АКШдагы Колумбия университетинин жана БУУнун жүргүзгөн БАКТЫЛУУЛУК ИНДЕКСИ боюнча иликтөөлөрүндө Кыргызстан 85-орунда. Казакстан 54, Өзбекстан 49, Тажикстан 100-тепкичте. КМШ өлкөлөрүнүн ичинде эң эле бактысыз Украина болгон. Ал 123-орунда.
2015-жылы 177 ӨСПҮРҮМ КЫЗ боюнан алдырган жана 1064 өспүрүм кыз көз жарган. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз саламаттыкты сактоо министринин маалыматына таянып билдирди.
ДОЛЛАР МЕНЕН насыя алган 2397 жарандын 2 миллиард 641 миллион сомдук насыясы 62,14 сомдук курс менен сомго которулду. Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев билдирди.
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН сайтындагы маалыматка ылайык, учурда 6-чакырылышта Чүй облусунан 34, Ош облусунан 33, Жалал-Абаддан 14, Нарындан 10, Таластан 9, Ысык-Көлдөн 7 жана Баткенден 6 адам депутаттык кызматта.
Бишкекке Кавказдан 9 айлык Симба аттуу АРСТАНДЫН БАЛАСЫ белекке берилди. Бул тууралуу "Бугу-Эне" коомдук фонду кабарлайт. Арстан жакынкы күндөрдө Караколдогу зоопаркка жеткирилет.
Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп АЗАМАТ ДИКАМБАЕВ дайындалды.
Жогорку Сот ишкер Райкан Алкановго кол салуу боюнча Талас облустук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.
Кыргызстандын калкы күндө орточо бош убактысынын 6 саатынын жарымын телевизор көрүүгө, 3 мүнөтүн маданий мекемелерге барууга бөлөт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин 2015-жылдык отчётунда жазылат.
11-мартта Бишкек шаардык соту Ахматбек Келдибековду 10 миллион сом айып пул төлөөгө өкүм чыгарды. Өкүмгө ылайык, Ахматбек Келдибеков кылмыш ишинин эки эпизоду боюнча күнөөлүү деп табылды.
Быйылкы жылы миңдей мектеп интернетке туташтырылат.
Күйөөсүн жиликтеп салган Айдай Субанованын акыл-эси жайында деген жыйынтык чыкты. Буга чейин ал Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасына жөнөтүлгөн болчу. Соттук процесс 24-мартта башталат.
Жогорку Кеңеште лотереялык ишмердүүлүккө тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат. Демилгечи –депутат Төрөбай Зулпукаров.
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, өлкөдөгү инфекциялык оорулардын 40 пайызы Жалал-Абад облусунда катталган. «Негизги себеп – булганыч суу. Таза суу чыгаруу керек»,- дейт министр.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.