ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (21-марттан 27-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Дүйшөмбү жеке иштерди бүткөрүүгө ыңгайлуу. Эскертүүчү нерсе – агрессивдүү адамдардан оолак болуу кажет. Шейшембиде жумушта сиз анча ишеним артпаган адам жакшы кеңеши менен бөлүшүп таң калтырат. Бейшембиде чакан кечеге чакыруу аласыз. Ишембиде чарба иштери күтөт. Жекшембиде үйгө керектүү буюмдарды сатып аласыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын башында үйдө абал чыңалат. Башкалардын кызыкчылыгын эске албай, ар ким өзүнүн оюн бербей талашат. Ызы-чуу чыгарбастан бир келишимге келүүгө чакыруу кажет. Апта ортосунда майда жакшы жаңылыктарга күбө болосуз. Достордон өзгөчө сунуш да түшөт. Апта акырында жолдо абайлаңыз, кырсыкка кабылуу коркунучу бар.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада бир жакка көчүү, командировкага чыгуу көбүрөөк чыгымды талап кылат. Андыктан планды кийинкиге жылдыра туруңуз. Туура мамиле жасоо менен керектүү адамды өз тарабыңызга тарта аларыңызды унутпаңыз. Жетекчилик менен сүйлөшүүнү шаршембиге пландасаңыз утасыз. Жума күнү көптөн бери көрүшө элек туугандар төрүңүздөн орун алмакчы.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада билим алуу, юридикалык иштер, чет өлкөдөгү туугандар менен байланышуу сыяктуу көйгөйлөр башкы планга чыгат. Каржылык жаатта алдамчылыкка баруу мыйзам менен эсептешүүгө жеткирерин эске алып, таза иштөө зарыл. Буга чейин сизге чыгым тарттырган адамдар чыгымын кайтарып беришет.


АРСТАН (23.07-23.08)
Кененирээк жашоого акча тартыш болуп, баарын үнөмдөөгө туура келет. Кээ бирлер мураскорлук жааттагы маселеге туш болот. Антсе да сизде чыгармачылык ашып-ташып, оозго алынарлык иш жасайсыз. Жакын адамыңыз сизди белеги менен кубантат. Тааныштардын бири сиз тууралуу имиштерди айтып келет, ага маани берүүнүн кереги жок.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта башында чогуу иштешкендердин бир тобу сизге бөөдө жерден айып тагууга аракеттенишет. Эмоцияга алдырбай, ак экениңизди ишенимдүү түрдө билдириңиз. Апта ортосунда ичте багып жүргөн кыялыңыз ишке ашып сүйүндүрөт. Жекшембиде күтүлбөгөн окуя сизден туура чечимди талап кылып, бир топ шаштыңызды алат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада сырт келбетиңизди жагымдуу өзгөртүүгө, гардеробду жаңыртууга киришүүңүз ыктымал. Тобокел иштерди шейшембиде жылдыздар колдойт. Шаршембиде шашылыш чечимдерди кабыл албаңыз. Жыйынтыгы кубантарлык болбойт. Дем алыш күнү үйдөн тыш эс алып, ырахаттанып, чөйрөңүздү жаңы адамдар менен толуктайсыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта кечиктирбей бүткөрүлүүчү иштер менен башталат. Мисалы, унааны текшерүүдөн өткөрүү, алыстагы жакыныңызга ар тараптуу колдоо көрсөтүү... Жеке жашоодо сүйүү үч бурчтугуна кабылгандар маселенин түйүнү эмнеде жатканын анализдеп, жан дүйнө азабын тартышат. Апта аягында акчалуу болосуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта башында кыймылсыз мүлк, досторго байланыштуу көйгөй чыгат. Соода жаатында иштегендер жаңы өнөктөштөрүнө ишенич артпай, алгач сындан өткөзүүлөрү кажет. Апта ортосунда бир топ ишти муюбай бүткөрүп, кошумча акча таба аласыз. Туугандар конокко чакырышат. Апта акырында кыска сапарга чыгып, олжолуу кайтасыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада уккан жаңылыктарыңызды, маалыматтарды колдонуудан мурда иргеп, чын-төгүнүн аныктап алыңыз. Жумуштагы өзгөрүүлөр стресске кабылтуусу ыктымал. Нервди тынчтандыруучу дары чөп, чай ичиңиз же досуңуз менен жолугуп алаксыңыз. Сиз күткөн тараптан керектүү буюм-тайымдар убагында келери күтүлүүдө.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта жагымдуу окуя менен башталат. Ал күтүлбөгөн жолугушуу же бир көрүп жактырып калуу болушу мүмкүн. Акча тартыштыгына кабылбоо үчүн ири суммадагы буюм сатып албай туруңуз. Апта ортосунда жакын адамыңызды дарылатууңуз күтүлүүдө. Апта акырында үйдө эс алуу планыңызды досуңуздун ашарга чакыруусу бузушу ыктымал.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада никени же турак жайды каттоодон өткөзүү үчүн убакыт бөлөсүз. Сүйүү жаатында жаңы мамиле кургандардын айрымдары жаңылышып калгандарын сезишет. Лидерликке умтулгандар идеясы менен элдин көңүлүн бөлүп, жаңы тепкичке көтөрүлө алышат. Дем алыш күнү үйдөгү жумуштарды башкаларга да бөлүштүрүп берип, өзүңүзгө кам көрүңүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 698, 18-март-24-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан