Улуу Британия
ЖОРГОГО КИЙИМ ТИГИЛДИ
Улуу Британияда алгачкы ирет ат үчүн ылайыктуу кийим тигилди. «Harris Tweed» маркасындагы материалдан жасалган кийим жарыштарга түшүп жүргөн Морстид аттуу жоргого арналган. Морстид Челтнем фестивалына катышат. Кийимди тиккен Александра Маккуиндин айтымында, бул иш абдан оорчулук жаратып, жалпысынан 18 метр кездеме керектелген. Фестивалда «кычырап» кийинген Морстидге дүйнө жүзүнө белгилүү Энтони Маккой жокей болот.
Бангладеш
МИЛЛИАРДГА ТЕТЕ КАТА
Бангладештин борбордук банкынан 951 миллион АКШ долларын уурдамакчы болгон хакерлер бир сөздү ката жазгандыгы үчүн ойлору ишке ашпай калды. Февраль айынын башында Нью-Йорктун Федералдык резервдик банкына (Бангладеш казынасы дал ушул банкта акчаcын сактайт) Бангладеш борбордук банкынан акча которууга 30дан ашык билдирүү түшкөн. Билдирүүнүн бир нечеси орундалганда гана (80 миллион доллар акча хакерлерге которулуп кеткен) которууда керектелген сөздүн бири ката жазылганы байкалып, хакерлер экени билинген. Эми хакерлердин дайынын таппай Бангладеш өкмөтү америкалык банк менен соттошкону жатат.
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg