ООРУЛАР, ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ЧЫР-ЧАТАКТАР, ИШТИН ЖҮРҮШПӨСТҮГҮ... МУНУН СЕБЕПТЕРИ ЭМНЕДЕ ЖАНА АНЫ КАНТИП ЖӨНГӨ САЛУУГА БОЛОТ?

Беларусь, Украина, Орусия, Польша, Италия, Германия, Казакстан өлкөлөрүндө ийгиликтүү иш жүргүзүп келе жаткан, 20 жылдан ашуун тажрыйбасы бар биоэнерготерапевт, психолог Илхам Исмаилов биринчи жолу Кыргызстанда.

– Казакстанда экениңизде биздин ошол жакта иштеп жаткан тааныштар сиздин кабыл алууңузда болуп, ооруларынан айыгып, ошондой эле жеке жашоосундагы маселелерден кутулушуптур эле. Андыктан сиздин башкы сырыңызды билгибиз келет...
– Биоэнерготерапевт, психолог дарылабайт, ал айыктырат. Врачтар гана дары-дармек берип дарылашат. Андыктан менин уникалдуу күчүм – дары-дармексиз айыктыруу. Айыктырып гана тим болбой, анын жаралуусуна түрткү болгон себептерди таап чыгып, толук четтетүү.

– Кечириңиз, анда баары түшүнүктүү болушу үчүн башынан баштайлы. Биздин ооруларыбыздын жана жеке жашообуздагы маселелердин келип чыгышы эмнеден?
– Азыр кайсы жакты карабагын нерви жана шалкы бош, ар кайсы жери ооругандар, чөйрөсүндөгүлөргө салкын мамиле жасагандар, ичкиликтин, баңгизаттын, интернет оюндарынын кулуна айлангандар, үй-бүлөлүк чыр-чатактардын сазына баткандар, иши же жүргүзүп келген бизнеси артка тартылгандар көп. Булардын баарын жалпы карап көрсөк, маселенин баары адамдын жан дүйнөсүндө.
Жан дүйнөбүз – биздин жашоо энергиябыз. Эгер бизди бирөө-жарым жаман көрсө, каргап-шилесе, көзү (ичи) күйүп карап койсо, ушактаса, анда терс энергиялар биздин биоэнергиябызга терс таасир этип, акырындап ар жерине чогула берет да, биоэнергиябызды кирдетип, анын түзүлүшүн бузуп, ал тургай акырындап тешип кирет. Адамдагы энергия ошол тешикчелерден чыгып, токтобойт. Энергия токтобосо адам канчалык күчтүү тамак ичпесин алсырайт, урушчаак болот, акырындап оорулар жаралат. Жан дүйнө тең салмагы бузулгандыктан ишинде, үй-бүлөсүндө маселелер башталат.
Жан дүйнөнүн дагы бир чоң душманы – стресс. Биз катуу стресс болгонубузда жан дүйнөбүз тең салмактан чыгат да, ичибизден бүлүнүп, оорулар кылтыйып чыга келет. Ичтеги жек көрүү, кек да биоэнергиябызды бузуп, энергиябыздын токтобой калуусуна жеткирет.
Мен көп жылдар бою биз эмне үчүн ооруйбуз жана дартты кантип токтотсо болот деп баш катырдым. Көрсө, адам ооруса өзүнүн ички жашыруун мүмкүнчүлүгүн иштетүү менен сакаюуну унутуптур. Адам өзүн роботко айлантып, ооруса дароо врачка чуркап, ал тургай органдарын жасалмасына (мисалы, муунун) алмаштыра баштаган заман. Биз, биоэнергетиктер, психологдор адамдын мүнөзүнө карап аны келечекте эмне күтөрүн биле алабыз. Алдыда кандай кооптуу бурулуштар күтүп турганын айтып, алардан айланып өтүү жолдорун көрсөтөбүз.
Менде 8 өлкөнүн (эми Кыргызстанда да) Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иш жүргүзүүмө уруксат берген лицензияларым бар.

– Азыр невроз, психоз оорулары көп. Стресс, депрессияга учурагандар четтен чыгат. Сизди аларды «унчукпай жанына алып отуруп эле айыктырат» дешет. Бул кандайча?
– Мен алардын булганган энергиясын чыгарып, ордун өзүмдүн таза энергиям менен толуктап, тешилген жерлерин таза энергия менен бүтөп, жан дүйнөсүн тең салмакка келтирем. Кайсы органы ооруса аны да таза энергия менен камсыздап туруп, ошол органды ишке киргизебиз. Бул жерде биз колдончу дагы бир сыр бар, ал жашыруун тура турсун. Калганын адамдын иммунитети өзү жөндөп кетет. Башкача айтканда, адамдын ичиндеги запастагы күчү, механизми ойгонуп, ишке кирет да, организм өзүн-өзү айыктырууга жол алат. Мисалы, Орусиянын Ярославль шаарында жүргөнүмдө мага бир киши келди. Бир карап эле анын аракеч экенин билдим. Ал мага бир нерселерди айткысы келди. Мен ага «колуңузду бериңиз да жөн гана отуруңуз» дедим. Анын бир кезде жан дүйнөсү тең салмактан чыгып, үйдөгү ордун акырындап жоготуп, депрессиядан улам ичкиликке өткөнү ачык-айкын эле. Ошентип аны менен 15 мүнөт отурдум. Ал убакта көзүнүн ойноктогону токтоп, жүзүнөн нурдануу билине баштады. Анан унчукпай мени менен кош айтышып чыгып кетти. Канча бир айдан соң ошол шаарга барсам бир эркек келип жаркылдап саламдашты. Көрсө, баягы киши экен. 15 жыл достошкон ичкиликти таштаптыр, жанындагылары аялы, балдары экен. Биз ушинтип унчукпай ичкиликтен арылта алабыз.
Мага интернет жана кумар оюндарынын, баңгизаттын азабын тарткандар, акча табуу үчүн мигрант болуп жүрүп ооруга чалдыккандар, тагдыр жолунан адашкандар, иши жүрүшпөй кыйналгандар толтура келет. Ар бир адам индивидуалдуу болгондуктан алардын ар биринин организмине, жан дүйнөсүнө туура келчү ачкычты издеп таап, анан аны айыктырууга киришем.
– 2009-жылы инсультка кабылдым. Ден соолугумдун калыбына келүүсү абдан жай болуп жатты. Илхамга барып, 2 сеанс алган соң сүйлөгөнүм, кыймылым, эс-тутумум, ойлоом жакшыра баштады. Булдуруктап сүйлөгөнүмдү үйдөгүлөр түшүнө алчу эмес эле, сөздөрүм акырындап түшүнүктүү болууга өттү. Башкысы толук айыгууга ишенимим артты. Сизге чоң рахмат, Илхам.

Роман, Польша, Краков шаары

– Балам үй-бүлөсү менен ажырашып, ичип кеткен. Анын ичкилигин койдуруш үчүн наркология борборуна, кийин табыптарга кайрылдым, жыйынтык болбоду. Менин өтүнүчүм боюнча ал Илхамга 2 ирет гана барып, анан барбай койду. Бирок Илхам андан баш тартпай, анын сүрөтү аркылуу таасир этип, ичкилигин таштатты. Майда оорулары да жоголду.

Анна Денисова, Орусия, Санкт-Петербург шаары

– Илхамга элдер туңгуюкка камалып, арга таба албай калганда барышат. Менде да ошондой болду. Кризис, банктан алган насыя акча... Булардын жыйынтыгы 42 жашымда инсультка кабылууга жеткирди. Ошентип жашоого деген үмүтүм бүлбүл жанып, кайра калыпка келтирүү терапиясынан өтө баштадым. 2 апталык тамак-ашка жетерлик акча гана калган күн келди. Мен ооруганга чейин кем-карчты билбей кенен жашачу элек. Акырындан айыга баштадым, бирок аягына чыкпай, депрессиядан улам иче баштадым. Бир күнү банктан алган насыя акча үчүн үйдү бошоткула деп эскерткени келишти, ошондо көзүм умачтай ачылды. Аялым Илхамга сүйрөп барды, анын сеансынан мен дүйнөгө башкача көз менен караган, жаңы маалыматтарга жана ишенимге ээ болгон адам болуп чыктым. Көп өтпөй колунда бар тааныштар өздөрү эле жардамга кол сунуп, карыздардан кутулдук (бул да болсо Илхамдын мага берген тумарынын таасири).

Кирилл Стоянов, Орусия, Москва шаары

– 3 жыл азапта жашадым. Бирөө каргап койгонсуп жумушумдан айрылдым, апам ооруп калды, күйөөм иче баштады, студент уулум казиного байыр алып, кумардын сормо сазына батты... Үй-бүлөбүз жакырчылыкка кептелип, күн сайын уруш-талаш, кээде мушташка чейин жетип жатты. Илхамдын арты менен гана үйгө тынчтык орноп, тынчыраак жашоого өттүк. Мен баарыбызды коргоп, сактай турган Илхамдын тумарын дале тагынып жүрөм.

Ольга Трощук, Украина, Львов шаары

– Артёмду 1 жаш 8 айында бала бакчага берип, жумушка чыгууга аргасыз болдум. Ошондон кийин балам таптакыр өзгөрө баштады. Түндө ыйламай, сөздү укпай агрессивдүүлүктү көрсөтүү, ыйлап жатып көгөрүп талып калуу... Коркуп дарыгерлерге алып барып, психологиялык тесттерден өткөздүм. Андан да жаманы – көгөрүп талып калуудан улам кырылдап, дем ала албай муунуп кала баштады. Ал күндөрдө мен тозокто жүргөндөй эле болдум. Ооруканада ага түрдүү ийнелерди сайып, дары-дармек ичирип жатышты. Бирок дарылоо токтогондон кийин анын оорусу кайрадан кармады. Бир күнү биз Астанага алып барып дарылатууну пландап, улуу балабызды кайненеме таштоо үчүн Павлодарга учуп бардык. Мен кайненемдикинен чыгып келе жатып Илхамдын жарнамасына көзүм түштү. Бир сааттан соң биз анын кабыл алуусунда отурдук. Ал балабызда психикалык оору жок экенин айтып, бирок дагы бир ирет анализ тапшыруубузду айтты. Бейтапканадан анализдин жыйынтыгы боюнча ичегидеги курттардан улам келип чыккан неврологиялык токсокароз деген диагноз коюшту. Дарыланган соң баламда оору белгилери жоголду. Бирок уулумдагы Илхам берген тумарды алуу дале оюбузда жок.

Маша Голубь,
Шымкент шаары

ИЛХАМ - ЖАН ДҮЙНӨ КУБАТЫН БЕРҮҮЧҮ АДАМ!

Илхам кутултат жана айыктырат:

  • Ичкилик, баңгилик, игромания, фобия, паника, нерв болуу, уйкусуздук, жаман түштөрдү көрүп кыйналуу.
  • Эндокриндик системдин бузулушу: шалдыроо, алсыроо, шишүү, баштын оорушу, арыктоо же семирүү.
  • Ичеги-карын оорулары (гастрит, ашказан жана 12 эли ичегинин жарасы, колит, панкреатит).
  • Зат алмашуудан жана нерв системинин ооруларынын айынан келип чыккан тери ооруларын.
  • Нерв, жүрөк-кан тамыр системдеринин оорулары: кан басым оорулары, вегетососудистая дистония, баш айлануу, кулактагы шуулдоо, колу-буттун дайыма муздап турушу, чымырап уюшу.
  • Заара жолдорунун жана жыныстык системдин оорулары:
  • простатит, аялдардын жана эркектердин тукумсуздугу.
  • Диагноз коюу (ооруларга).

ЭСКИ ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАРДЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН:

  • Тукум кууган жана кийин пайда болгон каргышты аныктап, андан кутултат.
  • Терс энергиядан арылтат.
  • Көз тийүүнү, кара дубаны жок кылып, жол ачат.
  • Үй-бүлөлүк чыр-чатактан, агрессиядан арылтып, жакшы жашоого кайтарат.
  • Жубайлар арасындагы мамилени (оордугуна карабай) калыптандырат.
  • Адамдагы биоталааны калыптандырып, терс энергиялардан сактана ала тургандай кылат.
  • Ийгиликке, бизнеске жол ачат.

Бишкек шаарынын көптөгөн тургундарынын суранычы боюнча Илхам 10-апрелге чейин кабыл алмакчы!
Каалоочулардын баарын 18, 19, 20, 21, 22, 23, 24, 25, 26, 27, 28, 29, 30, 31-МАРТТА
ЖАНА 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9,10-АПРЕЛДЕ
Бишкектин Исанов көчөсү-18 дарегинде күтөбүз
(Бөкөнбаев көчөсү менен кесилишет).

Кабыл алуу убактысы: 11:00-15:00
Кабыл алуу алдын ала: +996 706 840 008, +996 558 840 008
телефону аркылуу жазылуу менен жүргүзүлөт
Төлөм акысы – 3500 сом
ilham.com.ua
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги, лицензия № 000331

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
yakutiya-Mirnyi
2016-03-21 11:03:03
бул макала чыкпадыбы эле мурунку санда?
0
Nurjan15
2016-03-21 11:51:37
чынында эле ооруну айыктыра алабы андай болсо жакшыго менин эжемда катуу оруп жаткан ошко келбейт бекен
0
kanykey125
2016-03-21 18:19:24
Екатеринбурга келет бекен.
0
belka
2016-03-21 21:29:33
Сочиге да келет бекен!
0
aruuke2013
2016-03-22 14:12:59
Мен ишенген жокмун мындай болушу мункун эмес.кудайданда улук болуп кетеби ошондо
+2
Siren90
2016-03-22 17:21:33
18-19-20-21-.......-31-мартка чейин деп чубалтпай 18-31-мартка чейин, 1-10-апрелге чейин деп эле жазса болбойбу
+1
930393a
2016-03-23 07:28:38
Мен такыр ишенген жокмун,бул убактылуу эле болуш керек...
0
bakan
2016-03-23 12:56:29
Элдер аллахтан башка дартка дабаа беруучу эч бир зат жок дарыгерлер бар чоп дары жазып берип а Илхам болсо 3500сом алып же дем салбай дагы 2 жолу кел без очеред киресин 700$ алып келесин дейт экен. Эгер оорулуу кишиге жардам бергиси келсе ушунча акча алып кел дейби короче бул дагы африс экен да. Барбай эле койгула ошончо акчаны берип андан коро Илхамга берген 3500 сомду мечитке бей бечарага берсенер сообу коп болот.
+2
DNurgiza
2016-03-26 05:03:17
адам ооруп атса, анан 3500сом не болуп калыптыр, эптеп айыксам болду дейт да.
+1
Aidai5555
2016-03-27 01:00:49
Султан Сулайманды аткарган актерго окшош экен)))
0
balzak
2016-03-31 11:13:35
озунчо эле сыйкырчы го))))
0
№ 698, 18-март-24-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан