«Тумар КР» тобунун бийчилери Саламат, Азамат Абдрахмановдор: «АТАЙ МЕНЕН КЛАССТАШПЫЗ, БАЛАЛЫГЫБЫЗДАН ЧОГУУ ӨСКӨНБҮЗ»

«Тумар КР» тобунда Атай Өмүрзаков менен чогуу бийлеген эгиз балдарга көзүңүз түшсө керек. Дал ошол кызыгууну жараткан Саламат жана Азамат менен маектешип отуруп, алардын башкача ой жүгүрткөн балдар экенин байкадым.

САЛАМАТ МЕНЕН АЗАМАТТЫН ОЮ ДА, БОЮ ДА ОКШОШ
Эгиздер 1990-жылы 22-январда Ысык-Көл
облусунун Каракол шаарында төрөлүшкөн.
Бойлору – 187 сантиметр
Салмактары – 75 килограмм

– Саламат, Азамат, силерге эң көп берилчү суроо кайсыл болду экен?
Саламат:
«Бириңер оорусаңар экинчиңер сезесиңерби?», «кимиңер жоош, кимиңер шоксуңар?» деп көп сурашат. Бизде бирибиз ооруганда экинчибиз сезет деген жок. Экөөбүз эки башка адам болуп жатпайбызбы.
Азамат: – Анан «эгиз кыздарга үйлөнөсүңөрбү?» дей беришет. Апам да айтып калат «эгиздер болсо жакшы болмок» деп. Эми буюрганы да, бизге эң негизгиси тарбиясы жакшы кыздар болсо экен дейбиз.

– Экөөң эки башка болгонуңар менен, окшош жактарыңар болсо керек?
С.:
– Өң-келбетибиз эле эмес, мүнөзүбүз да окшош. Кичинекей чакта кийимдерибизден өйдө айырма жок болчу. Эми гана окшош кийинбей калдык.
А.: – Анан да бирөөбүз туура эмес иш кылсак, ата-энебизден экөөбүз тең бирдей таяк жеп, бирөөбүз ийгилик жаратсак, экөөбүз тең мактоо укчубуз. Көбүнчө оюнчук талашып, «үйдү кечээ мен жыйнагам, бүгүн сен жыйнайсың» деп кезегибизди алмаштырып алып кырылыша берчүбүз.

– Өзүңөргө байланышкан кызыктуу окуялардан айтып берсеңер?
С.:
– Алгач мектепке барганда башка балдар менен достошконго деле кызыккан жокпуз. Экөөбүз бир партада отуруп, бири-бирибиз менен гана сүйлөшүп, башкалар менен такыр мамиле курчу эмеспиз. Жадакалса айланадагыларга көңүл бурбайт элек. Ошондуктан көпчүлүк бизди оорукчан балдар деп ойлошчу.
А.: – Мектепте окуп жүргөндө экзаменге Саламат орус тилинен даярданса, мен тарыхтан даярданат элем. Сынакка мен Саламаттын ордуна да кирип баа алып чыккам, ал да эки жолу кирип мага баа алып берген. Анан жогорку окуу жайга тапшырганда эки бөлөк жүргөнгө көнөлү деп мен
КМКТАУнун дизайнер жана архитектор бөлүмүнө тапшырсам, Саламат Кыргыз улуттук университетинин ушул эле факультетине тапшырган.

– Кызык, анда силерде балалык сүйүү деле болбосо керек, кыздар эмес, балдар менен мамиле курбасаңар?
С.:
– Ооба, өтө уялчаак элек. Кыздар бизге сүйлөсө уялып артты карап алчубуз. Жадакалса «салам» деген сөздү да айтчу эмеспиз (күлүп). Кыздар «саламдашпасаңар класска киргизбейбиз» деп эшикти тосуп алышса айла жок класска кириш үчүн гана саламдашчубуз. Университетте менин группамда эки эле бала, калганы жалаң кыздар. Аргасыздан кыздар менен мамиле түзгөндү үйрөндүм.
А.: – Мен кыздар менен 2-курста сүйлөшүп баштадым. Интернет жардам берди десем болот, ал жактан кыздар менен жазышып жатып көнүп кеттим. Биз сүйүү дегенден таптакыр алыс болгонубуз менен, азыр чоңоюп калдык. Ата-энебиз да «үйлөнгүлө, 28 жаштан кийин кеч болуп калат» деп эскертип турушат. Кичине кезибизде 27 жашта үйлөнөбүз деп максат койгонбуз, ал оюбузду азырынча өзгөртө элекпиз.

– Бий дүйнөсүнө кантип аралашып калдыңар?
С.: –
Атай Өмүрзаков менен классташпыз. Кичине кезибизден бирге чоңойдук. 9-класста ал бийлеп баштады, а биз бийдин башка түрү менен алектенчүбүз. Атай Украинага барып келгенден кийин чогуу бийлейли деп сүйлөшүп, бир команда болдук.
А.: – Бийден сырткары биз сүрөт ийримине катышсак, Атай пластилинден ар нерселерди жасай берчү. Аны менен футбол, жеңил атлетика, баскетболго катышып, дайыма чогуу жүрчүбүз. Атайдан башка Айбек деген мектепте эң жакшы окуган классташыбыз бар. Атай менен кеңешип, аны менеджер кылып алганбыз.
С.: – Азамат экөөбүздүн көз карашыбыз бир, Атайдыкы бир аз башкачараак. Бийге ылайыктуу музыка жасайбыз, бийди даярдайбыз, кыймыл-аракетти ойлоп табабыз, Атай да өз оюн айтат. Баарын үчөөбүз чечебиз, добушка койгондо Азамат экөөбүз кол көтөрүп Атайды утуп коёбуз. Баса, кайсыл жакта бийлеп канча каражат таппайлы, баарыбыз бирдей суммада бөлүшөбүз. Ошондуктан бул боюнча бизде талашып-тартышуу жок.

– Ата-энеңер бийлегениңерди кандай кабыл алды?
С.:
– Ата-энебизге бийлегенибизди билдирчү эмеспиз. Алгач чет өлкөгө чыкканыбызда аларга айтпай кеткенбиз. Украинага барып жеңишке жетишкенибизди видеодон көрүп аябай кубанышкан. Биздин сюрпризге ишенбей, "бул тамашаңарбы?" деп, анан ишенип "азамат балдарым" деп сыймыктанган.
А.: – Атам Анарбек, кесиби шахтёр, учурда пенсияда. Апамдын аты Фатима, жеке ишкердик менен алектенет. 3 бир тууганбыз, бизден 5 жашка кичүү Нурайым деген карындашыбыз бар. Ата-энебиз Бишкектен үй алып беришкен, учурда карындашыбыз менен ошол үйдө турабыз. Ата-энебизден бөлөк жашаганыбызга 7 жыл болуп калды. Андыктан өз алдынча жашоого көнүп калганбыз. Ашлянфу, манты, лагман, кыскасы, бардык тамактарды эч коркпой жасай беребиз.

– Бий менен дагы канча жашка чейин алектенесиңер?
С.: – Бийди акырындап токтотуп жатабыз. Кыргызстанда азыр бийлебей деле калдык. Окуучуларыбызды чет өлкөлөргө чыгарып, акырындап ордубузду бошотуп берип жатабыз. Келерки жылы толук өткөрүп бергенден кийин өз кесибибиз менен дизайнер-архитектор болуп эмгектенебиз.


Саламат: "Өзүмчө жалгыз отурганда идеялар келип, бийге ылайыктуу жакшы музыка жаралат".

Азамат: "Сүрөткө жөн эле түшө берген жакпайт, ар бир кадр өзгөчө болушу керек".

"Чет мамлекетте биздин бий аябай бааланат. Бизди эмоцияларын жашырбай көздөрүнө жаш алып жакшы колдошот".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Bonia9189
2016-03-21 12:30:42
Азаматтар бар болгула кыргыздын желегин коп коп желбиретип тургула
+9
Diana92kg
2016-03-21 15:40:47
жонокой балдар экен. азаматсынар. Ийгилик силерге)))
+6
Kroxa
2016-03-21 22:24:39
Силердей жигиттер кооп болсун Ийгилик!!!
+3
Gulzat86
2016-03-22 09:27:24
Эн жакшы.
+3
nursultan67
2016-03-22 17:39:47
Чекеде турганы ким коллорун кайрып ото кучту бийлейт экен
0
dreambig
2016-03-23 22:14:00
nursultan67,Баясан. Анын дагы интервью берген эле.
+2
alhamdulillah
2016-03-23 23:25:17
Саламат деген ат универсал. кызгада уулгада койула берет менин да атым Саламат .
0
MuslimNur95
2016-03-24 09:24:35
Озгочо анан таланттуу акылдуу балдар экен, Азамат саламат ийгилик
+1
Drongo
2016-03-25 20:10:56
Сыймыктанам силер менен,менин суйуктуу Караколдук жердештерим!Кудай тилегинерди берсин!
+1
balzak
2016-03-31 11:31:08
аябай баалайм, азаматсынар!!!
0
№ 698, 18-март-24-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан