«НЕРВИН АЛДЫРСА ДЕН СООЛУК НАЧАРЛАЙБЫ?»

Суроолорго Улуттук госпиталдын №3-неврология бөлүмүнүн башчысы ЖАМАЛБЕК ТУРГУНБАЕВ жооп берет

– Апамдын дайыма эле башы ооруй берчү. Жайкысын күнгө таптакыр чыга алчу эмес, короого чыкса да баш кийим кийип чыкчу. Бир нече жолу ооруканага жатып да дарыланды. Анан бир көзү таптакыр эле ачылбай калды. Невропатологго көрүнсө «нерв менен артерия жабышып калыптыр» деп башынын оң жагындагы нервин алып салышты. Операциядан кийин оң көзү жакшы көрбөй, кулагы жакшы укпай жатат?

Асема, Каракол

– Баштагы четтик нервди алса анда кулакка, көзгө эч кандай тиешеси жок. Эгерде борбордук нерв системиндеги нерв алынса анда көзгө, кулакка таасир этет, начарлайт. Убакыттын өтүшү менен акырындан калыбына келет. Ден соолугу начарласа сөзсүз дарыгерге кайрылышы керек.

 

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
aikokul14
2016-03-21 10:45:49
Супер,климакс жонундо маалымат алып бериниздерчи,деги эле климакс женил отушу учун дарданып журсо болобу?
+2
admin_superstan
2016-03-21 11:09:56
aikokul14, саламатсызбы? Климакс жөнүндө бул жерден маалымат алсаңыз болот: http://www.super.kg/article/show/32219
0
Sagidko88
2016-03-21 15:31:37
Админ. Сизден сураныч баланы эмчектен чыгаруу боюнча макала бар болчу сиздерде.ссылкасын беринизчи аябай керек.чон рахмат.
0
admin_superstan
2016-03-22 16:50:35
Sagidko88, саламатсызбы? http://www.super.kg/article/show/30635
0
adilet_3234
2016-03-22 16:28:08
Урматтуу admin чачтын агарганда жана беттин бырышын (коздун тегерегин) канткенде арылса болот билип бериниздерчи. Же кандай каражаттарды колдонсо болот
0
AlbertEnshtein
2016-03-23 01:04:13
adilet_3234, косметолог го кайрыл. Инъекция саят же крем жазып берет. Ал эми чачты же боеп же витамин ичиниз. Эгер каарылыктан агарса бое гана жардам берет.
0
simone
2016-03-23 11:07:01
Менин да башым коп ооруйт, давлениям бар. Кудай сактасын кулак менен козумон, 3баламын бешенесине бар болоюн.
+1
naristem2016
2016-03-23 15:42:33
Саламатсыздарбы... Мен торот уйундо жатам давлениям тушпой жатат,айым болсо болуп калды. Врачтар эмнеден давлениям которулуп жатканын билбей жатышат. Мен эмне кылсам болот? Жардам бериниздерчи.
0
gulsara2682
2016-03-25 15:19:38
naristem2016,кандайсын жакшы болуп калдынбы? доктурлар жакшы эле карап жатышабы?
0
Ibragim06
2016-03-25 15:37:08
Апамдын башы тез тез кыймылдап ооруйт.сураныч админ жооп алып бериңчи.суроону ушул жерге жаздым жетиштүүбү же номериңерге званок кылып кеңеш сурашым керекби.кийинки жумага жооп алып бере аласыңарбы врачтан.
0
admin_superstan
2016-03-25 17:55:45
Ibragim06, саламатсызбы? Сурооңузду kenesh@super.kg дарегине жөнөтүңүз.
0
mars.maks
2016-03-26 23:05:45
саламатсызбы менин тизем ооруйт суукта какшап эки үч жолу көрүндүм натыйжа чыккан жок не кылсам болот жооп берсеңиздер алдын ала рахмат
0
admin_superstan
2016-03-28 10:17:41
mars.maks, саламатсызбы? Сурооңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук, суроолор kenesh@super.kg дарегине жөнөтүлүшү керек.
0
№ 698, 18-март-24-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан