Европанын беделдүү чемпиондуктарынын бири саналган Франциянын чемпиондугунун жеңүүчүсү мөөнөтүнөн мурда белгилүү болду. Златан Ибрагимович баштаган «Пари Сен-Жермен» клубу 30-турдук оюнда «Труаны» 0:9 эсебинде жеңип, өз тарыхында 6-жолу жеңүүчү аталышты. Өз кезегинде «ПСЖ» Чемпиондор Лигасында да ийгиликтүү ойноп, 1/8 финалда «Челсини» утуу менен чейрек финалга жолдомо алышкан.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg