Кыргызстанда жаз адаттагыдай оппозициянын митингдери менен башталды. 14-март күнү митингдер Кербен, Жалал-Абад жана Талас шаарында болду. Бул окуялар туурасында УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев: "Демократиянын табияты ушундай, эл өз пикирин айтууга укуктуу. Ар бир митингге 50-60тай адам келди. Алар өз пикирлерин айтышты, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугуп таркап кетишти",- деп билдирди. Оппозиция өкүлдөрү болсо адамдар андан көп келгенин жар салышууда. Жалал-Абад шаарындагы митингде Бектур Асанов: "24-мартта бийликтин тагдыры чечилет. Ал күнү митингге түрмөдө отургандар да үн кошот",- деди. Оппозициячы бул кеби аркылуу кылмыш дүйнөсү менен байланышта экендигин көрсөткүсү келдиби?
Ал эми Аксы районунун борбору Кербен шаарында митингчилерге каршы топ да митингге чыкты. Алар бийликке талап коюп чогулгандардын арт жагында "Аксынын жаштары митингдерге каршы!" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту. Жергиликтүү тургундар кабарлагандай, чакан топ аксылыктарды саясий акцияларды токтотуп, эмгектенүүгө үндөп жатты.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg