Кыргызстандын мобилдик рыногундагы ири байланыш оператору MegaCom өзүнүн 10 жылдыгында, өнүгүүсүнүн жаңы этабында жогорку ылдамдыктагы технология
4G LTE’ни дароо эле Кыргызстандын 3 ири шаарында: Ошто, Жалал-Абадда, Бишкекте пайдаланууга киргизди.
Бир апта мурун MegaCom’дун абоненттери өздөрүнүн смартфонунун экранынан көптөн күтүлгөн 4G LTE’нин белгисин (значогун) көрүштү. 2016-жылдын 10-мартында ММКларда MegaCom 4-муундагы расмий коммерциялык тармакты колдонууга бергендиги тууралуу маалыматтар тарады. Биз жаңы технология кантип ишке ашырылганын, бул багытта MegaCom өзүнүн абоненттерине эмне кызыктарды даярдаганын, ошондой эле кыргызстандыктарды компаниянын 10 жылдыгына карата кандай иш-чара күтөрүн билүүгө кызыктык.
«Чындыгында мобилдик мега-тармак быйыл өзүнүн 10 жылдыгын белгилейт. Мааракелик жылында жогорку ылдамдыктагы 4G LTE технологиясын толук масштабдуу жайылтууга киришет. Бул үчүн бардык бөлүмдөгүлөр тер төгө иштеп, өткөн жылы көптөн күткөн лицензия жана жыштыкка ээ болуп, жабдыктарды даярдоо иштери жүрдү. Учурда MegaCom абоненттерине сапаттуу 4G LTE интернетинин кызматын алгач Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарынын жашоочулары менен конокторуна, көп өтпөй жалпы өлкө ичине тартуулайт»,- деп комментарий берди MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.
MegaCom уюлдук байланышынын Өнүктүрүү жана оптимизация департаментинин жетекчиси Нурлан Курманбаев: «LTE тармагын ишке ашыруу үчүн биз төмөнкү диапазондорду колдондук: Band 1 (2100 МГц), Band 3 (1800 МГц) жана Band 20 (800 МГц). Аталган диапазондор дүйнөдөгү эң көп таркагандар болуп саналат, анткени байланышты ири радиуста камтыйт жана жогорку ылдамдыкта кошо алат. Дароо 3 диапазонду ишке киргизүү бул кеңири аймакты кучакка камтууну жана келечекте эң алыскы айылдарда да LTE кызматын колдоно алууну камсыз кылат»,- деп билдирди.
Нурлан мырза ошондой эле: «4G байланышын колдоно алуу үчүн мобилдик телефонду керектүү жөндөөгө (настройки) туура кошуу керек. 4G’ны кошуу үчүн мобилдик жөндөөдөгү байланыштын автоматтык тандоо режимин тандап жана орнотуу кажет. Ошондой эле iOS же Android программалык камсыздоосунун акыркы версиясын орнотуу зарыл»,- деп кошумчалайт.
Кошумча техникалык маалыматты 4g.megacom.kg сайтынан ала аласыздар.
ЭМНЕ ҮЧҮН 4G?
MEGACOM 4G ҮЧҮН СУНУШТАГАН КЫЗМАТТАР
ЖОГОРКУ ЫЛДАМДЫКТЫН МАЙРАМЫ
MegaCom 4G LTE’ни ишке киргизгендиги жана 10 жылдыгына карата 2016-жылы түрдүү иш-чараларды өткөрөт. Кыргызстандын ири мобилдик оператору абоненттери үчүн көптөгөн сюрприздерди жана белектерди даярдоодо.
Радиодогу сынактар: популярдуу радиостанцияларда MegaCom 4G LTE’ни ишке киргизгендигине карата кызыктыруучу сынактарды өткөрөт. Угармандар түз эфир аркылуу эксклюзивдүү кол сааттарды утуп ала алышат.
Нооруз майрамында, 21-мартта Жалал-Абаддагы «Курманбек» стадионунда 10 жылдыгына жана майрамга карата атактуу ырчылар катышкан бекер концерт өткөзөт.
25-мартта Жалал-Абадда, 26-мартта Ошто промо-акциялар өткөрүлөт. Иш-чара учурунда «Трансформер» роботтору жана промоутерлер жогорку ылдамдыктагы технология
тууралуу аймактын жашоочуларына айтып беришет. Көңүл ачуучу программалар уюштурулуп, ыр жана бий топтору өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
26-мартта Ош шаарында веложүрүш өтүп, ага профессионалдар, велоспортту сүйүүчүлөр катыша алышат. Иш-чара концерт жана байгелүү белектер менен коштолот.
2016-жылдын велосезонунун масштабдуу ачылышы 27-мартта Бишкекте өтөт. Былтыр аталган иш-чарага 500дөн ашык адам катышса, быйыл андан көп катышары күтүлүүдө. Бишкектин борбордук көчөсүнөн велоспорттун чеберлери жана сүйүүчүлөрү жана MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов баштаган жамааты колонна болуп өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алат, болгону велосипеди оң абалда болушу шарт. Катышуучуларга фирмалык футболкалар таратылып, иш-чаранын аягында палоо берилип, оюн-зоок программа коюлат.
Андыктан facebook, instagram, ok.ru сыяктуу социалдык тармактардан MegaGomKG’ни таап, компаниянын жаңылыктарына дыкат көз салып туруу үчүн катталыңыз!
MegaGom – чыныгы ылдамдыкты сез!