ЖЕҢИЛ ПАРЫҢЫЗ МЕНЕН!

Иш аптасы аяктап, дем алыш күн келди. Кантип эс алсам деп ойлонуп турган чагыңызбы? Анда сизге кеңеш. Курбуларыңызды, досторуңузду чогултуп мончого барыңыз. Ал жактан пайдадан башка зыян таппайсыз. Ал эми мончого туура түшүү да өзүнчө искусство.

МОНЧОГО БАРАРДА ТӨМӨНДӨГҮЛӨРДҮ УНУТПАҢЫЗ!

  • Жүндөн же пахтадан жасалган баш кийим.
  • Желим тапичке.
  • Шейшеп же халат, сүлгү, таза ич кийим.
  • Самын, шампунь, жышынгыч.
  • Тарак, тырмак алуучу кайчы.
  • Согончок жышуучу таш.
  • Шыпыргы (чалкандан, кайыңдан, эменден жана башка).
  • Бет май, лосьон, скраб, бал, туз.

МОНЧОГО ТҮШҮҮНҮН НЕГИЗГИ ЖОЛ ЖОБОЛОРУ:

  • Тамактангандан соң 1-2 саат өткөндөн кийин гана бууга кирүү керек.
  • Спирт ичимдигин ичип кирүүгө болбойт. Анткени ичимдикке мончодогу ысык кошулуп жүрөккө жана бөйрөккө зыян алып келиши ыктымал.
  • Бууга кирердин алдында денени жылуу сууга чайкап, жылынып алыңыз. Айымдар чачын суулап, башына баш кийим кийип же сүлгү менен ороп алышы керек.
  • Бууга чейин самынданып жуунбоо керек. Себеби самын теринин ысыктан-сууктан сактоочу катмарын зыянга учуратат да, бууга киргенде тери бат кызарып, ал тургай ачышат.
  • Бууга биринчи жолу киргенде 5 мүнөт гана отуруңуз. Анан да алгач киргенде ташка суу чачпоо керек. Организм ысыкка аз-аздан көнүү керек.
  • Бууга 2-3 жолу кирүүгө болот. Ал жерде 8-12 мүнөт отуруп, сыртка чыгып 3-5 мүнөт дем алып кайра кирүү туура бууланууга кирет.
  • Буу бөлмөсүндө мурун эмес, ооз менен дем алуу зарыл. Жүрөк катуу согуп баштаса же баш айланса буу бөлмөсүнөн тез чыгып кетиңиз.

ШЫПЫРГЫНЫН ТҮРЛӨРҮ, ПАЙДАСЫ
Мончого баруу алдында өзүңүзгө кандай шыпыргы керек экенин билип алыңыз.

КАЙЫҢДАН ЖАСАЛГАН ШЫПЫРГЫ
Кайыңдан жасалган шыпыргы денеге массаж жасоого идеалдуу деп эсептелинет. Ал муун ооруларынан арылууга жардам берип, өпкөнүн иштешин жакшыртат. Мындан тышкары денени тазартып, көгөргөн же кесилген жер болсо анын бүтөлүшүн тездетет. Чылым тарткандар жана астмадан жапа чеккендер мончодо аталган шыпыргыны колдонсо жеңил, терең дем алып калышат.

ЭМЕНДЕН ЖАСАЛГАН ШЫПЫРГЫ
Эмендин жалбырагы терини жумшартпайт, тескерисинче, теринин тыгыздыгын күчөтүп, тердин бөлүнүп чыгышын жайлатат. Анын жалбырагындагы пайдалуу заттар теринин бетиндеги тешикчелерди тазалайт. Мындан тышкары сезгенүүлөрдөн жана тери ооруларынан арылууга таасири чоң.

ЧАЛКАНДАН ЖАСАЛГАН ШЫПЫРГЫ
Чалкандан жасалган шыпыргы стресстен жана муун ооруларынан арылууга жардам берет. Анан да кан басымды төмөндөтүп, кан айланууну жакшыртат. Мончодо аталган шыпыргы менен чапкылап массаж жасаса боор, бөйрөк жана тери ооруларынан дарыланып жүргөндөргө пайдасы чоң.

МОНЧОНУН ТҮРЛӨРҮ
Кеңири жайылган орус, түрк, фин мончолорунун айырмасы – алардын температурасы менен нымдуулугунда. Түрк мончосу өтө ысык жана нымдуу келет. Андагы температура 40-60 градуска, ал эми нымдуулугу 100 пайызга чыгат. Аталган мончодо керамикалык плитка жана таштар колдонулат.
Фин мончосу ысык жана кургак. Температурасы 100-120 градуска чейин жетет, ал эми нымдуулугу 4-10 пайыз эле болот. Ал эми орус мончосунун ысыгы 60 градусту, ал эми нымдуулугу 40 пайызды түзөт.
Аталган мончолордун дагы бир өзгөчөлүгү төмөндө. Орус мончосунда адамдар бири-бирин шыпыргы менен “сабап” ырахат алышса, түрк мончосунда адамды жылытылган ташка жаткырып массаж жасалат. Ал эми фин мончосу дайыма себилип турчу эфир майларынан улам жыпар жыттанып турат.

СУУСУНДУ КАНДЫРУУ ҮЧҮН...
Мончого түшкөн адамдан 0,5-1,5 литр тер бөлүнүп чыгат. Андыктан адам суусайт. Мындайда ар түрдүү чөптөрдүн тундурмасынан даярдалган чай же газдалбаган суу, квас ичүү туура. Эң жакшысы, мөмө-жемиштердин жаңы сыгылып алынган ширесин ичсеңиз суусун гана канбастан, организмге керектүү витаминдерге да ээ болосуз.

Бактыгүл Сокушова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Cholpon
2010-08-08 02:34:15
Trk monchosunun ta gana ysyk bolot negizi. ortodo chong kiramit tashyndan tegerek je burchtuu adamdyn uzanyp jatkanyna yngayluu nerse bolot. al jerde akyryndap terdep oturup gana denedegi kirler esilet. :) birok denenin kirin esip berip, juuntakandary, masajy menen Tayskiy masajdan kem kalyshpayt. akchasyn tolop berseng jakshy es alsang bolot. Orus banyalarda bolso Pivonu basyp alyp anan olgoncho shypryg menen chapkylashyp anan kypkyzyl bolup chygyp kalshyat go :)
0
№ 380, 12-18-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан