ДЖИ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Максатка жакындап барып: «Жарабайт окшойт. Кара жумуш кылып чоңойсо керек, денеси чымыр экен. Бирок спортту көрө элек. Балким, 1-2 жолу «эт» болуп бергенге жарайт»,- деп койду. «Эт» деп алар жашыруун уюштурулуучу мушташтарда келгендердин көңүлүн ачуу үчүн тажрыйбалуу спортчу менен бет келишип өлөрчө сабалуучу адамдарды айтып коюшчу. Адатта Жанарга окшоп акчага кызыгып, анан өзүнө өтө эле ишенип алгандар «эт» болуп калышчу. Андайлар экинчи ирет кайтып келишчү эмес.

ххх

Жанар 1 ай бою тынган жок. Жумушуна барат-келет, андан соң түн киргенче машыгуу залында болот. Абдан аракет кылды. Анын жан дүйнөсүндө жакын адамдарынан айрылгандан кийинки калган белгисиз кек, белгисиз таарынычтар бар болчу. Кимге ачуусу келип жатканын деле билчү эмес. Машыгууда ошол таарынычы, кеги, көкүрөгүндөгү белгисиз боштугу саамга жок боло калчу. Болгон күчү менен мээлейин кийип алып кум баштыкты күпүлдөтө ургулайт. Мындайда ал өзүнүн кайда экенин да унутуп салат.
Бир ирет кара терге түшүп кум баштыкты шыптан үзүп койчудай койгулап жатканын көргөн машыктыруучу анын жанына басып барды.
– Сен көчөдө көп мушташканың көрүнүп эле турат. Эмне, бейбаш неме белең?
– Жок. Мен эс тартып калганда атам апамды, бизди таштап, мени мектепте окуткан эжейге кетип калган. Мунун айынан ар кимдин шылдың сөзүн укчумун. Анан мушташканга туура келчү. Мектепти бүтүп кеткенче ошондой болду.
– Түшүнүктүү. Сенде белгисиз күч бар экен. Балким, кара жумуш менен чоңоюп, балакай кезиңден өз кызыкчылыгыңды коргогонду үйрөнгөнүң ошол күчтү пайда кылса керек. Тамеки чеккен эмессиң, дем алууң жайында. Бирок али майданга чыкканга эртерээк го.
– А сен мага сарсанаа болбой эле кой. Менде тажрыйба бар. Чыгара бер.
– Тура турчу. Макс, бери басчы!- арыда турган Максатты чакырды. «Ме, муну кий да, Жанардын энесин таанытып койчу» деп жылмайып ага кош мээлейди ыргытып койду. Жанар менен Максат атайын майданга келип бири-бирин тиктеп туруп калышты. «Баштагыла!» машыктыруучу кыйкырды.
Максат Жанарды бир күлүп карап алды. «Мадырабаш» деди ичинен. Анан Жанар даяр болуп турганча ээк талаштыра эки ирет сокку уруп жиберди. Жанар муну күтпөгөн экен, чалкасынан түштү. «Бүттү!» деп күлдү Максат. Адатта анын мындай соккуларынан көбү 1-2 мүнөт уктап калышчу. Бул ирет да ошондой болду деп ойлоду да, артын салып туруп алды. Жанардын кулактары чуулдап чыкты. «Уф» деп ордунан тура калды да, 2-3 ирет бир бутуна туруп секире баштады. Кулактагы чуулдак ушинтсе жоголот деп ойлоду. Артына бурулган Максат бир буттап секирип жаткан Жанарды көрүп ыңгайсыз болуп кетти. Анын соккусуна эч нерсе болбогондой секирип жатканы ызалантып жиберди. Дароо кайра чабуулга өттү. Бирок бул ирет Жанар коргонууга жетишти. Күп-күп эте урулган соккулар жетиштүү жыйынтык берген жок. Кол менен урулган соккулар максатына жетпеген соң Жанарды башынан ылдыйлата тартты да, тизеси менен бет талаштыра тепкилей баштады. Жанардын мурдунан кан кетти. Канды көрүп Максат маашырланды, «ушундай болот, балакай», тизеси менен тепкилегенин токтотпой жатты. Дал ушул учурда анын ээгине кайдан-жайдан эле катуу сокку келип тийди. Максат көзү караңгылап артка жыгылып түштү. Көзүн ачып-жумганча Жанар анын үстүнө мине калды да, бет талаштыра 2-3 ирет былч-былч эте уруп жиберди. Максат тизеси менен бетке 2-3 ирет тепкенде эле Жанар өзүн кармай албай калган, бетине катуу сокку жеп жатканына кайыл болуп каякка уруп жатканын болжобостон, бир нече ирет сокку жасаган болчу. Бир соккусу капыстан дал тийип калган экен. Максат эсинен танып калыптыр. Аны жаакка чапкылап эсине келтирип жаткан машыктыруучу Расул бир нерсеге маашырлана күлүп жатты. Кыязы, өзүнө ашыкча ишенип алган Максаттын бул кейпи аны жылмаюуга аргасыз кылды окшойт. Кийин эсине келген Максатты карап: «Байкаш керек эле. Сен өзүңө өтө эле ишенип алыптырсың. А Жанарга баары бир экен. Ал сокку жеп жатып деле каршы сокку бере берет экен. Айылдын балдары деген өзгөчө болушат» деп далысынан таптап койду. Жанар да Максатка келип колун кысып: «Кечирип кой!»,- деди. Машыктыруучу Жанарды башкача бир сый көз караш менен карап койду. «Абдан жакшы. Колдон келсе өлүп баратып да бир чаап кетиш керек. Сен аябай чыдамкай экенсиң. Бетиң да оңой менен көгөрбөйт окшойт. Бирок коргонгонду унутпаш керек. Коргонуу-чабуул, чабуул-коргонуу тартибинде иштеш керек» деди өзү менен сыймыктана түшкөн Жанарды колунан кысып.
– Жалаң чабуул болсочу?
– Чабуулду да ыгы менен кылыш керек. Антпесе көрдүң го муну,- Максатты карап койду.
– Баса, сени 2 күндөн кийин бир жакка алып барам, даяр болуп кел!– Жарайт!

ххх

Жанарды машыктыруучу Москванын көрүнүктүү эле кинотеатрына алып барды. Саат түнкү 12ден өтүп калган болчу.
– Эмне, биз кино көрөбүзбү?
– Жок, мушташасың. Кинотеатр кечкисин башка кызмат көрсөтөт. Албетте, чектелүү адамдар үчүн гана.
– Аа, менин каршылашым ким?
– Билбейм. Көрөбүз азыр.
Кинотеатрдын жер төлөсү өзгөчө жасалгаланыптыр. Атайын коноктор отуруучу жай кымбат эмеректер менен шыкалган. Ортодо төрт бурчтуу аянт темир тор менен курчалыптыр. Кыязы, мушташтар ушул жерде орун алат окшойт. Жанарды бир бөлмөгө алып барган Расул түшүндүрө баштады...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Bazana
2016-03-21 09:42:49
Мен тортунчу
+1
Aytur
2016-03-21 09:53:36
Арууке качан табылат
+1
vrach
2016-03-21 10:28:39
Aytur, Эртен табат
+2
asdef
2016-03-21 10:34:33
Aytur,Аруукегин рухунбу
0
asdef
2016-03-21 10:35:17
Кыскасы тушунуктуу болду,ушинтип журуп Аруукеени олтургондорду табып оч алат экен да
+1
Ailo
2016-03-21 11:11:33
asdef,Мен да ошол ойдоо отурам((
0
Nazikbaigazy
2016-03-21 11:08:12
Мушташпай эле журсо болмок, бир жери майып болуп калбаса болду
+3
medetbek
2016-03-21 11:45:46
Бу жагы кино болуп кетти го . индийский.
+1
Nurdan01
2016-03-21 14:06:28
Кооптон жазсаныздар жакшы элеее
+2
Beka.kaba
2016-03-21 16:49:52
кандай кана сонун болуп атат
0
bolotbek91
2016-03-21 17:59:45
дагы бир жума кутобузбу
+1
Bayya92
2016-03-21 23:24:37
оббоо ушул чыгарманын толлугун кайдан тапсам болот а. же кобуроок жазышпайт
0
bayaman9719
2016-03-21 23:58:20
Арууке тирууго дейм. Суроттогу J тамгга басылган кызга карап. Арууке андай кийинбечу эле.
+1
sompow
2016-03-22 13:22:42
bayaman9719,Аруукени Москва озгортуп койсо керек аябай таанып жургондой андай кийинчу эмес дединго
+1
gulbadam91
2016-03-22 14:09:26
Арууке табылат экоо метродо жолугушат башында айтылат го
0
Zarger59
2016-03-22 19:00:03
Аруукесин таап алса жакшы болот эле.
0
nasik198
2016-03-23 11:09:58
Арууке тируу болсо эмне учун ата-энеси менен байланышпайт.
+1
taku88
2016-03-23 19:24:59
Токмок жегенден кийин мээсинен айнып калса керек да же мурдагы жашоосун унутуп калса керек оору беле
-1
sara.kg
2016-03-26 20:15:18
Сонун чыгарма да ушу
0
№ 698, 18-март-24-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан