«Куудул Борончу Кудайбергеновго Тынар Курбаналиев бут тосуп, концерттерине эл келбей жатат»,- деп куудулдун күйөрмандары бизге кат жөнөтүшүптүр. 5 жыл бирге иштешкен эки куудулдун талашына кызыгып, аларга байланышып көрдүк.
Борончу Кудайбергенов: – 50 жылдыгыма карата концерт берем деп 1 ай мурун түштүк жергесине жарнамаларымды илип, гастролду Баткен облусунан баштагам. Ал жактан эл жакшы келип, концертим ийгиликтүү өтүп жатты. Ош, Жалал-Абад облустарына келгенде эле эл азайып, айрым жерлерде үзгүлтүккө учурады. Себеби мен концерт берчү аймактарга Тынар менен Рахман бакыйтып афиша илип, концертин менден мурун же кийин коё башташты. Алар келген жерлерде мага эл келбей, концертимди токтотууга аргасыз болдум. Булар барбаган райондордо концертим аншлаг менен өтүп жатты. Рахман байкеге жолугуп, «Аксакал, бул эмне кылганыңар? Шакирттериңизге айтып койбойсузбу» десем, «уюштуруучу ушундай коюп жатат, мен концертке катышпайм» деп койду. Катышпайт экен десем, Тынарларга кошулуп сатира ойноп эле жатат. Менин оюмча, Тынар Борончу менден бөлүнгөндөн кийин анын концертине эл келбейт деген ойду билдирейин деп жатат. Угушумча, алар менин апрель айынын башында Ош шаарында өтө турчу концертимди үзгүлтүккө учуратуунун амалын ойлоп жатышыптыр. Мындай тескери жорукту башкадан күтсөм да, Тынардан күткөн эмесмин. Мага бийлик эмес, Тынар бут тосуп жатат.
Куудулдун бул таарынычын уккандан кийин ТЫНАР КУРБАНАЛИЕВге байланышсак:
– Кыргызстан кичине болсо эмне кылалы, бирөө тиричилик кылып алсын деп жатып алалыбы? Мен Баткенде 3 ай мурун концерт берип, аншлаг менен өткөн. Борончунун концерти Баткенде деле жакшы болбоптур. Буга да мен күнөөлүүмүнбү? Ал Ноокатта концерт берип жатканын угуп, жаман ойлобосун деп мен башка айылына концерт берсем, аябай жакшы өттү. Борончунун Ноокаттагы концертине 30 чакты эле киши келиптир. Ага ким күнөөлүү? Күнөөнү ар бирибиз өзүбүздөн издесек,- деген жооп кайтарды.