СҮЙҮҮБҮ ЖЕ ҮЙ-БҮЛӨБҮ?

Жүрөк сыры

Жүрөк өйүгөн маселесин айтууга редакциябызга баш баккан Зарина аттуу айым «мен ушуга чейин ата-энемдин, күйөөмдүн каалоосу менен жашап келиптирмин. Мындан ары минтип жашай албайм! Анткени...” деп сөз баштады. Каарманыбыздын тагдырын өз сөзү менен бердик.

“АЛА КАЧЫП, БАКТЫМДАН АДАШТЫРЫШТЫ”
– Тагдырдын сыноосу 17 жашымда эле башталды. Окууну бүткөндөн кийин кошуна айылдык бир жигит мени ала качып кетти. Ата-энем көз жашыма түтпөй, ошол эле күнү алып баса беришти. Ошол окуядан кийин тез эле борборго окууга кеттим. Максат-тилектерим аябай көп эле. Окуумду бүтүп, илим менен алектенгим келип Илимдер академиясында да иштеп жүрдүм. Ошол жылы мен Нурлан аттуу жигитке жолугуп, аны аябай жактырып калдым. Анын жердиги көлдүк, мен баткендик болчумун. Бирок биздин сүйүүбүзгө тоскоол боло турган эч нерсе жоктой көрүнчү. Ошол күндөрү мен эс алууга чыгып, туулган жериме барып келмей болдум. Кийин айылыма келгениме аябай өкүнөрүмдү билсем кана?! Келбей койсом эмне? Айылга келгенде эле чоң атамдын карындашы мени көрүп, өз баласына ылайыктап койгон тура. Мына кетем деп жаткан күнү ала качышты. Бул жолу дагы басып кетиштен тартындым. Эртең эле “кара далы болуп калды. Эмнеге эле кыйын болот?” деген сөз ээрчирин билдим. Аргасыздан тагдырыма баш ийип отуруп калдым.
Шаарда окуп калган кыздар мени тү­шүнүшсө керек. Шаарда жүрүп аң сезими өсүп калган адам менен айылдан сыртка бир кадам чыкпаган, көз карашы чектелген адам эч эле тил табыша албайт экен. Күйөөмдү карап күлөйүн дейм, күлө албайм. Сүйлөйүн деп сүйлөй албайм. Эч жүрөгүм жылыбайт. Төшөккө жаткандан заарканам. Балким, бооруна тартып жылуу сөзү менен имерип алса көнүп кетет белем, ким билсин?! Бирок ал антпеди. Ыйлай бергенимден улам ата-энем алып кетишти. Шаарга кетейин десем, апам “турмушуң бузулду. Сенин тагдырыңды ойлой берип ажалымдан мурун кайтып кетпейин. Кандай болсо да, көз алдымда бол” деп жөнөтпөй койду.
Ошол учурда Нурлан менин ажырашканымды угуп, мени күтүп жүргөнүн бир таанышымдан уктум. Бирок ага барганга акым жоктой туюлду. Качандыр бир кезде “сен мага жубан тийгенсиң?!” деп жиберсе эмне болот деп эзилдим. Экөөбүздүн ортобуздагы булактай таза сезимди булганыч сөз аралашын каалабадым. Ошол күндөрү мага кайрадан жуучу келди. Апам “кызым, мага караан болуп жанымда бол. Ушул жигит сага ылайык” деп туруп алды. Ошентип, жүрөгүмдө кенедей жылуулук жок туруп кайрадан башка адамга баш коштум.

“КАЙРАДАН КЫЙНОО”
– Турмуш өтүп жатты. Күйөөм беш маал намаз окуган такыба адам. Мен деле Кудай деген адаммын, бирок күйөөмдүн туура эмес кылыктары менин динге болгон урматымды өчүрүп салды. Күйөөм арабча билип дин эрежелерин аткарганы менен, адамдык сапаты мактанарлык эмес эле. Мээрим, жакшы сөз, сүйүү күткөн менин көкүрөгүм какыраган чөлдөй болуп какшып баратты. Аны менен кимдин иши бар? Кантейин, эки кызым үчүн жашап жүрдүм. “Элдин аялдары уул төрөйт экен. Кыздарыңдан сенден артык аял чыгат дейсиңби?” деп кулак-мээмди жей бергенинен уул төрөп берсем, балким, мамилебиз өзгөрөт деп ойлодум. Айрым бактылуу аялдардай болуп мен жөн салды да бала көтөрө алчу эмесмин. Талгак болгондо башымды көтөрө албай кусуп, тим эле адам чыдагыс абалга келип калам. Күйөөм менин бул абалымды түшүнбөй, кайрадан мээмди эзип баштады. Куру дегенде эки ай чыдап койсо, балким, уулдуу да болуп калат белек?! “Элдин аялдарындай тууй албагандан кийин барып алдырып сал!” деген сөзүнө өчөшүп, баланы алдырып салдым. Ошентип, келечекке болгон үмүтүм үзүлдү.

“12 ЖЫЛДАН КИЙИН...”
– Ошентип эзилип жүргөн күндөрүмдө тагдырдын мага боору ачыдыбы, бактым алдымдан чыга келди. Ооба, так ошондой болду. “Ош базарында” Нурлан экөөбүз капысынан кезигип калдык. Бири-бирибизди көз ирмемде тааныдык. Он эки жыл... Ушул жылдарды моюнума албасам да, Нурлан эч оюмдан чыкпаганын ошондо туйдум. Экөөбүз ал-жай сурашып кафеде отурдук.
– Кандай анан? Бактылуусуңбу?- дедим мен анын көздөрүнө тигилип.
– Бактылуубу? Ооба, бактылуумун. Балдарым бар. Баладан ашык бакыт жок го бул жашоодо... А өзүңчү? Бактылуусуңбу?
– Менби? Мен... Мен...- деп алып эле ыйлайм. Чын эле мен бактылуумунбу? Эл катары күйөөм, балдарым, үй жайым бар. Эгерде бакыт ушуну менен эле чектелип калса, анда мен бактылуудурмун. Бирок эң негизгиси, эң маанилүү нерсе жашоомдо жок болуп, карайлап турбаймынбы. Ушуну ойлоп бактылуу же бактысыз экенимди билбей ого бетер ыза болдум.
– Ыйлабачы... Нурлан мени жалооруй карап саамайымдан сылады. Мен ого бетер энесин эми көргөн жаш баладай өпкөлөп ыйладым. Баарынан ыза болгонум, он эки жыл коюнунда жатып, эки бала төрөп берген күйөөм бир да жолу көзүмө тигиле карап, көз жашымды сүртпөгөн эле. Көрсө, мен кадимки эркектин мамилесине, мээримине куса болуп жүргөн экенмин. Нурлан көзүмдүн жашын унчукпай аарчып отура берди. Анан машинасына салып үйүмө жеткирип койду.
Нурланга жолукканга чейин жөн гана жашап жүргөнүмдү түшүндүм. Эми мага аалам башкача көрүнө баштады. Узак жылдар бою эч нерсе туйбай, эч нерсе билбей тек гана энелик, аялдык милдетимди аткарып жүргөн экенмин. Мындан ары минтип жашай албасымды билип, күйөөм менен ажырашууну чечтим. Чынын айтсам, Нурлан менен деле бирге боло албасымды билип турам. Анткени анын төрт баласы, алмончоктой жары бар. Он эки жылдан кийин келип алып алардан Нурланды талашканга акым жок. Ырдап жүрөт го “пройти, хотя бы раз, по краешку твоей судьбы...” деп. Так ошондой аз гана убакытка болсо да, Нурлан менен тагдырлаш болсом дейм. Андан балалуу болгум келет. Жашоомдо өзү болбосо да, анын кичинекей бөлүгү менде жашайт эле.
Бир күнү чындап эле жиндилик кылдым. Нурланга чалып, менден балалуу болгуң келеби дедим. Ал күлүп жиберди да “надо подумать” деди. Билип турам, бул кылыгым, албетте, күнөө. Бирок жалгыз мен күнөөлүүмүнбү? Эгерде эски салт менен тагдырыма балта чаппаса, мен да бактылуу болмоктурмун. Эмне үчүн менин аз да болсо бактылуу болгонго акым жок? Мени айрымдар көпкөн аял же акылсыз жан экен деп ойлошор. Демек, алар мендей дил азабын тартышпагандар. Сүйүү бар экенин билбегендер. Жакында күйөөм менен сүйлөштүм. Кыскасы, бул чечим менин экинчи төрөлүүм болду деп ойлойм.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Venchuk
2010-02-15 14:26:14
Ар бир адам бактылуу болгусу келет. Бирок жети олчоп, бир кесиш керек го дейм.
0
Таллас
2010-02-19 23:22:52
Баары болот дечи турмушта. Бирок, бул бирөөнүн (редакциядагылардын эле, албетте) жазган аңгемеси экени айдан ачык болуп турат.
+1
adilbek
2010-02-20 13:29:54
аягы жок болуп бутту мен акырына тушунбой калдым
0
caky
2010-02-21 20:35:25
Bul redakziada gazylgan angema bolgon kundo dagy,baaribir myndaj okuja turmuwta kezdewse kerek.Kyrgyzstanda ala-ka4uu sistemabyz bolbogondo balkim bul egebizdin turmuwu takyr bawka4a bolmoktur.Akyrky ubakta ala-ka4uu koptordun turmuwuna balta 4aap kelet.
0
aiklaus
2010-02-23 03:52:09
emnesi bolso da biroonun konulu uchun dep shuro berbei osu chechim chygarysh kerek bolchu.Degi kanchanchy kylymda shashap shatabys kysdar.
Al emi eki kysynyn barkyn sesbegen kuioono emne septin oshonu aldyn debeisinbi.
0
Шаа
2010-02-24 10:06:37
Бактылуу болуш учун курошуш керек. Ошондуктан сенин кадырына жетпеген молдо сорой куйоон кыздарындын да баркына жетпейт. Андыктан, бакыт учун курош демекчимин жана экинчи торолушун менен чын ниетимден куттуктаймын.
+1
2010-06-22 01:44:50
чыныдыгында кайгылуу турмушка туш болуптурсун
+1
maksimus
2012-03-20 19:15:11
eeeeeh jalko. jaman ele. degi. ech kim bilbeit emne boloorun
0
rozka
2013-01-25 14:35:53
Ажырашсан дагы жигитин менен мамиле тузбо тороймун андан дебе ал бактылуу экен бузба уй булосун...сага да бакыт кандай келгенин озун билбей каласын бактылуу бол
+1
Ziregul
2018-11-24 15:58:30
Бактылуу болу ар бир адамдын оз колунла болгону бизден бир аз аракет керек
0
ayko24
2018-11-25 00:43:26
Кызык, экообуздун тагдырыбыз окшош экен, бирок мен эч сендей чечим чыгара албай койдум. Жашап эле келе жатам жолдошум бар,бирок сендей мээримге, жылуу созго зармын.
0
№ 380, 12-18-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан