Күнүмдүк тиричиликке байланышкан же болбосо чечүү кыйынга турган үй-бүлө маселелери адамды туӊгуюкка такап, чайналган учурлар болот. Көбүнчөсү мыйзам чегиндеги чечимди талап кылгандыктан, окурмандардын суроолоруна Бишкектеги «НАСА» юридикалык корпорациясынын башкы директору Нурбек Абдалиев жооп берет.
– Бир таанышым менден көп суммада карыз акча алган. Кийин ал мага акчаны бере электе эле «акыл-эси жайында эмес» деген маалымдама алып, ооруканага жатып алды. Карызымды сураган күндө да ал колундагы маалымдамасын көрсөтүп, бербейм деп койсо мыйзамдын негизинде төлөтө албай каламбы деп жатам. Колумда тил каттан башка далил да жок. Ошол тил каттын негизинде жакын туугандарынан карызымды өндүрө аламбы? Менден карыз алып жаткан учурда ал акыл-эси жайында, жакшынакай эле жүргөн.
Жыпара, Жалал-Абад облусу
– Эгерде карызкор сизден алган акчаны кайтарып бербей коюу амалы менен акыл-эси жайында эмес деген маалымдаманы көрсөтсө, анда сотко тил каттын негизинде доо арыз жазсаӊыз болот. Ал үчүн тил каттын сотко кайрылуу мөөнөтү өтүп кетпеген болушу керек. Эгерде доо арыз соттук териштирүүгө өтүп жана жоопкер (карызкор) баягыдай эле «акыл-эси жайында эмес» деген маалымдаманы көрсөтсө, соттун чечимин талап кылыӊыз. Анткени бир гана сот жарандын акыл-эси жайында эмес же жайында деп тааныйт. Менимче, карызкор сизден алган акчаны кайтарып бербей коюунун амалын издеп, «акыл-эсим жайында эмес» деп шылтоо кылып жатышы мүмкүн.