ЭРНИС КЫЯЗОВ НТСтен ЭМНЕГЕ КЕТТИ?

Тележурналист Эрнис Кыязовдун НТС телеканалынан жумуштан бошотулганы интернетте талкуу жаратты. Бир катар басылмалар «Кыязов президентке Фейсбук баракчасы аркылуу айткан кайрылуусу үчүн жумушунан айдалды» деп жазып чыгышты. Ал эми Кыязов жумуштан кетүү планы болбогонун, анын айдалышы саясатка байланыштуу экенин билдирди.
Телеканал жетекчилиги Кыязовдун кетишинен саясат издебөөнү айтып чыкты. Ал эми президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөнов Эрнис Кыязов жеке менчик телеканалдын кызматкери болгондуктан анын кызматтан бошотулушуна Президенттик аппараттын кандайдыр бир тиешеси болушу мүмкүн эместигин айтты. Эрнис Кыязовдун НТСте «Ар тарап» берүүсүн алып барып жатканына 1 жыл боло элек болчу.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (37)
Meerman
2016-03-22 11:47:24
Оа
+5
sesh_elya
2016-03-22 12:25:18
НТС мамлекеттик канал эмес. Андыктан бул жерде эч кандай саясат издеп кереги жок. Ал суроону Атамбаевге эмес Бабановго бериш керек. Бабанов Атамбаевди угат деп ойлобойм.
-22
sharolli
2016-03-22 13:59:48
Мыкты курч жигит мындай адамдар керек! Ак ийилет бирок сынбайт бир куну чыгат
+12
marat009
2016-03-22 15:02:30
Текебаев менен Атамбаев Эрнист Кыязовко шанс бербей калыштыго иштеп которулушуно,болбосо ушул жигит директор болуш керек элэ Ктркага
+15
Altynbek.aly
2016-03-23 00:41:42
Чындыкты айтса баары чычалайт чындык найзадан да катуу бул Адам кетпеши керек болчу мындайа адамдарды четтетише берсе эч ким бетке айтып суйлой албай калышат журналистерда журналистер жалган суйлосо Эл кайда барат ойлонолу
+9
kadam
2016-03-23 14:48:23
Убагында таскагы катуу чыккан жакшы журналисттердин бири болгону талашсыз. Бирок, өнүгүү, изденүүсү жок болуп калды. Өзүм барып талкууга катышкандан улам айтып жатам.Даярдыгы жок берүү алып барганы купулума толгон эмес.Ишинен кеткенин саясатка байланыштырбай эле койгон оң го.
-14
aiza.kyrgyzkyz
2016-03-23 22:18:14
Эрнест Кыязов Эл баласы, Эл тандаган мыкты журналист. Эч ким чындыкты айткан эмес бул баладай болуп. Бийликтин колунан чек ара маселесин чечуу келбейт, Бийликтин колунан кучтуу иштеп Эл козуно корунгон эр азаматтарды иштен алуу гана келет. Эрнест биз сени менен коздуу мончок жерде жатбайт, коробуз кайсы телеканал Элди суйуп Эл менен бирге болом десе сени албетте ишке алат.
+6
Zarger59
2016-03-24 14:38:36
Ушунча эл колдогондон ишке алышар бул жигитти
+3
nur007mir009kg
2016-03-25 00:16:49
Ооо бул киши суйлогондо ээргип отуруп угасында айткан создору баары так, оорду-оорду менен. Бийликтегилер биздин башка дагы былыктарыбызды чукуй электе токтотолу дешти да иштен алып салышты. Белгилуу да коркушту алар.
+9
adilbekovich
2016-03-26 08:31:45
Эмне мактаган журналист Жанар Акаевби кордук чындыкты айткан болуп анан депутат болгондон кийин эл менен иши болбой калды Кыяазов азамат эгер депутат болсо да сатып кетпейт деп ишенем
+2
adilbekovich
2016-03-26 08:38:36
Кыязов бийликти жамандаганы жок жон гана алардын ишин элге корсотуп жаткан эл тараза эл сынчы КТРды корсон Кыргызстанда сут кол май кол баары иштеп бири алтын кенде бири фермер дешет кочого чыксан базарда чемичке стакан энелер араба турткон аталар
+2
tabyshmak
2016-03-26 11:54:22
Эрнис Кыязов, Сиз ар тарапсызбы, чар тарапсызбы же бир тарапсызбы... Мен Сиз тарапмын...
+2
sna_kg
2016-03-27 20:31:45
Эрнис Кыязов Кыргызстандын эн мыкты журналисти ачык айтып бетке айтат.менин жеке оюм бул адам КТРКнын башчылыгына татыктуу
0
Kozushka
2016-03-28 01:25:06
Эн жакшы журналист болчу чындыкты Гана издеген тайманбаган жигит!!!!!
0
Kozushka
2016-03-28 01:26:29
Мадумаровдун тууганы болсо азыр эле эмес коп жылдан бери эле иштейт чындыкты чыркырап бетке айтат
0
№ 698, 18-март-24-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан