ПРЕЗИДЕНТ АКСЫ ОКУЯСЫН ЭСКЕРДИ

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 17-мартта Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Аксы районунун Боспиек айылында 2002-жылы Аксы окуяларында курман болгондорду эскерип, алардын эстелигине гүлчамбар коюлду. Буга катар курман болгондордун арбагына багышталып куран түшүрүлдү.
Ушул эле күнү президент Атамбаевдин атынан Бишкектеги 7-Апрель окуясында курман болгондордун эстелигине да гүлчамбар коюлду. Аксыдагы эл менен жолугушуусунда президент: «Аксы окуясы  элибиздин көзүн ачып, адилеттик менен эркиндикке жол баштаган. Аксы окуясы элдин аң-сезимин өзгөртүп, улуттук намысыбызды ойготкон. Коомубуз тазаланып, үй-бүлөлүк башкаруудан арылып, накта элдик бийликтин орношуна карай жол дал ушул жерден башталган. Аксыдан башталган. Боспиектен башталган»,- деп билдирди. Мамлекет башчы өз сөзүн: «Азгырык сөздөргө алданып, бузукуларды, сасык саясатчыларды ээрчип кетпейли. Анда биз балдарыбыздын, өлкөбүздүн келечегине балта чабабыз» ,- деп аяктады.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 698, 18-март-24-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан