Ар бир спортчу жеңишке жетүү үчүн түрдүү амал ойлоп табат. Бири кашык тери калганча машыкса, кай бири чемпион атка конуу үчүн тыюу салынган каражаттарды (допинг) колдонууга чейин барат. Учурда Орусиянын көпчүлүк спортчуларынын допинг колдонгону ачыкка чыгып, Жайкы Олимпиада алдында ызы-чуу түшүүдө.
Допинг – спортчу тарабынан көрсөткүчтөрдү жакшыртуу, күчтөнтүү, чыдамкайлуулукту арттыруучу табигый же синтетикалык каражат. Профессионал спортчуга мелдеш учурунда эле эмес, машыгуу үчүн да колдонууга болбойт. Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттиги жыл сайын колдонууга тыюу салынган каражаттардын тизмесин жарыялап турат.
Мельдоний же милдронат – организмдеги, айрыкча жүрөктөгү кан жүгүртүүнү арттыруучу медициналык каражат. 1975-жылы латвиялык биохимик Ивар Калвиньш тарабынан ойлонуп табылып, аскерлер үчүн колдонулган. 1984-жылдан тарта жалпы колдонууга чыкса, 1-январдан тарта WADA бул каражатты спортчулар колдонуусуна тыюу салган.
МЕЛЬДОНИЙ ЖЕ МИЛДРОНАТ
Организмдеги, айрыкча жүрөктөгү кан жүгүртүүнү арттыруучу медициналык каражат. 1975-жылы латвиялык биохимик Ивар Калвиньш тарабынан ойлонуп табылып, аскерлер үчүн колдонулган. 1984-жылдан тарта жалпы колдонууга чыкса, 1-январдан тарта WADA бул каражатты спортчулар колдонуусуна тыюу салган.
ОКУЯНЫН БАШТАЛЫШЫ
Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттиги (WADA) ушул жылдын 1-январынан тарта мельдоний каражатын спортчулар тарабынан колдонуусуна тыюу салган. Чыдамдуулукту арттырган бул каражат жыл башынан бери көптөгөн белгилүү спортчулардын организминен табылып, алардын көпчүлүгүн орусиялыктар түзүүдө. Арасында белгилүү теннисчи Мария Шарапова, муз тебүүчү Екатерина Боброва, шорт-трек боюнча Олимпиада чемпиону Семён Елистратов жана коньки жарышта 5 жолку Дүйнө чемпиону болгон Павел Кулижников бар. Учурда милдронат колдонгон спортчулардын саны дүйнө жүзү боюнча 60тан ашканы белгилүү болду.
МАРИЯ ШАРАПОВАНЫН БЕДЕЛИНЕ ДОО КЕТТИ
Эгерде кандайдыр бир каражат тыюу салынганы белгилүү болсо, WADA тарабынан Эл аралык олимпиадалык комитет аркылуу бардык спорт федерацияларына жарыяланат. Спорттук федерациялар өз кезегинде ар бир спортчуга бул маалыматты жеткирүүсү керек. Январь айында өткөн Австралия Ачык Биринчилигинен кийин допинг текшерүүсүндө Мария Шарапованын канынан милдронат табылып, 7-мартта өзү билдирүү жасады. «Мен бул каражатты медициналык максатта гана колдонуп келгем. Күн сайын колдоо көрсөтүп жатышкан күйөрмандарым менен кайрадан кортто көрүшөрүбүзгө ишенем»,- деп билдирет ал. Спортчунун беделине катуу сокку урулуп, Шарапова менен жарнамалык роликтер үчүн келишим түзгөн бир катар «Nike», «Tag Heuer» жана «Porsche» компаниялары аны менен иштешүүнү токтотушту. Бирок спорт шаймандарын чыгаруучу «Head» компаниясы Шарапова менен кызматташууну уланта берерин жарыялады. Учурда спортчунун карьерасы убактылуу токтотулуп, Мария Шарапова 2 жылдан 4 жылга чейин расмий түрдө спорттон четтетилиши мүмкүн.
ПАВЕЛ КУЛИЖНИКОВ РЕКОРДДОРУНАН АЙРЫЛАБЫ?
Коньки жарыш спортунда февраль айында Коломнада Дүйнөлүк чемпиондук болуп өтүп, анда 21 жаштагы Павел Кулижников 500 жана 1000 метр аралыгында чемпион болуп, рекорддук көрсөткүч жараткан. Бул мелдештен соң текшерүүдө Павелдин милдронат колдонгону белгилүү болуп отурат. «Эгерде Кулижников допинг колдонгону чындык болсо, бул спортчу үчүн гана эмес, коньки жарышы үчүн сокку. Эми ал жок, Дүйнөлүк чемпиондукта мен чемпион болот болушум керек. Чыныгы атаандаштыкты бузганы үчүн ага абдан ачуум келүүдө»,- деп билдирүү жасады анын негизги атаандашы, голландиялык жарышчы Кьелд Нёйс.
Павел өспүрүм кезинде да допинг колдонгону үчүн 2 жылга спорттон четтетилген, эми мында далилденсе, Кулижников 8 жыл коньки жарышына чыкпай, бардык рекорддорунан кол жуушу мүмкүн.
МЕЛЬДОНИЙ СПОРТТОГУ САЯСАТПЫ?
Орусиялык тажрыйбалуу спортчулар мындай допинг чуусуна илинип калуусу көпчүлүк серепчилерди таң калтырбай койгон жок. Муну АКШ жана Батыштын атайын жасаган иши деп баалап жаткандар да жок эмес. «Аталган каражат тыюу салына элек кезинде дүйнө жүзү боюнча орус спортчулары мельдонийди эң көп колдонуп келишкен. Демек, бул башынан эле иштелип чыккан иш десе болот» деп билдиргендер четтен чыгууда. Бирок расмий түрдө тыюу салынгандан кийин мельдонийди колдонгон спортчу мыйзам бузгандай эле каралат.
«Милдронат көпчүлүк витаминдердей эле тыюу салынган же жөнөкөй каражаттар менен чогуу колдонулат. Ал допингди организмден жашыруучу компонент катары каралат. Мындай иште мүмкүн деген нерсе болбошу керек»,- деп ой бөлүшөт чет элдик спорттук дарыгерлер.
ТЕХНОЛОГИЯ БИР ОРУНДА ТУРБАЙТ
«Биз биринчи же акыркысы эмеспиз. Олимпиада оюндарына катыштырбай коюу аракети көрүлсө, трагедия кылуунун кереги жок. Допинг уурулук сыяктуу дайыма болуп келген нерсе. Бул иш боюнча жоопкерчиликти өз моюнума алам»,- деди Орусиянын спорт, туризм жана жаштар саясаты боюнча министри Виталий Мутко.
«Технологиянын өнүгүшү менен бул жааттагы иш ордунда турбайт. Канчалык күчтүү кылган каражаттар чыкпасын, WADA андан өткөн текшерүүчү аппараттарды ойлоп табат жана тескерисинче, мыйзамдан кыя өтүп, жаңы допинг каражаттар ойлоп чыгарылары турган иш. Андыктан спорт менен допингдин күрөшүүсү жылдан жылга улана бермекчи»,- деп ой бөлүшөт WADA уюмунун президенти Крейг Риди.
КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР:
2015-ЖЫЛГА КАРАТА WADA`НЫН СТАТИСТИКАСЫ:
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg