүн алдында жоопкер жана чынчыл экенибизди да далилдей алабыз.

Маалымат үчүн:
ХАССП (англ. HACCP – Hazard Analysis and Critical Control Points – тобокелдиктерди жана көзөмөлдүн опурталдык чекиттерин анализдөө) – бул тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруучу систем өндүрүш чынжырчасынын дээрлик ар бир баскычына, өндүрүш процессинин каалаган чекитине, ошондой эле коркунучтуу кырдаал жаралып калуу мүмкүндүгү жогору болгон продукцияны сактоо жана сатуу процесстерине көзөмөл жүргүзөт. HACCP системин негизинен тамак-аш азыктарын өндүргөн компаниялар пайдаланып келишет. Өнүккөн өлкөлөрдө ар бир өндүрүүчү ишкана өндүрүштүн бардык технологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өзүнө гана тийиштүү HACCP системин иштеп чыгат. HACCP системи – бул башкы милдети өндүрүш процесстерин микробиологиялык, биологиялык, физикалык, химиялык жана башка булгануу коркунучтарынан сактоо болуп саналган башкаруунун жетишерлик натыйжалуу каражаты.

Наргиза Койлубаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 698, 18-март-24-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан