Күнүмдүк тиричиликке байланышкан же болбосо чечүү кыйынга турган үй-бүлө маселелери адамды туӊгуюкка такап, чайналган учурлар болот. Көбүнчөсү мыйзам чегиндеги чечимди талап кылгандыктан, окурмандардын суроолоруна Бишкектеги «НАСА» юридикалык корпорациясынын башкы директору Нурбек Абдалиев жооп берет.
– Жолдошум экөөбүз үйлөнгөн соӊ нике күбөлүгүн алып, каттоого тура электе эле ажырашып кеткенбиз. Ортобузда 1,5 жаштагы балабыз бар. Балага күбөлүк алайын десем ортодо нике тууралуу күбөлүгүбүз жок. Колумда баламдын төрөлгөндүгү тууралуу маалымдамасы бар. Алимент төлөтүүгө менин укугум барбы?
Кадича, Баткен облусу
– Сиз биринчиден, балаӊыздын төрөлгөндүгү тууралуу маалымдамасын алып сотко кайрылышыӊыз керек. Баланын атасын сот тартибинде аныктоо керек. Бул учурда сот сиздин жолдошуӊуздун баланын чыныгы атасы экендигин тастыктаган далилдерге таянып чечим чыгарат. Соттун чечими чыккан соӊ никеге турбагандыктан, балаӊыз
3 жашка чыкканга чейин алимент өндүрүүгө укуктуусуз.
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg