Күлкү – ден соолуктун мүлкү
4-5-февраль күндөрү “Тамашоунун” күйөрмандары үчүн өзүнчө эле майрам болду. Бул күндөрү эшикте кыштын ызгаардуу суугу уруп, Эрмек заказ кылган кар жаап турса, тамашоучулар Спорт Ордосуна батпай тыгылышкан күйөрмандарын тамашалары менен ысытышты.
Жарыяда айтылгандай, бул сезондогу оюндарга өзгөчө командалар да катышты. Алгачкы күнү оюнду "Калыстар" командасы ачып, баа койгонду гана эмес, тамашалаганды да билишерин далилдешти. Тамашоучулардын түйшүгү оор экенин сезген Назира Жетигенова муштумун түйүп "ким кол чаппаса – мырка" деп кыйкырса, Кылычбек Султанов "кыргыз элинин нускасы 10 миллионго жетсин" деп күлдүрдү.
Оюндун экинчи күнү өздөрүнүн юморду түшүнүшөрүн “Жылдыз ырчылар”, “Шоро” компаниясынын жана “Супер-Инфо” гезитинин командалары көрсөтүштү. Бул командалар конок катары гана сахнага чыгышса да, көрүүчүлөрдү кыраан-каткы күлкүгө бөлөй алышты. Сөз кезеги калыстар тобуна келгенде режиссёр Рысбек Жабиров: "Эгер бул үч команда да сынакка катышса, анда эң мыкты оюнчу – "Шоро" командасынын өкүлү Талант, мыкты тамаша "Супер-Инфонун" "Жүрөк тагы" миниатюрасы болор эле. Мыкты команда "Жылдыз ырчылар" эмес, "Калыстар" биз болмокпуз, ырчылар бизге караандабай калды",- деп тамашалады. Ал эми “Супер-Инфо” гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов мыкты дебюттук оюну үчүн гезиттин командасына 10 миң сом ыйгарды. Тамашалуу кеченин соңунда калыстар тобунун жардамы менен мыкты оюнчу, мыкты команда жана мыкты тамаша белгиленди.
ЭКИ КҮНДҮН ЖЫЛДЫЗДАРЫ:
4-февралда
Мыкты оюнчулар – Мурат ("No name"), Айбек ("IUK").
Мыкты команда – "Юрский период" жана "Юристтер" командаларынан түзүлгөн курама команда.
Мыкты тамаша – Пластикалык операция жасаткан жигиттердин тамашасы ("Чез").
5-февралда
Мыкты оюнчулар – Бактияр (“Не дай бох!”), Азамат (“Жигиттер”).
Мыкты команда – “KG 77”.
Мыкты тамаша – Балет мектебиндеги согуш (“Весёлый строитель”).
МЫКТЫ ТАМАШАЛАР
Бактыгүл Бадыева, “Жүрөк тагы” клиби.
Жигит: – “Супер-Инфого” сырларыңызды айтып жатасызбы?
Кыз: – Бир-бирибизге айтып жатабыз.
Жигит: – Мен бала кезде атам мага айтчу эле, болгон сырларыңды “Супер-Инфого” айтсаң болот, анткени...
Кыз: – ... “Супер-Инфо” сырларды терең жаят!
“Супер-Инфо”
“Жылдыз ырчылар”
“Фан клуб”
“KG 77”
“Ак-Өргө City”
Махабат Догдурбекова
tamasha@super.kg