БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ ТАЛАП КЫЛЫНГАН КЕСИП ЭЭЛЕРИН ДАЯРДАЙТ

Бул макала жогорку окуу жайларына тапшыруу учурунда келип чыккан суроолорду жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого багытталган «Жогорку окуу жайын тандоо» аттуу макалалар жыйнагына кирет. Аталган жыйнак 2016-жылдын сентябрь айында баштала турган окуу жылына абитуриенттерден алгачкы жолу тапшырыктарды (заявка) кабыл алып жаткан Борбордук Азия университети (БАУ) тарабынан даярдалган. Абитуриенттердин өтүнүчү боюнча табыштамаларды кабыл алуу мөөнөтү 2016-жылдын 15-апрелине чейин узартылды.

Борбордук Азия бир катар экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ аймак. Жергиликтүү талаптарга шайкеш, эл аралык деңгээлдеги жогорку окуу жайынан алынган билим ал мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу үчүн абдан маанилүү.
Жогорку билим багытын тандап жатып абитуриенттер келечекти эске алуулары кажет. Аймактын экономикасы түрдүү багыттарда өнүгүүдө. Айрыкча тоо-кен, мунай жана газ, гидроэнергетика, туризм жана айыл чарба тармактарында өсүү байкалууда. Азыраак өнүккөн тармактардын катарына коммуникация жана ММК, ишкердик экономикасы, экологиялык кызматтар, телекоммуникация жана маалымат технологиялары кирет. Борбордук Азия университетинин бакалавриат программасы аймактын өнүгүүсүнө түрткү бере турган жумуш орундарын түзгөн кызмат ээлерин жана ийгиликтүү ишкерлерди даярдоого багытталган.
БАУ эмгек рыногун изилдеп чыгып, Борбордук Азияда абитуриенттер университетти бүтүргөндөн кийин жумуш табууга оор болгон кесиптерди тандашкандыгын аныктаган. Аймактагы университеттер эмгек рыногунун талабына ылайык келбеген кесиптерди сунуштагандыктан бир кесип боюнча бүтүрүүчүлөрдүн саны абдан көп, ал эми ишканалар тарабынан бааланган башка кесиптер боюнча дээрлик аз болууда. Көпчүлүк кесиптин келечеги болбогондуктан бүтүрүүчүлөрдүн көбү Борбордук Азиядан чет өлкөлөргө иш табуу максатында кетүүдө, айрымдары болсо өз кесибинен тышкары багытта эмгектенүүдө.
Борбордук Азия университетинин негизги жана кошумча адистештирүү багыттары аймактагы адам ресурстарына болгон талапка ылайык иштелип чыккан. Студенттерге төмөндөгү негизги багыттарды тандоо мүмкүнчүлүгү сунушталат: «Жер жана айлана-чөйрө жөнүндө илим», «Компьютер илими», «Инженердик-техникалык илимдер», «Коммуникация жана ММК», «Экономика», «Бизнес жана башкаруу». БАУ – өз ара айкалышкан негизги жана кошумча адистештирүү багыттарын сунуштаган алгачкы жогорку окуу жайы. Студенттер кошумча адистештирүү багытын төмөндөгүлөрдүн ичинен тандай алышат: «Өнүктүрүү жөнүндө илим», «Борбордук Азия жөнүндө илим» жана «Глобалдашуу жөнүндө илим».
БАУнун окутуу программасы практикалык тажрыйбага, жашоодогу мисалдарды талдоого, лабораториялык тажрыйбаларга, топ менен ишке ашырылган долбоорлорго жана жайкы практикаларга негизделип, студенттерди жалпысынан бир жылдык иш тажрыйбасы менен камсыз кылат. БАУнун бардык кампустарында негизги басым илим жана технологияларга жасалгандыктан, бүтүрүүчүлөр Борбордук Азиянын ар түрдүү тармактарында талап кылынган техникалык жөндөмдөргө ээ болушат.

БАУнун окутуу программасы, финансылык жардам алуу мүмкүнчүлүгү жана көздөгөн кесибине даярданууда кандай колдоо көрсөтүлөрү жөнүндө кошумча маалымат алуу үчүн admissions@ucentralasia.org электрондук почта дареги же +996 770 822 901 (Кыргыз Республикасы), +992 93 999 99 64
(Тажикстан), +7 777 822 3948 (Казакстан) телефон номерлери аркылуу биз менен байланыш.
Толук маалымат алуу үчүн www.ucentralasia.org/admissions сайтына кириңиздер.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 698, 18-март-24-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан