Кайрат Примбердиев: «КЫРГЫЗСТАНДАГЫ СЫНАКТАРГА КАТЫШПАЙМ. АНТКЕНИ БИЗДЕ КАЛЫСТЫК ЖОК»

Бир үйдүн жалгыз уулу, апасынын эркеси, «Сагынганда», «Апам үчүн», «Акың жок» деген ырлардын аткаруучусу Кайрат Примбердиев кыргыз элинин сыймыгына айланды. Кайрат кыргыз эстрадасына 2005-2006-жылдары Темир Назаров, Мирбек Иманбеков, Султан Садыралиев жана башка жаш ырчылардын агымы менен кошо келген. Ал жылдан бери ырчынын аты чыгып, жүзү элге таанылып калган. Бирок Кайратка чыныгы атакты орусиялык «Главная сцена» долбоору алып келди. Ырчынын атактуулукка карай сапары кандай ийгиликтер жана кыйынчылыктар менен коштолгон, өзү айтып берсин.


«СУЛТАН ЭКӨӨБҮЗ АТААНДАША БЕРЧҮБҮЗ»
– Апамдын айтуусунда, мен 3-4 жашымдан баштап кыңылдап ырдай баштаган экенмин. Айылда той-топур болсо, үйгө коноктор келсе, аларга жагабы, жакпайбы ырдай берчүмүн.
Балалыгымда көчөдөн машина көрсөм эле терезесин таш менен чаап калчу экенмин. Бир жолу ошентип таш менен бирөөнүн машинасынын терезесин сындыра чаап, айдоочусу кууганда ыйлаган боюнча качып баратып кармалып калгам. Айдоочу үйгө мени жетелеп келип «балаңарды карабайсыңарбы!» деп апама кыйкырганы эсимде.
Мектепте музыкадан берген мугалимдин эң жакшы көргөн окуучусу элем. Бир партада отурган Тумара деген кыз экөөбүздү «алма сунсам колуңа, колуңа» деген саптары бар «Тамаша» деген ырды кечке ырдата берчү. Аягында ошол ырды ырдагандан тажап кеттим. Бир жолу аталган чыгарманы дагы ырда деди эле, ырдабайм деп доскага чыкпай койдум. Классташтарым ой-боюма койбой доскага сүйрөп чыгып ырдатышкан. Мен 8-класс болгондо Султан Садыралиев биздин класска келип окуп калды. Султан манас сабагынан ийримге катышса, мен да манасчы болом, комузга катышса мен да комуз ийримине өтүп, вокалга өтсө, вокалга өтүп эле атаандаша берчүбүз. Кимибиз жаңы күү үйрөнсөк, ошону чертип ойноп берип бири-бирибизге мактанчубуз. Султанга атаандашып жүрүп эле музыкага кызыгуум артып кеткен.

«НААБАЙКАНАДА, КУРУЛУШТА ИШТЕДИМ»
– Мектепти бүткөндөн кийин Талас айыл чарба техникумуна тапшырдым. Султан ал убакта «Махабатым», «Кудача кыз» деген ырлары менен таанылып калган эле. Айылга келген сайын «Досум, айылда эмне кыласың? Сен мындай талант менен Бишкекке барышың керек. Орусчаны жакшы билесиң, жок дегенде кафелерде орусча ырдап деле жан багып кетесиң» деп айта берчү. Ошол кеби мага дем бердиби, айтор, айылдагы бир досум экөөбүз каникулда Бишкекке жөнөдүк. Борборго жүк ташуучу болуп иштейбиз деп келген элек. Бирок мен тааныштар аркылуу наабайканага жумушка орноштум, андан соң курулушта иштедим. Алымбек деген таякем бир күнү мени Динара Акулова менен тааныштырды. Динара эже таанышкандан кийин «кана, ырдап көрчү» деп жатпайбы, ошол жерден кара тер басып, уялганымдан көзүм көрбөсө болду деп көзүмдү жумуп алып ырдап берген элем.
Алгачкы жолу 2006-жылы 28-августта Динара Акулованын концертинде ырдап чыктым. Андан көп өтпөй Султан менен жолугуп, ал менин «Малышка» деген ырымды жактырып дуэт ырдайбыз деп калды. Ошондо Динара Эсенгулова менен таанышып, иштешип калгам.

"ПРОДЮСЕРДЕН КЕТКЕНДЕН КИЙИН КЫЙНАЛДЫМ"
– 2009-жылы продюсерим Динара Эсенгулова менен түзгөн 3 жылдык келишимибиз бүтүп, өз алдынча кеттим. Ошол арада акчадан абдан кыйналдым. Ага чейин клип тартуу, ыр жаздырууга канча акча кетеринен кабарым жок эле. Баарын продюсер сүйлөшүп, жашаган батирибизден бери төлөп берчү. Динара эжеден кеткенден кийин ырчылыкты нөлдөн баштаганга туура келди. Бирок эмнеден, кантип баштаарымды билбей, ара жолдо калгам. Чыгармачылыкта тыныгуу жасап, 2-3 жыл көрүнбөй кеткенимдин себеби да ошондо. Тыныгуу учурунда кафеде, той-корпоративдерде ырдап жүрүп тапканымды кайра чыгармачылыкты жандантканга жумшадым.

«ЖЫГЫЛГАН КҮРӨШКӨ ТОЙБОЙТ» ДЕГЕН МЕНМИН»
– Кээде табиятымдан өжөр адам окшоймун деп ойлойм. Анткени Кыргызстандагы көп сынактардын тандоо туруна катышып, бирок өтпөй калчумун. «Жыгылган күрөшкө тойбойт» деген менмин, шагым сынып калгандын ордуна болбой эле тырыша берчүмүн. «Жаңы толкун» сынагынын тандоо туруна 2 жолу катышып өтпөй калгам, «Мейкин Азия», «Turkvizyon» сынактарынан да ийгилик жылмайбады. Аягында келинчегим Эльвира «Кыргызстандагы сынактарга катышпай эле койчу, сени баары бир баалашпайт» деп чыйпылыктачу болду. Анан эл аралык сынактарга катышкым келип Англия, Румыния, Украинадагы музыкалык долбоорлорду аңдып анкеталарымды жиберип, жооп күтүп жүрдүм.


«Елена Ваенганын концертинде ырдап алкышына арзыдым».


«КАЗАК БООРДОШТОР КЕРСЕЙИП...»
– «Главная сцена» долбооруна август айында анкетамды жиберген элем. Күтсөм эч ким чалбайт, кой, андан көрө оокатымды кылайын деп бир партиянын үгүт иштеринде ырдоого келишим түзүп, Ошко кетип калгам. Ошто жүрсөм чалып чакырышты. Мен да бааланып, «бул жакта келишим түзүп иштеп жатам, барсам кастингден өткөрүүгө кепилдик бере аласыңарбы?» деп соодалашып алгам. «Сизге окшогон 2000 ырчы кастингден өтөт, бирок сизде мүмкүнчүлүк бар, анткени башкы редакторубузга жактыңыз» дешти. Ошентип барып калдым. Карасам кастингге келгендердин көбү славян түспөлүндөгүлөр экен. Мени баары көзүнүн кыйыгы менен ушу да ырдайбы дегенсип карап турушту. Репетиция учурунда аларга кошулуп ырдайын десем башка жакка кетип калып, суроо берсем кыска жооп берип тоготпогонсуп жатышты. Мени эч ким кошкусу келбей, өзүмдү өгөйдөй сезип жаман болдум. Костюм кийип кычырап барган элем, ал аракетимди уюштуруучулар «сахнаны сыйлаган адам ушундай болот» деп мактаганда ыраазы болдум. Кийинки турга өткөнүмдү укканда жанагы мени теңине албай жаткандар «менин ырымды угуп көрсөң, кандай экен?» деп кеңеш сурап мамилеси дароо өзгөрө баштады. Бирок казак боордоштор аягына чейин керсейип учурашкысы келбей, мен финалга чыкканда гана араң кол берип кетишти.



Күлийпа Кубанычбекова, апасы: «АЛГАЧКЫ ЫРЫН СУЛТАН ЫРДАП ЧЫККАНДА ЫЗАЛАНГАН»
– Балам кичинесинде эле зирек болчу. «Орус тилин үйрөнүшүм керек» деп китептен башы көтөрүлчү эмес. Сыналгыдан көргөн тамаша ырларды бир көргөндө эле жаттап алчу. Алиппе майрамында мугалими «ким эмнеге шыктуу, көрсөткүлө» десе, мага чуркап келип «апа, Күмөндөрдү туурагым келип жатат» деди. Мен «балам, уят болот» деп тыйып койгон элем. Мектепти аяктагандан кийин ырдайм дегенине көнбөй, «техникумда эле окуйсуң» деп тапшыртып койдум. Уулум ошол кезде эле обон чыгарып жүрчү. Ыраматылык атасынын мага арнап жазган ырына обон чыгарып, Султанга (ред.Садыралиев) бериптир. Ал ырды Султан авторун айтпай ырдап чыкканда аябай ызаланды. «Апа, мен ырчы болом, ырдашым керек» деп өжөрлөнүп жатып шаарга келе берди. Алгачкы ырларын радиодон укканда аябай сүйүнүп жүрдүм. Ал учурдагы кубанычымды сөз менен жеткире албайм. «Главная сцена» сынагынын тандоо турунан өткөнүн укканда сүйүнгөнүмдөн неберемди көтөрүп секирип-секирип жибердим.

Эльвира Примбердиева, жубайы: «КАЙРАТ МАГА АЙЛЫК ТӨЛӨП БЕРЕТ»
– Кайрат экөөбүз кыз-жигит боло электе Казакстанда чогуу иштеп жүрдүк. Ошондо эле анын чыгармачылыгына баа берип, «Кыргызстанга барганда сенин менеджериң болом, жардам берем» дечүмүн. Андан кийин баш кошуп калдык. Мен бала менен болуп, Кайратка башка менеджер алып көрдүк, бирок күйгөн адам иштеш керек экен. Кээ бири кечке эле аялы жанында ээрчип жүрөт деп ойлосо керек. Мен Кайраттын менеджери болуп иштейм. Кайрат экөөбүз үйдөн чыккандан баштап аял-күйөө эмес, жумуш боюнча өнөктөшпүз. Бири-бирибизден кадимкидей берилген тапшырмаларды талап кылабыз. Тапканынын канча бир үлүшүн айлык катары төлөп берет. Жолдошумдун чыгармачылыгы биздин үй-бүлөлүк бизнеске айланып калган. Мисалы, Кайрат Нуртастын продюсери апасы, Нюшанын продюсери атасы, андайлар көп эле чыгат. Тажап кеткенде «сенин жумушуңдун айынан баламды да көргөнгө убакыт жок» деп таарынып калам. Бирок биздин азыркы аракетибиз балдарыбыздын келечеги үчүн кам көрүү болуп эсептелсе керек. Кайраттын биринчи никесинен 6 жаштагы Амир деген баласы бар, ал биздикине келип 2-3 күн жүрүп кетет. Ал эми экөөбүздүн балабыз Ариет 1 жаштан өтүп калды.


Ирлан Таалайбеков, досу, кесиптеши: «ТЕЛЕФОНДОРУБУЗДУ КҮРӨӨГӨ КОЮП ТАМАК АЛЫП ЖЕЧҮБҮЗ»
– Кайрат экөөбүз 2006-жылдан бери таанышпыз. 3 жыл батирде чогуу жашадык. Ал «Сагынганда» деген ыры менен популярдуу болсо, мен «Окуучу кыз» менен таанылдым. Вокалын кафелерде иштеп жүрүп эле бир топ оңдоп алды. Биринчи жубайына үйлөнгөндө Султан Садыралиев күйөө жолдош, мен досу катары барып келгенбиз. Бойдок кезде кыз дегенге кызыкчу эмес, өзү менен өзү болгон бала эле. Абдан тырышчаак, музыка десе ичкен ашын жерге койгон адам. Ачка болгондо кол телефондорубузду күрөөгө коюп тамак алып жеген күндөр болгон. Анан да Кайрат тажаткан күйөрман кыздарын телефонуна күлкүлүү кылып сактап койчу. Бир жолу телефону кечке чырылдайт, аябай көп жолу чалып жиберди, карасам эле «буга эмне керек?» деп сактап коюптур. Продюсеринен кеткенде бир топ кыйналды, күнүмдүк оокатын кафеде иштеп таап жатты.

"Сахнага жаңы чыккандагы арык Кайраттан азыр салмагым менен айырмаланбасам, көбү "ошол бойдон калдың" деп айтышат".

"Главная сцена" долбоорунда мени колдоп барган топко ыраазымын. Алардын мага жан үрөгөнүн көрүп өзүмдө чет өлкөдө жеңишке жетишкен спортчудай эле сездим".

Маегинин аягында Кайрат ушул күнгө чейинки ийгиликтери ага чек эмес экенин айтып, мындан ары да чет элдик сынактарга катыша берерин белгилеп өттү.

 

«ЭЛДИН МУЗЫКАГА БОЛГОН ТАБИТИН ӨЗГӨРТКҮМ КЕЛЕТ»
– Азыркы жеткен ийгилигим мен үчүн чек эмес. Буюрса, Европанын, Американын музыкалык долбоорлоруна катышууга аракет кылам, бирок Кыргызстандагы сынактарга катышпайм, анткени Кыргызстанда калыстык жок. Максатым – элдин музыкага болгон табитин өзгөртүү. Кафеде көп жыл иштеп элдин табитин өздөштүрдүм, музыканын башка жанрларында да ырдап көрдүм. «Главная сцена» долбоорунда финалист болгондон кийин көбү «Кыргызстанда калып эмне кыласың? Чыгармачылыгыңды Орусиядан улантышың керек» дешти. Бирок «бөтөн жердин султаны болгуча өз элиңдин ултаны бол» дегенге ишенем, мен канча чет өлкөдө популярдуу болуп ийгилик жаратпайын, баары бир өз өлкөмө кайтып келем.

Лунара Бекиева,
Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кайрат Примбердиев: “Ырчылыкты жубайым экөөбүз үй-бүлөлүк бизнес катары карайбыз”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
salihalady
2016-03-21 23:08:20
Кайрат Каракулжадан деп жатышты эле го,Таластан окшойт?
+3
kammilla
2016-03-22 02:49:33
Жерлиги Кара-Кулжа болсо керек, Таласта окуп чонойгон! Ийгилик Кайрат!
+8
Ryskulova
2016-03-22 04:40:41
Туура тушунушубуз керек, таланты бар . Бизнес деп аялы- табышкан каражатынан озунун жумушуна(менеджер)болунгон акчасын айтты окшойт.
+2
Ryskulova
2016-03-22 04:43:10
Чыгармачылык ийгилик, туура кр.да 1-чи очурот талант эмес акча. Андыктан баркынарды кетишбей оз кучунорго ишенесинерби ак жол,ийгиликтер силер тарапка жылмайсын
+5
basyz-kaman
2016-03-22 11:10:53
"Аял жакшы эр жакшы увазир жакшы хан жакшы" демекчи Кайратты колдоп тушунгон жакшынакай келинчеги бар экен бактылуу болгула! Ийгилик каалайм!!!
+2
abusait
2016-03-22 15:21:29
Бир суротундо Никулинге окшоп калыптыр))))
-2
atyra01
2016-03-22 18:21:51
Мыкты ырдайт ишине ийгилик
+3
vangolu
2016-03-23 04:14:28
Супер ырчы
+3
Rawka
2016-03-23 11:33:11
Кыйын болбой ошентип барып катышып келгиле да, молодец дагы дагы багындыра бер.
+3
amanatym
2016-03-23 12:02:00
уй булон менен аман бол.
+2
Sagidko88
2016-03-24 20:15:10
Азаматсын Кайрат! Ваенга баалады сени- эн сонун. Айтканына кошулам. Келинчегин мн бактылуу бол. Талантына таазим.
0
suluktu
2016-03-28 00:02:27
Krasaffchik)))
0
mister_bond
2016-03-28 11:08:38
Жакшы Кайрат Таласта чонойсон да, канын Каракулжа да мактанбайт экенсин азамат ийгилик сага!
0
Ainuuurka
2016-04-01 15:17:26
Чыныгы талант ээси!!!
0
Abdysatar
2016-04-04 13:07:13
Туулган жердин топурагы алтын дейт .Ошондуктан патриот болуш керек ,Россияга бир жолу барып келип эле мындай деп айткан туура эмес .Чек олкого канчалаган таланттуу ырчылар барып эле журушот го ,Мисалы Омар Гулжигит Жийдеш ж.б
0
№ 698, 18-март-24-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан