ИНДОНЕЗИЯДА АБАКТА ЖАТКАН ЖИБЕК САКЕЕВАнын ЭМГЕГИН ШААР МЭРИ САТЫП АЛДЫ

Эсиңиздерде болсо, 2010-жылдын 28-октябрында Индонезиядагы аэропорттордун биринен 21 жаштагы Жибек Сакеева аттуу мекендешибиз баңгизат менен кармалып, 12 жылга эркинен ажыратылганы тууралуу гезит бетине жарыяланган. Кыргызстандын күч түзүмдөрү ал чет өлкөлүк жарандар уюштурган баңгизаттарын ташуу менен алектенген кылмыштуу топтун курмандыгы болуп калышы мүмкүн деген пикирде. Жакында Малайзиядагы Кыргызстандын элчилигинен Индонезияга барып, бул мекендешибизден кабар алып келишти.

Биз 6 жылдан бери Индонезияда абакта жаткан Жибек Сакееванын темир тор артындагы тагдыры кандай өтүп жаткандыгын билүү максатында анын бир тууган агасы Туратбек Сакеев менен байланыштык:
– Жибек менен телефон аркылуу кээде сүйлөшүп турабыз. Көбүнчө ал апама чалат. Жакында эле 8-мартта Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин кызматкери келип кабар алып, майрамы менен куттуктап кеткенин айтты. Апам кызын сагынганда эле «барып, көрүп келем» деп чыгат. Эне болгон соң кызын сагынат да. Бир жолу Индонезияга барып, карындашымдын абалы менен таанышып келген. Апама түрмөнүн жетекчилиги «кызыңыз сынактарга активдүү катышат» деп мактаптыр. Жакында дагы барам деп жатат.
Жибек абакта өткөн көптөгөн ар кандай сынактарда жеңишке жетишиптир. Бизге сүрөттөрүн жиберип турат. Карындашыма ошол жактан бир жактоочу бекер эле жардам берип жүрөт. Алар деле карындашым ак жеринен камалып кеткенин билишет экен, бирок соттун чечими чыккандан кийин өзгөртө алышпайт тура. Жибектин айтымында, ал жакта өзүнө окшоп алданып, ак жеринен абакка отуруп калгандар көп эле.


Абак кызматкери менен Жибек Сакеева. 8-март, 2016-жыл.

Жибектин агасынан Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги мекендешибизден кабар алганын угуп, элчи Кылычбек Султанов менен байланыштык:

– Кылычбек Камчыевич, жакында эле сиз жетектеген элчиликтин кызматкерлери Индонезияга барып, Жибек Сакеева менен жолугуп келишиптир. Мекендешибиз темир тор артында кандай шартта күн кечирип жатыптыр?
– 2016-жылдын 8-мартында Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин кызматкерлери консулдук-укуктук жардам берүү максатында Индонезиянын Бандунг шаарында абакта жаткан мекендешибиз Жибек Сакеевага жолугуп, ал-акыбалы менен таанышып, аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап кайтышты. Түрмө жетекчилиги билдиргендей, ага башка айыпталуучулардай эле жакшы шарттар каралган жана жетиштүү көңүл бурулат. Абак администрациясы, Бандунг шаарынын мэриясы жана Индонезиянын Адилет министрлиги тарабынан абакта уюштурулган ар кандай маданий иш-чараларга мекендешибиз активдүү катышат экен. Биздин суранычыбыздын негизинде түрмө жетекчилиги түзөтүү абагы менен толук таанышууга, Сакееванын абалын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берди.

– Түрмөдө соттолуучулар үчүн кандай шарттар бар экен?
– Бандунг шаарында жайгашкан бул аялдар абагында бүгүнкү күндө эркинен ажыратылган 380 аял кармалат экен. Бардык камерада жуунуучу жай, мындан тышкары түрмөнүн ичинде мечит, китепкана, дүкөн жана өзүн өнүктүрүү үчүн ар кандай ийримдер бар.

– Жибек Сакеева өзү тууралуу эмнелерди билдирди?
– Жолугушуу учурунда Жибек Сакеева кызматкерлерибизге түрмөдө бардык шарттар бар экенин жана анын укугу бузулбаганын айтыптыр. Учурда араб, англис жана жергиликтүү калктын тилин суудай сүйлөп калыптыр. Ошондой эле бош убактысында бычмачылык жана кол өнөрчүлүк менен алектенет экен.



– Мекендешибиздин жаза мөөнөтүн кыскартууга мүмкүнчүлүк бар бекен?
– Түрмө жетекчилиги билдиргендей, 2015-жылдын август айында Индонезиянын Адилет министрлиги тарабынан Жибек Сакеева мунапыска илинип, жаза мөөнөтү 6 айга кыскартылыптыр. Быйыл да Индонезиянын эгемендүүлүк күнүнүн урматына абактагылардын жаза мөөнөтү 4 айга чейин кыскарышы күтүлүүдө.


– Ал эми Малайзияда баңгизат менен кармалгандарга кандай жаза колдонулат?
– Малайзияда жана коңшу жайгашкан өлкөлөрдүн баарында – Индонезия, Сингапур, Таиландда да баңгизат менен кармалгандарга өлүм жазасы колдонулат. Ошондуктан бул аймакка сапар алып жаткан кыргыз жарандарын дагы бир жолу баңгизаттан алыс болууга чакырам. Бейтааныш адамдын жүгүн алып, аларды кайсы бир жакка жеткирүүгө жардам берүүдө сак болуу керек. Анткени дээрлик бардык учурда жүктүн ичинен табылган баңгизатка тиешеси жоктугун далилдөө мүмкүн эмес. Жибектин окуясындагыдай жазанын салыштырмалуу жеңил болушу өтө сейрек көрүнүш.


– Мындан ары да мекендешибизден кабар алып турасыздарбы?
– Албетте. Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги мындан ары дагы мекендешибиздин ишин көзөмөлдөп, кабар алып, Индонезиядагы тиешелүү жетекчилик менен байланышта болуп турабыз.

«БОЁКТОР АРКЫЛУУ МЕН ӨЗҮМДҮ, ЖАН ДҮЙНӨМДҮ СҮРӨТТӨ ЧАГЫЛДЫРДЫМ»

Индонезиянын «koran-sindo» аталыштагы маалымат булагына өткөн жылы Жибек Сакеева тууралуу маалымат жарыяланган. Анда Бандунг шаарындагы айымдардын абагында ар түрдүү сынактар жана көрсөтмөлөр уюштурулуп турары, абактагы аялдар өз колунан жасалган эмгектерин сайт аркылуу жарнамалап, сатышары жазылган. Ошондой иш-чаралардын биринде мекендешибиз Жибек Сакеева тарткан «Көз жаш» аталыштагы картинаны Бандунг шаарынын мэри Ридван Камил жактырып, иш бөлмөсүнө илүү үчүн сатып алган. Ал эми жергиликтүү журналистке Жибек: «Мен кубанычтамын жана сыймыктанып жатам. Сүрөт тартуу кичинемден берки сүйүктүү ишим. Чоң көлөмдөгү тартылган алгачкы сүрөтүмдүн жыйынтыгы минтип эсте каларлык болду. Көрсө, мен тарткан сүрөттү да баалашат экен. Боёктор аркылуу мен өзүмдү, жан дүйнөмдү сүрөттө чагылдырдым»,- деген пикирин билдирген.

Мекендешибиз Жибек Сакеева тарткан «Көз жаш» аталыштагы картинаны Бандунг шаарынын мэри Ридван Камил жактырып, иш бөлмөсүнө илүү үчүн сатып алган.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (53)
krem
2016-03-23 15:31:47
волчья яма же бангкок хилтонбу же билип эле тиричилик кылганбы?
+5
Venus_22_02_86
2016-03-23 15:45:17
Кандайча алданып калды экен толугураак маалыматты кайдан тапсам болот? Апасына да жаман болуптур бала учун энелер эмнени кана кылбайт ойлосо ойунан уктаса тушунон кетпей турган болуптур
+2
Zarger59
2016-03-23 22:38:35
Эстуу кыз экен эсен аман бошонуп келсин
+1
Pakissstanka
2016-03-24 00:01:04
Кылычбек байке ото жакшы адамсыз. Бул кызды атайын барып коруп келгенинизгн Аллах раазы болсун. Биздин жеп жутарлар деле иш чаралар менен барып турса керек Индонезияга бирок бироосунун дагы оюна келбесе керек бул кыз. Сиз президент болушунуз керек Кыргызстанга. Атайын ушул кыз учун Малайзиядан барганынызга жараша интервью алганда эн сонун болмок ((
+3
elif
2016-03-24 05:58:39
Алла жардамчысы болсун!
+1
Sveta23
2016-03-24 11:35:10
Намазды да уйронуп алсын эми,жакшы болот
+3
Gulmira015
2016-03-24 14:13:07
канчалык условиясы бар болуп турса да турмо деген турмо да,аман эсен чыгып келип ал Кыргызстанга,экинчи оной акчага кызыкпа
+5
shamalchanin
2016-03-24 17:25:17
аллахым сабырдуулук берсин. Шамалдуусай кутуп жатабыз Жибек!!!
+2
kalima88
2016-03-25 22:31:22
shamalchanin,шамалдан болобу?
+1
xue
2016-03-25 04:55:35
Админ сураныч Жибек менен кандай байланышсам болот байкесинин телефон номерин жиберип кое аласыздарбы
0
xue
2016-03-25 11:37:38
Иии досум сени сагындыыым кудайга шугур Аман-эсен жакшы журот экенсин акыркы кундору тушумо да коп кирип калдын Эле админ сураныч байкесинин дарегин телефон номерин жиберип кое аласыздарбы кандай байланышсам болот
0
Metior8019
2016-03-26 11:27:30
Сабыр, Туруктуулук, бир боорум... сен женесин.
+1
xue
2016-03-26 22:15:01
Админ сураныч Туратбек Сакеев байкеси менен кандай байланышсам болот телефон номерин жиберип кое аласыздарбы жеке электрондук почтама мен Жибектин БГУ да бирге окуган курбусу болом
0
admin_superstan
2016-03-28 10:22:54
xue, саламатсызбы? Купуяңызды караңыз.
0
Umar.
2016-03-27 10:54:34
Эми кудайым озу билет ар бир пендесин ар кандай жолдор менен сынайт, бул кызда кудайдын сыноосунан отуп жаткандыр, эми мындан аркы жашоосун, жакшы болуусун кудайдан тилейли. Аамин))
0
Magusi
2016-03-27 22:33:20
Жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт.
Кудайым мындан аркы жашоосун тузоп кеткенге ыйман,ынсап берсин.
+1
Pakissstanka
2016-03-28 00:17:29
Админ ссылки берип койгулачы 2010 ж 28 октябры 416 сан экен карасам бул кыз жонундо жок го
0
admin_superstan
2016-03-28 10:13:23
Pakissstanka, саламатсызбы? http://www.super.kg/article/show/6645
0
№ 698, 18-март-24-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан