«ТЕАТРЛАР ТАЙМАШЫ» АКТЁРЛОРДУ НААРАЗЫ КЫЛДЫ

11-март күнү Кыргыз улуттук академиялык драма театрында «Театрлар таймашы» сынагы болуп өттү. Анда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры менен Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын актёрлору өнөрлөрүн көрсөтүшүп, Чүй облустук театры жеңишке жетишти. Бул таймаш адилетсиз өткөнү тууралуу «Дем» театрынын актёру Жеңиш Кангелдиев: «Мындай долбоордун кимге кереги бар? Артисттерди айтпаганда залдагы көрүүчүлөр калыстардын чечимине кошулбайт. Таймаш аяктагандан кийин талкууга калыстардын айрымдары катышпай качып кетишкен имиш. Ай, жок дегенде ушул театрда «политика» кылбагылачы!»- деп Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Таймаштын жүрүшү тууралуу билели деп Кыргыз драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы АЛТЫНАЙ ТЕМИРОВАГА кайрылдык.
– Калыстар калыс боло албаганына ал күнү бүт зал күбө болду. Эң башкысы, биздин жаш профессионал артисттер бүт көрүүчүлөрдүн урмат-сыйына ээ болгону зор жеңиш. Актёрлорубуз аткаруу манерасы, чеберчилиги, образдардын терең чечмелениши, ансамбль жагынан өзгөчөлөнгөнүн көрүүчүлөр эч качан унутушпайт. Анткени ал күнкү таймаштын баарын, фойедеги флешмоб, сахнадагы декорациялардан бери оригиналдуу кылып Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Козукеев даярдаган болчу.


Ал эми Чүй облустук театрынын директору Орозбек Айдаров атаандаштарынын оюна кошулбастыгын айтты:
– Калыстар тобунда Жаныш Кулманбетов, Назира Мамбетова баштаган профессионалдар отурушту. Кыргыз драма театрынын актёрлору Чүй театрынын имараты жок болсо, мындай даярдык менен келет деп күтүшпөсө керек. Аталган театрдын көркөм жетекчиси, директору менен сүйлөшсөм, «аябай жакшы даярданыпсыңар» деди. Бул жерде «жеңилген күрөшкө тойбойт» болуп жатат окшойт.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
konsilium
2016-03-22 13:02:21
Сынак болгондон кийин бири женет бири женилет.Анан эми ушул жерде да политиканы кошо койгондорун.кыргыз драм театры баары бир биз женебиз деп ойлошкон го.Сахнаны жасагандарына ичтери ачышып калышыптыр да.
+5
№ 698, 18-март-24-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан