УЛУГБЕК ОРМОНОВ, ЖКнын “Ак жол” фракциясынын лидери: “МЕН УЙГУРЛАРДЫН “КРЫШАСЫ” ЭМЕСМИН”

Бейне

Белгилүү, белдүү инсандарыбыз менен жакындан таанышуу баарыбызга кызык болсо керек. Биздин «Бейне» рубрикабыздын төрүндө ЖКдагы “Ак жол” фракциясынын лидери Улугбек Зулпукарович болмокчу.

ЭЛ ӨКҮЛҮ ТУУРАЛУУ

  • 1963-жылы 3-декабрда Өзгөн районунун Кеңеш айылында төрөлгөн.
  • 8 бир туугандын бешинчиси.
  • Орусиянын Воронеж шаарындагы Политехникалык институтту бүтүргөн.
  • Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.
  • ЖКнын 2 жолку чакырылышынын депутаты.
  • Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.

– Саламатсызбы, Улугбек мырза, алгач маегибизди окуучулук мезгилдерди эске салуу менен баштасак...
– Мен мектепке жашым жете электе баргам. Ал кезде окуу башталарда мугалимдер үймө-үй кыдырып, окуй турган балдарды тизмелечү эмес беле? Мени да жашым жете электе мугалимдер каттап кетишкен. Ошентип, 1970-жылы улуу эжекемдин коштоосунда мектеп босогосун аттагам. 1-класска киргенде боюм аябай кичинекей болгондуктан, эжейим алдыңкы партага отургузуп койгон. Алдыга отурганданбы, мектепте 1-классты жакшы окудум. Андан кийин да 10ду бүткөнчө мактоо менен окугам. Мен эле эмес, биздин бир туугандар башкаларга үлгү болуп, баарыбыз жакшы окудук. Ширин күндөрдүн кучагында өткөн бала чагым Ош облусунун Өзгөн районундагы Кеңеш айылында калды.
– Баарыбыз дедиңиз, канча бир туугансыз, кимиси менен жакынсыз?
– Мен көп балалуу бүлөдө чоңойдум. Биз сегиз бир тууганбыз, мен бешинчисимин. Бир туугандарымдын баары менен жакшымын, алардан бирөөнү да бөлүп карабайм. Атам Зулпукар, апам Майракан билимдүү кишилер болушкан. Экөө балдарынын жогорку билимдүү болушуна бардык аракеттерин жумшап, жакшы шарт түзүп беришти. Канчалык кыйналышса да бизди окутушту. Балдары удаа болгондуктан, үйүбүздө бир учурда беш студент болгон күндөр өткөн. Ошого чыдап окуткан ата-энеме ыраазымын.
– Бала чагыңызды сагынасызбы?
– Миң сагынсак да, ал күндөр кайрылып келбейт экен. Өзгөчө окуучулук күндөрүмдү, досторумду сагынам. Бала кезде кинодон кимди көрсөң ошондой болгуң келип, ойносоң да ошол каармандын кейпин кийип алат эмессиңби. Менин чачым кичинемде сары болчу. Балдар “орус” деп коюшчу. Ойногондо дагы жанагы “Төрт танкист жана ит” деген кинодогу Яниктин образын жаратчумун. Берки досторум дагы башка каармандардын атын алышып, кудум ошол кинону өзүбүз аткарып жаткансып ойноор элек. Айтор, кызыктуу күндөр көп болгон.
– Дос балдарым деп калдыңыз, достукка ишенесизби?
– Албетте, ишенем. Баарынан бала кездеги достордун достугу бекем болот экен. Буга бир мисал, 2005-жылы №38-бир мандаттуу Жазы шайлоо округунан ЖКнын депутаттыгына талапкерлигимди койдум. Ошондо бала кезимден бери келе жаткан досторум чын дилинен жардам беришти. Ал эми шаардан таанышкан досторум бийликтен коркуп басып да барышкан жок. Себеби мага каршы бийликтин атынан койгон талапкер бар эле да. Алар эртеңки күнүнөн коркушту. Ошого карабай чыныгы досторумдун, айыл элинин колдоосу менен мен жеңишке жетишип, депутат болуп келгем. Келгенден кийин “силер менин досторум эмессиңер, жөн гана жолдошсуңар” деп шаардагы досторго ачык эле таарынычымды айткам.
– Эс алууну кайда өткөргөндү жакшы көрө­сүз?
– Негизинен, бош болуп калсам үйдө эле бала-бакырамдын, келинчегимдин маңдайында болгонду жактырам. Айрыкча кыш мезгилинде. Ал эми жайында сөзсүз Ысык-Көлгө барып эс алып келүүнү адат кылып алгам. Биздин жер эч кандай жасалмасыз, табигый сулуулукка ээ эмеспи.
– Кумар оюндарына кызыгасызбы, сизди “казинолорго көп каттайт” деп укканым бар эле...
– Сен туура угупсуң. Бир-эки жыл илгери гезиттердин бири менин казинодо түшкөн сүрөтүмдү таап “Ормоновдун казинодон башы чыкпайт” дегендей мааниде жазып чыгышкан. Анан аны жазган журналистти чакыртып сүрөттү кайдан алдың, кайсы фактыга таянып жаздың десем “кечирип коюңуз, бирөөлөрдөн угуп жаздым эле” дейт. Бизде казино десе эле чегине жеткен кумарпоздорду көз алдыга келтирип, терс түшүнүк менен карайбыз. А чынында көп өлкөлөрдө, мисалы, Филиппинде казино бардык эле адамдар эс алуучу жер. Эми тигиндей-мындай деп актангым келбейт. Кээде чет өлкөдөн келген меймандар “казиного барып эс алып келбейлиби?” деген сунуштарын айтып калышат. Ошондой мезгилдерде коноктор менен барып калчумун. Бирок кубалап кумар ойнобойм, акыркы эки жылдан бери казино дегенге баш бага элекмин.
– “Үй-бүлө – кичинекей мамлекет” деп коюшат эмеспи, ошол кичинекей мамлекетиңиздин өкүлдөрү кимдер?
– Эл катары үй-бүлөлүүмүн, төрт балам бар. Келинчегим Базаргүл менен Воронежде окуп жүргөндө таанышкам, өзү Токмоктун кызы. Бир жыл сүйлөшүп жүрүп мен окуумду аяктап, аны окутпай алып келе бергем. Ошентип, жеңеңерди окутпай койгом. Кийин бул жактан соода техникумун бүттү. Бирок иштебей эле балдарга тарбия берип үйдө. Улуу балам Абды ага лейтенант, УККда эмгектенет. Кийинки уулум Нурбек Башкаруу академиясында 4-курста окуйт. Кызым Майрам быйыл 11-классты аяктап жатат, кичүү кызым Анара 1-класста.
– Келинчегиңиз кыргыз кызыбы?
– Сурооңдун төркүнүн түшүндүм. Бир кезде “Ормоновдун аялы уйгур экен, ошол үчүн Улугбек уйгурларды коргоп, аларга “крыша” болуп жүрөт. Тойлоруна барып-келип, уйгурлар менен жакшы катышат” деген сөздөр тараган. Сен ошол үчүн “келинчегиңиз кыргызбы?” деп суроону кабыргасынан коюп жатсаң керек. Айтып коёюн, мен элди кыргыз, уйгур же өзбек деп бөлбөйм. Уйгурлардын «крышасы» да эмесмин. Чындыгында келинчегим Базаргүлдүн атасы Кытайдан келген уйгур, апасы кыргыз. Бирок кыргыздардын арасында жашап, кыргыздай эле болуп калышкан. Кыргыздан келин алып, кыз берип, бизден айырмалары жок. Бажаларымдын баары эле кыргыздар.
– “Президент Курманбек Бакиев менен Улугбек Ормоновдун мамилеси аркан салса бойлогус. Атүгүл үймө-үй да катышы бар экен, ошол үчүн Улугбек ЖКда “Ак жол” фракциясынын лидери болуп отурат” деген сөздөр бар эл арасында...
– Бизде кайсы бир саясатчы же дагы ушул сыяктуу бирөө ойлонуп отуруп бир сөз айтып койсо, ал чоң ушакка айланып кеткени кызык. Бул сурооң да ошондой бирөөнүн ойлонуп отуруп айтып койгон божомолу го. Курманбек Салиевичти өлкө башчысы катары сыйлайм, бирок сиз айткандай үй-бүлөлүк катышыбыз жок. Ал кишинин иштери көп. Мен ажо менен партиянын иштери боюнча гана жолугам.
– Кандай учурларда көзүңүзгө жаш аласыз? Дегеле акыркы жолу качан ыйладыңыз эле?
– Мен өзүм аябай жашыкмын (күлүп). Кино көрүп отуруп деле жашып кетишим мүмкүн. Акыркы жолу агам Райымжан каза болгондо аябай ыйлагам.
– Тамаша иретинде бир суроо бергим келип жатат. Эрежесиз эр уруш чемпиондугу саясатчылардын арасында болуп калса, кимди рингге чакырат элеңиз?
– Жакшы суроо экен. Тиги же муну менен чыкмакмын деп койсом, эртеңки күнү “кыйынсыңбы, чыкчы кана?!” деп турушса (күлүп). Мен өзүм салмактуумун да. Эгерде ошондой сынак болуп калса, кимиси менен болсо жекеме-жеке чыга бермекмин.
– Ар бир адамдын жактырган ыры болот. Кечелерде жакшы көрүп ырдаган ырыңыз кайсы?
– Атам Зулпукар өзү жакшы ырдаган адам болгон. Убагында, тактап айтсам, 1945-жылы Өзгөндөн Ошко чейин жөө келип бир ыр сынакка катышып, жеңүүчү болгон да жайы бар. Үйдө отурганда да агама аккордеон ойнотуп, Атай Огомбаевдин “Эсимдесин” ырдатып аябай угат эле. Агама мен да кошулуп ырдасам “сен ырдаба, сенин үнүң бузуп жатат” деп мени тыйып койчу. Ошол ырга катуу таасирленип калганмынбы, айтор, көңүлүм эргигенде “Эсимдени” ырдап калам. Негизи, эски ырларды жакшы ырдайм, угам. Азыркы ырчылардан Съездбек Искеналиевди баалайм. Бул жигит улуттук колориттеги ырларды жакшы аткарып жүрөт.
– Эмне маселе сизди көп ойлондурат?
– Кыргыздын келечеги көп ойлондурат. 2006-жылы мигранттардын ал-абалын билип келүүгө Орусияга барганбыз. Ошондо мекендештердин жашоосун өз көзүм менен көрүп аябай кейигем. Ал жерде жыргап байып кеткендери да, эч нерсеге жетпей кыйналып жаткандары да бар экен. Мен турмушубуз ушул бойдон эле калбайт, кыргыз элинин келечеги кең болот деп ишенем. Биз, эл өкүлдөрү да ошолорду эске алып, элибиздин эртеңин ойлоп иш алып баруубуз керек. Элиме тынчтык, токчулук, ар бир үй-бүлөгө жетишкендик каалайм.
– Рахмат, Улугбек мырза, көкүрөгүңүздөн ар дайым кыргызым деген улуттук сезим өчпөсүн!

Амантур Султанкулов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 380, 12-18-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан