ОҢ КОЛУҢДУН АЧУУСУН СОЛ КОЛУҢ МЕНЕН БАС! ЖЕ КАНТИП ЖАҢЖАЛДЫН АЛДЫН АЛУУГА БОЛОТ?

Үй-бүлөлүк келишпестиктен улам чыр-чатактар келип чыгып, араздашуулар өлүм менен аяктаган окуялар көп кездешүүдө. Жакында Алай районунда да аял-эркек ортосундагы араздашуу 1 аялдын өлүмүнө алып келди. Дегеле ушул маселе тууралуу коом кандай пикирде, кеп козгомокчубуз.


«ЖУБАЙЛАР ЖАРАНДЫК НИКЕДЕ ЖАШАШКАН»
Ушул жылдын 2-мартында Алай районунда 55-60 жаштардагы адам жарандык никеде жашаган аялын бычактап, андан соң өзүнө-өзү кол салган. Ош ОИИББинин маалымат кызматкери ЖАННА САТАРБАЕВА бул тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Алай РИИБине белгисиз адам аялына, андан соң өзүнө кол салгандыгы тууралуу Гүлчө айылынын тургундарынан билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, жаңжалдын чоо-жайын иликтешти. 2-март күнү 47 жаштагы Элмира Орунбаева аттуу Гүлчө айылынын тургуну 59 жаштагы жарандык никедеги күйөөсүнүн үстүнөн укук коргоо кызматкерлерине арыз жазам деп райондук прокуратурага келет. Күйөөсү ошол учурда артынан келип уруш чыгарып, прокуратуранын алдынан аялдын бөйрөк жана өпкө тушуна эки ирет бычак сайган. Күйөөсү кылган ишинен улам коркуп кетип өзүнүн да жүрөк тушуна бычак сайган. Окуяга күбөлөр «Тез жардам» чакырган. Тилекке каршы, Элмира Орунбаева райондук ооруканага жетпей көз жумган. Ал эми 59 жаштагы кылмышка шектүү Д.М. райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Эки баланын энеси маркум Элмира Орунбаева райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыканасында фармацевт болуп иштеген. Кылмышка шектүү болсо пенсионер, 9 баланын атасы.



«ЭКИ БАЛАСЫ ТОМОЛОЙ ЖЕТИМ КАЛДЫ»
Алай райондук ооруканасына байланышып, шектүүнүн абалын сурасак, дарыгерлер анын ден соолугу турукташып калгандыгын билдиришти. Элмира Орунбаеванын кесиптеши Хабиба маркум тууралуу буларга токтолду:
– Элмира жумушуна так, маданияттуу, билимдүү аял болчу. Бир туугандары да көп, андыктан жашоо шарты жаман болчу дебейм. 2 уулду тарбиялап өстүргөн, бири Орусияда иштесе, кичүүсү студент. Ал кылмышка шектелип жаткан киши менен жарандык никеде болчу. Жеке жашоосу тууралуу ашыкча кеп кылчу эмес. Балдарынын атасы каза болуп калган. Эки уулу атасынан айрылганы аз келгенсип, эми томолой жетим калышты.

ДАГЫ ДА ҮРӨЙ УЧУРГАН ФАКТЫЛАР
Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Чалдыбар айылында да жубайлар уруша кетип, аялы күйөөсүн бычактап салган. Чүй ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, окуя 7-мартта кечки саат 9дар чамасында болгон. Анда жубайлар үйүндө спирт ичимдигин ичип отурушуп, ошол жерден экөөнүн ортосунда уруш чыгып, 30 жаштагы аялы 45 жаштагы күйөөсүн ашкана бычагы менен сайып жиберген. Натыйжада күйөөсү жаракат алып, Панфилов райондук ооруканасына жеткирилген.
5-февраль күнү Нарын шаарында 26 жаштагы Райымбек Жумакунов 21 жаштагы келинчеги Нургүл Руслан кызынын иштеген жерине сүйлөшүүгө келет. Буга чейин жубайлар ортосундагы таарыныч ажырашууга жетип калган экен. Жигит даярдай келген бензинди келинчегине жана өзүнө чачып, өрт койгон. Күйүктөн алган жаракаттарынан улам 8-февраль күнү Нургүл Руслан кызы, 15-февралда Райымбек Жумакунов ооруканадан көз жумган. 
21-февраль күнү Түп районунун Байзак айылындагы үйлөрдүн биринен жубайлардын жансыз денеси табылган. Маркумдардын бири 32 жаштагы Зарина Кусеинованы 39 жаштагы күйөөсү Мирлан Арыков отургучтун буту менен сабап өлтүрүп алган. Тергөөчү Адилет Кечибаев: «Маркум Арыков экөөнүн ортосундагы жаңжалдан улам аялын өлтүрүп алган. Чамасы жоопкерчиликтен корккон, өлүктү бекитип, өзү сарайга барып асынып алган»,- деп билдирди.

«АЧУУЛАНУУНУН КЕСЕПЕТИН ОЙЛОЙ ЖҮРҮШ КЕРЕК»
Жубайлар ортосундагы конфликттин башкы себептери эмне? Аларды кантип алдын алууга болот? Бул суроолорго жооп катарды коомдук пикирге орун беребиз. ЗАРЫЛ АБДРАХМАНОВА, 73 жашта. Абышкасынын көзү өтүп кеткенче 45 жыл чогуу жашашкан:
– Аял-эркек, үй-бүлө маселесине адамзаты олуттуу мамиле жасоону унутту. Адам орточо 70 жыл жашаса, анын 50 жылын өмүрлүк жары менен өткөрөт. Өмүр бою бирге түтүн булата турган жубайлардын ортосунда күндө талаш, күндө чуу болсо, ушул дагы жашообу, айланайындар? Силерден алган балдарыңардын тарбиясы кайсы? Адамзатынын башаты – бул үй-бүлө. Очогу бузулган үй-бүлөдөн оорулуу коом жаралат. Аял дагы, эркек дагы бири-биринин көңүлүн эч качан калтырбашы керек. Көңүл калуу өтө коркунучтуу. Мунун аягы сөзсүз ажырашуу же илең-салаң жашоо менен аяктайт. Илгери жаш үй-бүлөлөр улуу адамдардан үлгү алып, уят-сыйыт дегенди билчү эле. Азыркылар шымаланып эле аял-эркек дебей бири-бирине кол салат экен. Эркекке кол көтөргөн аял шерменде эле болот. Ал эми аялын сабаган эркекти эркек деп эсептебей деле койгон оң. 




«АР БИРИБИЗ ҮЛГҮ БОЛОЛУ»
Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын солисти КУТМАН ЖОЛДОШЕВ:
– Жубайлар ортосунда эң негизгиси сый болуш керек. Үй-бүлө болгондон кийин жашоо зымга тизгендей болбойт. Сөзсүз ыр-чыр болот. Бирок адам сабырдуу болуп, оң колунун ачуусун сол колу менен басышы керек. Аялзаты ачуулуу, жеңил, өйдө-ылдый сүйлөп, эркектин ачуусуна тийип чыдамсыз болсо, эркеги сабырдуу болсун. Эгер эркек ачууланып, үй-бүлөсүн каарып жатса, аял унчукпай коюш керек. Экөө тең болгон ачуусун агытса, ортодо балдар эле жабыркайт. Ата-эне өздөрүнүн каталарын балдары кайталабашы үчүн эч качан балдардын көзүнчө урушпашы кажет.
Ар бир тармактагы адам өз катмарына үлгү болуш керек. Мисалы, биз, маданият кызматкерлери ырдап гана тим болбостон, маданияттуу жүрүм-турум менен коомго үлгү болушубуз керек. Себеби жогорудагы окуялар бир эле уруунун же айылдын эмес, бүтүндөй улуттун трагедиясы болуп жатат.


ПСИХОЛОГДУН КЕҢЕШИ:
Клиникалык психолог ПЕРИЗАТ АСЫЛБАЕВА:
«КООМДО НЕГАТИВ АНСЫЗ ДЕЛЕ ЖЕТИШТҮҮ»ЖУБАЙЛАР ОРТОСУНДАГЫ КОНФЛИКТ АЗ БОЛУШУ ҮЧҮН 3 НЕРСЕНИ ЭСКЕ АЛЫШ КЕРЕК:

  1. Тарбия. Бала уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат.
  2. Түгөйлөр бирин-бири баалап, сыйлай билиши зарыл.
  3. Колдон келсе үй-бүлөнү пландоо, ар бир кадамды анализдөө керек.



Жаңжал чыкты, түгөйлөр ортосунда жарака кетти деп коёлу. Ырбатпаш үчүн төмөнкүдөй кадамдарды экөө тең жасаганы дурус. 

  1. Үй-бүлөдө аялбы, эркекпи, таап келген кирешесин «меники, сеники» деп бөлүшпөшү керек. Ал жалпы мүлк катары болсун. Көбүнчө аялдар компромисске келгени биздин менталитет үчүн туурараак. Акылсыздардан сырткары аялдарды акылдуу жана акылман деп экиге бөлүшөт. Акылдуулары акчаны көп табат, үй-бүлөсүн багат. Бирок ошого жараша ал артыкчылыгын күйөөсүнүн эсине салып турат. Бул нерсе эркек кишини кыжырдантат. Ал эми акылман аял болсо тапкан каражатын «биздики, чогуу пайдаланабыз, сенин жардамың менен ийгиликке жетишип жатам» деген сөздөр менен «кооздой» жүрөт. Бул учурда гендердик теңдүүлүк да сакталат.
  2. Аялбы, эркекпи, жумушунан тил угуп же көчөдөн маанайы пас келсе, ачуусун үй-бүлө мүчөлөрүнөн чыгарары бышык. Бул учурда арылдашып урушуп жатып калбай, тил табышууга аракет кылыш керек. Жылуу сөздөр менен колдоо көрсөтүү жакшы табылга болот.
  3. Азыр бардык жерде заманга жараша негатив басымдуулук кылып калды. Жагымсыз жагдайлар үйдө эле эмес, башка жактарда деле жетиштүү. Андыктан адам иштен же башка жактан үйгө кайтып келе жатканда балдардын бактысына чөмүлүү, таза үй, даяр тамак, жагымдуу сөздөрдү, комфортту эңсеп келет. Эгер жубайлар же башка үй-бүлө мүчөлөрү бири-бирине ушундай жакшы нерселерди тартуулап турса, кайгылуу окуялар азыраак болмок.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Үй-бүлөдөгү чыр-чатактын өлүм менен аякташына эмне себеп?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
suluushka.kg
2016-03-21 16:32:41
Кудай озун сактай кор. Баарына ыйман бер...
+1
DUNI
2016-03-23 14:59:42
Ноокатта дагы ушундай окуя болуп отту,каттуу урган экен куйоо соорой ортодогу балдарга эле кыйын
0
Gulmira015
2016-03-24 13:45:49
акыркы убакта жанылыктарды да окугум келбей калды,олтуруп кетти,тоноп кетти,зордуктап кетти ж.б.
+1
№ 698, 18-март-24-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан