Жамиля Ишенбаева мода тармагында иш алып барган чет өлкөлүктөрдүн көзүнө түшүп, испаниялык журналдардын жүзү болууга жетишти. Билим менен моделдик карьераны бирге алып кеткен сулуу бийкеч мындай жетишкендиктери менен башкаларга үлгү болчудай. Кыргыздан чыккан сулуулардын саналуусу гана жеткен мындай ийгиликтер бул Жамиляда «Супер-Инфо» гезити уюштурган «Супер сулуу» сынагынан старт алган.
Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 26-март
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – КУУнун кыргыз-европа факультетинде 4-курста окуйт
Бою – 173 см
Салмагы – 53 кг
Параметри – 85-60-90
Жетишкендиктери – «Супер сулуу-2009», «Азиянын супер модели. Кыргызстан-2011», «Дүйнөлүк туризм сулуусу-2011», «КУУнун сулуусу-2013»
– Жамиля, Испанияда окуп да, модель да болуп кантип жетишип жаттың?
– Негизи, мен жөн жүрө албайм. Жашоом кызыктуу окуялар менен коштолуп турушу керек. Испанияга мен окуган окуу жайдын билимди тереңдетүү максатында уюштурулган программасы аркылуу баргам. Ал жакта чогуу окуган бир бала мени карап, «башкачасың, сулуусуң» деп суктана берчү. Ал мода индустриясында иштеген досуна мен жөнүндө айтып, кулагына куя берчү экен. Ошол досу «жакында мода жумасы болот» деп кастингге чакырып калды. Келбетим башкалардан өзгөчөлөнүп тургандыктан кастингден өткөм. Камеранын алдында иштегеним фотографтарга жагып, «Life Magazine», «Summer» деген журналдардын биринчи бетине чыккам. Кыргызстанда ал сүрөттү жакшы кабыл алышкан жок. Интернеттеги баракчама ошол сүрөттүн алдына толтура жаман комментарийлерди жазышты. Эгер сен фотосессияда бир бала менен кучакташып түшүп койсоң, жашоодо да аны менен кучакташып жүрөт деп ойлоп калышат экен. Образ деген нерсе бар. Сага жаман кыздын образын көрсөт десе, ошону аткара бересиң. Ал эми жашоодо жөнөкөй, түз жолдо жүргөн кызмын. Ошондуктан эл образ менен жеке турмушту айырмалай билишсе жакшы болмок.
– Ал жакта калып, карьераңды улантууну каалаган жоксуңбу?
– Испанияда моделдик агенттиктер келишим түзүүнү сунушташкан. Окуумду узартып, ал жактан улантуу мүмкүнчүлүгүм бар болчу, бирок ата-энем чакырып алышты. Анын үстүнө быйыл окуумду аяктамакмын. Буюрса, кызыл дипломумду колума алам.
Жакында Дубайга барып Херш Чада (ред. кыргыз студенти Талгат Субаналиев дал ушул фотографтын сынагын жеңип, Антарктидага саякаттап келген) деген фотограф менен 10 күн фотосессия кылып, ийгиликтүү иштешип келдим.
– «Супер сулуу» сынагы сага ийгиликке көпүрө боло алдыбы?
– Албетте. Анткени аталган сынак мен катышкан сулуулар сынактарынын алгачкысы болгон. Өспүрүм курактагы бул жеңишим өзүмө болгон ишенимди арттырган. Кыялыңа умтула берсең, баары орундалат экен деген ойдо калгам. Бул сынактан кийин элге таанылып, ырчылар клиптерине тартылууну сунуштай башташты. Ошентип ийгилик өзүнөн-өзү уланып кете берди. «Супер сулуу» сынагын жеңгенден кийин ийгиликтерге жол ачылды.
– Жакында интернет баракчаңа «мени берилип, чын дилинен сүйгөн адам сен болдуң» деп жазган элең. Жеке жашооңдо абал жакшы окшойт...
– Ал казакстандык жигит. Аны менен дос катары эле сүйлөшөм. Бардык майрамдарда белегин жөнөтүп турат. Досторума мен тууралуу «ал бөлөкчө жан» деп айтат экен. Азыр жигитим жок, өзүмдүн адамымды таба элекмин.
– Ал казак актёру, телеалпаруучу Тауекел Мусилим эмеспи?
– Жок, ал башка жигит. Мурда Тауекел менен мамиле курганым жазылганда көбү пиар деп ойлошкон. Кайдагы пиар, биз чын эле сүйлөшчүбүз. Бизди интернет табыштырган. Ортобузда сезимдер болгон. Мен Испанияга кетип жатканда Тауекел сериалга тартылып бошобой калгандыктан коштошпой калганбыз. Ал «1 жылга кетип жатсаң эмнеге коштошпойсуң?» деп экөөбүз урушуп жүрүп сүйлөшпөй калдык.
– Казак кыздары ал жигит менен сүйлөшүп жүргөнүңдө сенден аны аябай кызганышкан экен...
– Аларды түшүнсө болот, жаман көрсө да жарашат. Мен деле келишимдүү кыргыз жигити казак кызы менен сүйлөшүп жатса, кыргыздан кыз табылбай калдыбы деп айтмакмын. Бирок «сымбаттуу жигит каяктагы кыргыз кызын таап алган?» деп жаткан казактарга биздин кыргыздар да кошулуп алып жамандаганы күйгүзбөдүбү. Башында түтөп, аларга жооп кайтарып жүрдүм.
– Убагында айтылбай калган сөздөргө кыжалат болосуңбу?
– Ооба, мисалы, апама жооп кайтарганда ал дароо «айтышпа» дейт. Мен болсо өзүмдүн оюмду жеткиргим келет. Оюмду айтпай калганымда ичимден буулугуп, жаман болуп кетем. Менимче, адам өз оюн сөзсүз билдириши керек.
– Интернетке кирбей канча убакыт жашай аласың?
– Бир да күн жашай албайт болушум керек. Азыр интернет биз үчүн бардыгы болуп калбадыбы. Ойгонуп алып эле дароо интернетке киребиз. Мен ансыз жүрө бермекмин, бирок интернетке кирбей калган маалда эл жаман нерселерди жазып салышабы деп корком. Айтылган сөздөрдү жүрөккө жакын кабыл алам. Ал жакта менин тааныштарым, сиңдилерим да болгондуктан негативдүү комментарийлерди алар көргүчө өчүрүп салышым керек. Туугандарым мен тууралуу ушак сөздөрдү угушун каалабайм.
– Эрте турмуш курууга көз карашың...
– Эрте турмуш курган деле жакшы. Балдарың эрте чоңоёт. Бирок эрте баш кошкондор бат эле ажырашып жатканын көп көрүп жатам. Кыздар башка балдар менен сүйлөшпөй тийип алып «жинди экенмин, мунун жаман бала экенин билбептирмин» деп өкүнүп отуруп калышат. Мен жок дегенде эки адам менен сүйлөшүп, аларды салыштырып көрүш керек деп ойлойм. Мурда 22-23 жашымда күйөөгө тийгим келсе, бул куракка келип калгандан бери 24-25 деп улам жылып баратат (күлүп). Мен карьеранын артынан куубайм. Эгер жакшы адам табылып калса, азыр деле турмуш курууга даярмын.
– Жарандык нике азыркы жашоонун жетишкендигиби же көйгөйүбү?
– Көптөргө менин ой-пикирим жакпайт болуш керек. Бирок мен жарандык никени туура эмес деп эсептебейм. Албетте, ал биздин менталитетке туура келбейт. Ошондуктан аны жаман жорук катары кабыл алышат. Бир четинен караганда, жарандык никеге тургандар бири-бирин таанып жатышат да. Анткени турмуш деген башка нерсе. Сүйлөшүп жүргөндөгү «конфет-букет» маалы эмес. Эгер жарандык нике кеңири жайылса, ажырашуулар аз болмок деп ойлойм. Бирок мен эч качан антип жашамак эмесмин. Себеби мени ата-энем ушундай тарбиялашкан.
Динара Абдыкадырова
(Сүрөттөр Жамиля Ишенбаеванын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg