КАРЛИК БАК ОТУРГУЗСАҢЫЗ УТУЛБАЙСЫЗ

Акыркы кезде жапыз бойлуу (карлик) жана жарым жапыз бойлуу бактар дүйнөдө кеңири кулач жаюуда. Алар чарбакта эле эмес, фермердик чарбаларда да өстүрүлүп, популярдуулугу артууда. Ал тургай кээ бир өлкөлөрдө көп аянтты ээлегендиктен жана түшүмүн кеч бергендиктен, бийик өскөн бактарды өстүрүүнү токтотушкан. Себеби бийик өскөн 4 бак отургузулган жерге жапыз өскөн 16 бак отургузууга болот экен. Жапыз бойлуу бактар кадимки бактардан эмнеси менен айырмаланарына кызыгып көрдүк.

ЖАПЫЗ БОЙЛУУ МӨМӨЛҮҮ ДАРАКТАР:
Жапыз жана жарым жапыз бойлуу мөмөлүү дарактардын негизгилерине алма, алмурут, алча, кара өрүк, өрүк, шабдалы, кокон гилас кирет.



АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:

  • Көлөмү кичине болгондуктан аянтка көп көчөт отургузууга болот.
  • Тез жетилип, эрте түшүм бере баштайт.
  • Жогорку түшүмдүүлүгү.
  • Мөмөсүнүн жогорку сапатта болушу.
  • Бою жапыз болгондуктан кыркуу, дарылоо, жемишин терүү оңой.
  • Ошондуктан негизги азыктар бутактарына эмес, жемишинин калыптанышына жумшалат.
  • Тамыры өтө тереңге кетпегендиктен жер астындагы суу жакын жайгашкан жерлерге да отургузууга болот.
  • Жердин үстүнкү бетине жакын жайгашкан тамыры жер семирткич жана сууну жакшы сиңирет.
  • Жер семирткичти аз талап кылат.

КЕМЧИЛИКТЕРИ:

  • Жапыз жана жарым жапыз бактардын өмүрү кыска келет (орточо 20 жыл мөмө берет).
  • Кээ бир сорттору суукка чыдамсыз болот.
  • Бак кичинекей болгондуктан мөмөсүнүн салмагын көтөрө албай сынып кетиши мүмкүн.
  • Бак кулап же бутактары сынып калбашы үчүн тирөөчтөрдү коюуга туура келет.
  • Туура эмес же өтө терең отургузуп салганда сортун жоготуп коюшу мүмкүн.
  • Көңүл буруп, бутап, тез-тез сугарып, жер семирткичтер менен азыктандырып туруу талап кылынат. Бутоо мөмөлөрүн көтөрө албай сынып жана көп мөмө байлап майдаланып кетпеши үчүн керек.

БАКТЫН ӨМҮРҮН ЭМНЕ УЗАРТАТ?

ОТУРГУЗУУ

  • Көчөт отургузулуучу чуңкурдун тереңдигин 50, диаметрин 70 сантиметр кылган туура.
  • Чириген кык салынган чуңкурга көчөттү салып, кыйыштырылган жерин көмбөгүдөй кылып көмөсүз.
  • Көчөттү көмүүдө алгач үстүнөн алынган топуракты, андан соң астынан алынган топуракты салган туура.
  • Отургузган соң жакшы сугаруу керек

БАГУУ

  • Жалбырак алган көчөттү мочевина менен 2 жумада бир сугарып туруңуз.
  • Жай ортосунда фосфор-калий жер семирткичин берип койсоңуз болот.
  • Жайында жумасына бир ирет сугаруу керектелет. Сугаргандан кийин көчөттүн түбүн жумшартып коюу оң.
  • Жайында 2 жолу азыктандыруу зарыл. Тооктун кыгын 1:20, малдын кыгын 1:10 өлчөмүндө сууга аралаштырып берсеңиз болот.
  • Жылына бир жолу курт-кумурскаларга жана ооруларга каршы дары себүү керектелет.



«ОТУРГУЗГАН ЖЫЛЫ ДЕЛЕ ТҮШҮМ БЕРЕ БЕРИШИ МҮМКҮН»
«Азра жемиштери» жашылдандыруу компаниясынын кызматкери Нурлан Мамбеталиев бул бактар тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Биз Польша менен Сербиядан жарым жапыз мөмө берүүчү бактардын көчөттөрүн алып келгенбиз. 2 жыл мурун Талас облусуна 2 гектар, былтыр Чүйгө 50 гектар аянтка жарым жапыз жемиштердин түрлөрүн отургузганбыз. Таласка отургузулган бактар былтыр алгачкы мөмөлөрүн берди. Алма, алмурут, кара өрүк, кокон гиластын көчөттөрү бар. Алмалардын айдаред, голден делишес, ред чиф, гала маст жана гренни смит деген сорттору бар. Бул сорттор -30 градус суукка чыдамдуу, Кыргызстандын тоолуу, өтө суук аймактарынан башка жерлердин баарына өсө берет.
Кадимки мөмөлүү бактардан жапыз жана жарым жапыз бактар отургузгандан кийинки жылы эле түшүм берүүсү менен өзгөчөлөнөт. Кадимки алма бактары бир жылы жакшы түшүм берип, кийинки жылы жакшы түшүм бербейт эмеспи. Ал эми бул бактар эс албай жыл сайын түшүм бере берет. Отургузган жылы деле түшүм бериши мүмкүн, бирок жакшысы гүлүн күүп салуу керек. Себеби биринчи жылдары бутактары назик болуп, мөмөсүн көтөрө албай сынып калышы ыктымал.

Эми мисалга, бир гектарга отургузулган жапыз бойлуу алманын минималдуу пайдасын эсептеп көрсөк: 1 гектарга 3 миң даана түп алма отургузулду дейли, ар бир түбү 10 килограммдан түшүм бергенде эле 30 тонна түшүм аласыз. Килограммын 30 сомдон сатсаңыз 900 миң сом болот. Мына, окурман, жакшы карасаңыз бакка короткон чыгымыңызды сиз 2 же 3 жылда актап, аз эмес пайда да таап алсаңыз болот.

Маалымат боюнча (0706) 44-66-66, (0772) 66-66-44 номерлерине кайрылсаңыздар болот


Республика-Ата Журт" партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановдун интернет баракчасына жүктөгөн сүрөттөрүнө караганда, ал да жапыз бойлуу бактарды сүйүүчүлөрдүн катарына кирет.

Нурбек Абдыкадыров
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Карлик бак отургузулган жылдан баштап эле түшүм берет
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Siren90
2016-03-21 10:08:47
Тоолуу кышы суук болгон Тогуз-Торого өстүрсө болбойбу анда, бир жолу бардыр билип бериңиздерчи сураныч.
0
AlbertEnshtein
2016-03-23 01:14:34
Siren90, жылуулап жай даярдаш керек. Теплица. Орусияда деле остуруп жатышпайбы. 9ай каар жаткан жакта.
0
Urmat_83
2016-03-21 10:45:08
Жакшы бизнес.Акчам коп болгондо ойлонбой баштамакмын ушу бизнести
+2
afonia8282
2016-03-21 11:50:57
Урматтуу админ..,бул кочотторду кайдан алса болот ..,Ушул жонундо маалымат берип койунуздарчы..,жана канчадан
0
admin_jarnama
2016-04-05 15:06:53
afonia8282,
Горький көч. менен Элебаев көч. кесилиши. Тел.: 0772 66 66 44, 0706 44 66 66
0
Sezim.A
2016-03-21 12:11:09
Азыр сезону эмеспи кочот отургузуунун,ошого сураныч Ошто барбы ушул кочотту сатып алуу мумкунчулугу болсо кандай байланышса болот билип бериниздерчи,алдын ала ыраазычылык билдиремин.
+1
Rec_01
2016-03-21 12:42:00
Sezim.A, afonia8282, гезит бетинде астында рекламасы бар. 0772666644, 0706446666, 0312896307
0
afonia8282
2016-03-21 19:17:09
Rec_01,Рахмат....Бул азра жемиштери компаниясы турбайбы..интер.бар экен..
0
cholpontolgongylyn
2016-03-21 13:34:52
Мындай кочоттор тез эле тушум бербей калат деп уккан элек,ошол чынбы?Эгер андай болбосо ото кирешелуу бизнес болмок.
0
aichurok5
2016-03-21 18:01:34
cholpontolgongylyn,20жыл нормально элего дейм
0
deva
2016-03-21 17:42:43
Бабановдун кармаган багында 40тай алма бар экен санап чыктым! Тергенге да оңой экен э?
+2
aichurok5
2016-03-21 17:56:46
Алма кочотунун баасын да айтып койбоптурда?
0
marmara
2016-03-21 23:00:26
aichurok5,кочот баалары 1 жылдык кочот 150-160,2 жылдык кочот 250 сом болот.Сортторуна карата да бир аз айырмачылык болот.
0
umut87
2016-03-22 23:24:01
эрте бышкан сорту кайсы болду экен билгендер жазып койгулачы
0
Jazi89
2016-03-24 21:16:03
Жегим келип кетти
0
Aidai5555
2016-03-27 00:48:37
/Отургузган жылы деле түшүм бериши мүмкүн, бирок жакшысы гүлүн күүп салуу керек./

"Күүп" дебей, "күбүп" десе туура болот.
0
Асылжан
2016-03-28 10:41:03
Aidai5555, туура айтасыз, күбүп деп да колдонулат башкача айтканда экөөнү тен колдоно берсек болот го. Мындай кыскартылган сөздөр кыргыз тилинде көп да. Баратат, келатат, алпаруучу, көздү жуумп деген сыяктуу. Негизгиси сөздүн мааниси өзгөрбөсө болду.
0
Kara-balta
2016-06-28 00:03:27
Жакшы екен
0
Kara-balta
2016-07-01 01:57:08
Ыссык жерде кандай болот екен. Бул карлик алмалары бизде к-балтада еккендер бар бекен
0
CHOTON_86
2017-02-26 02:03:12
Бедеге отургузса болот бекен, ким билет?
0
emilbek7979
2017-03-22 05:03:00
Жалал Абадта барбы бул кочоттор
0
№ 698, 18-март-24-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан