Учурда популярдуулугу артып, баары кыңылдап ырдап жүргөн «Торгоюм» ырын көпчүлүк элдики деп билишет. Бул ырга Нурмат Садыров «жан берип», экинчи жолу өмүрүн узартканга салымын кошту окшойт. Бирок аталган ырдын сөзүнүн автору кадимки айылдык акын экен. Редакциябызга ырдын автору Рыскулбек Турсуналиевдин кызы Гүлнара Турсуналиева келип, «Торгоюм» ыры атасына тиешелүү экенин билдирди.
«АПАМДЫ «КИЧИНЕКЕЙ ТОРГОЮМ» ДЕП ЭРКЕЛЕТЧҮ»
– Атам Рыскулбек Турсуналиев 1935-жылы Талас облусунун Миң-Булак айылында төрөлгөн. Чоң атам тегирменчи, чоң апам болсо ыр-бийге шыктуу, ооз комузчу да болуптур. Кыязы, атам чоң апамды тартса керек. Атамдын музыкага шыктуу экенин билген ата-энеси аны Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга окутушат. Атам филармонияда Тууганбай Абдиев, Ашыралы Айталиев жана башка белгилүүлөр менен ийиндеш иштешет. Бирок болбой эле айылдын касиети тартып, айылдагы мектепте 30 жылдан ашуун ыр, кол эмгек, сүрөт сабактарынан мугалим болуп иштеп калат.
Атам «Торгоюм» деген ырды 48 жашында жазган. Апама жаңы үйлөнгөндө эле аны Орусияга аскерге кызмат өтөөгө чакырып, 3 жыл аскерде жүрүп келет. Ошол кезде апам чымчыктай болгон кыз экен. Атам апамды чымчыкка салыштырып «кичинекей торгоюм» деп эркелетчү. Кийин экөө 8 балалуу болуп, апама арзуусун, дил тереңинде уялаган ыраазычылыгын билдирүү максатында «Торгоюм» ырын жазат.
«АЛГАЧКЫ ЖОЛУ «САРМЕРДЕНДЕ» ЖАҢЫРДЫ»
– «Торгоюм» ырына Советбек Урматбеков деген музыкант агай обон жазгандан кийин ыр кеселерде, айыл кечелеринде дайыма ырдалып, Таласта көбү билчү. Бир күнү сыналгы көрүп отурсам «Сармерденде» Айтбү Атамбаева деген аткаруучу ырдап жатат. «Атамдын ыры го» деп сүйүнүп кеттим. Айылдаш, тааныш-билиштердин баары чалып, «кечээ берүүдөн атаңдын ырын ырдашты» деп айтып калышты. Андан кийин Гүлзат Батырканова ырдап чыкты, учурда Нурмат Садыров аткарып жүрөт.
Атам 2010-жылы оор илдеттен каза болуп калды. Анын өзү калбаса да аты калсын деп «Торгоюмду» «Кыргызпатентке» барып атама каттатып, мен мураскер болуп алдым. Учурда атамдын ырын жайылтып аткарып жүргөн ырчыларга ыраазымын, бирок суранарым, авторун кошо атап жүрүшсө арбагы сүйүнүп калат беле дейм. Жакында эле Нурмат концерт берип, бизди да чакырган. Ошондо апам сахнага чыгып «бул ырды абышкам мага арнаган» деп сүйлөсө, эл дүркүрөтө кол чаап абдан жакшы кабыл алышты.
Лунара Бекиева
star@super.kg