АКЧАНЫ АКЫЛДУУЛУК МЕНЕН ТОПТО!

Кыргызстанда 2016-жылдын 14-мартынан 22-мартына чейин «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы» өткөрүлдү. Дүйнө жүзү үчүн глобалдуу болгон бул маанилүү кампанияга биздин өлкө экинчи жолу толук масштабда катышты. Иш-чаранын башкы максаты – жаш муундарга акчанын, финансылык рыноктун иштешин, алар эмнени түшүндүрөрүн, насыя же аманат сыяктуу түшүнүктөрдү кененирээк билүүгө түрткү берүү болуп саналат. Өлкө боюнча өткөрүлгөн бул кампаниянын жүрүшүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жетектегендиктен, бул башкы финансылык мекеменин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана финансылык сабаттуулук бөлүмүнүн башкы юристи Майтпасов Мирлан Эшенкуловичти кепке тарттык.

– Саламатсызбы, Мирлан мырза? Айтсаңыз, жакында «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы» жыйынтыкталды. Анын негизинде алдыга койгон максатыңарга жете алдыңыздарбы?
– Жумалыктын башкы максаты – жаш муундун үнөмдөө маданиятын өнүктүрүп, келечекте тең салмактуу финансылык чечимдерди кабыл алууга өбөлгө түзүү боюнча тийиштүү билим берүү болуп саналган. Азыркы учурда Кыргызстанда карыз алуучулар жана насыяларды тейлөө боюнча бир катар кыйынчылыктардын жаралып жаткандыгы баарыбызга маалым. Биз келечекте мындай көйгөйлөрдүн кайталанбашын каалайбыз. Ошондуктан «Дүйнөлүк акча жумалыгынын» жүрүшүндө өсүп келе жаткан муундарга финансылык ресурстарды туура бөлүштүрүү, акчаны жана өздүк киреше менен чыгашаны санай билүү, насыяны туура алуу сыяктуу көптөгөн маселелерди айтып, түшүндүрүп бердик. Тилекке каршы, мындай билимди жаштарга билим берүү мекемелеринде беришпейт. Жумалыктын алкагында өлкө боюнча 200дөн ашуун иш-чара өткөрүлүп, жогоруда аталган көйгөйлөр тууралуу талкуулар жүрүп, жалпысынан 16 000ге жакын мектеп окуучуларын жана студенттерди камтыганга жетиштик. Биз уюштурган иш-чарага катышкан жаштар айтылган кеп-кеңештерди эстеп же түшүнүп калса, бул биздин максатыбызга жеткендигибиз деп ойлойм.

– Сиз жогоруда айтып өткөн 200дөй иш-чарага токтоло кетсеңиз. Алар кандай иш-чаралар жана кимдер уюштуруп, өткөрдү?
– «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын» алкагында бир гана борбордо эмес, бүт Кыргызстан боюнча окуучулар менен студенттер үчүн атайын окутуучу иш-чаралардын өтүшү пландалган. Тагыраак айтсак, көчмө лекциялар, финансылык мекемелерге экскурсиялар, ошондой эле коммерциялык банктарда, мамлекеттик мекемелерде ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Ошону менен бирге чеберлер классы, тренингдер, тегерек стол, викторина, сынактар уюштурулду. Бул кампаниянын жүрүшүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жетектеди. Ал эми уюштуруучулардан турган демилгелүү топтун катарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин окутуу борбору, Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгы, Өнүктүрүү саясат институту, Кыргызстандын банктар союзу, Жаштардын өнүгүү институту, Депозиттерди коргоо боюнча агенттик, эл аралык жана башка уюмдар да кирди.

– Балдар арасында «Акчаны акылдуулук менен топтоңуз» темасында сүрөт тартуу, дил баян жана видеотасмага түшүрүү сынактары жарыяланбады беле. Анын жыйынтыгына токтоло кетсеңиз...
– Жумалыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан, жарандык коомдук уюмдардан, коммерциялык банктардан жана эл аралык уюмдардан түзүлгөн демилге тобу билим берүү уюмдардын окуучулары жана студенттери арасында "Катышыңыз. Акчаны акылдуулук менен топтоңуз!" темасына карата сүрөттөр, видеотасмалар жана эсселер боюнча сынак жарыяланган.
Сынактык иштердин тематикасы жана атайын жоболору алдын ала иштелип чыккан. Мисалга алсак, өз жашообузда финансылык пландоонун жана акча топтоонун ролу, менин жеке бюджетим жана башка ушундай сыяктуу тематикалары белгиленген.
Сүрөттөр сынагына катышуу үчүн 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр чакырылып, катышуучулар үч курактык топко бөлүнгөн. Видеотасма сынагына 12ден 18 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр чакырылып, сынакка жеке авторлор да, авторлор жамааты (тобу) катышкан. Эссе сынагы балдар үйлөрүнүн жана жатак мектептеринин 12 жаштан 18 жашка чейинки тарбиялануучуларынын арасында өткөрүлгөн.
Эмгектер 2016-жылдын 4-мартына чейин кабыл алынып, жеңүүчүлөрү жана айрым катышуучулары баалуу жана кызыктыруучу белектер менен жумалыктын жабылышында сыйланышты. Сынактын белектери Финка банк, Бай-Түшүм банкы жана Кыргыз инвестициялык кредиттик банкы тарабынан колдоого алынган. Жеңүүчүлөргө аталган банктардан аманат ачып берилди. 1-орунга 5000 сом, 2-орунга 3000 сом жана 3-орунду ээлегендерге 2000 сомдук аманаттар ачылып жана кошумча көптөгөн кызыктыруучу белектер берилди. Мындай сыйлыктар өспүрүмдөрдү банктык продуктулар менен азыртадан эле туура иштөөгө үйрөтүү максатында берилди. Ошондой эле Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде жеңүүчүлөрдүн эмгектеринин эки жумалык көргөзмөсү уюштурулду. Ал 6-апрелге чейин созулат.

– Мирлан мырза, «Акча жумалыгын» өткөрүү демилгеси кимге таандык? Бир аз тарыхына токтоло кетсеңиз...
– «GlobalMoneyWeek» масштабдуу компаниясы жыл сайын «ChildandYouthFinance» эл аралык жамаатынын колдоосунун алдында дүйнө жүзүнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө өткөрүлүп келет. Жумалыктын негизги максаты – балдарга финансылык сабаттуулуктун маанисин жеткирүү, ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү финансылык келечек үчүн жаңы муундун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган жылдык иш-чаралар топтому. GMW алкагында 2015-жылы 124 мамлекетте 3000ге жакын акция жана иш-чаралар өткөрүлгөн.

– Кыргызстандыктардын 19 пайызы гана финансы боюнча сабаттуу экенин Standard &Poor’s агенттигинин глобалдуу рейтингинде аныктап чыгыптыр. Ал эми сиздер ушундай иликтөө жүргүздүңүздөр беле?
– 2015-жылы Улуттук банк Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин аныктоо аракетинде республикалык масштабда иликтөө жүргүзүү демилгесин көтөргөн. Иликтөө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын буйрутмасы боюнча жана финансылык жеткиликтүүлүк Альянсынын колдоосунун алдында жүргүзүлгөн.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, сурамжылоого катышкан адамдардын жарымы өздөрүнүн финансылык абалын канааттандырарлык деп көрсөтүшкөн. Үчтөн бир бөлүгү өзүнүн финансылык сабаттуулук деңгээлин канааттандырарлык деп билдиришкен. Бирок ошол эле адамдардын арасында жүргүзүлгөн тестирлөө калктын финансылык деңгээли төмөн экендигин далилдеген. Сынакка катышкан адамдардын 17 пайызы гана финансылык сабаттуулук деңгээли канааттандырарлык болуп чыкты. Сурамжылоого катышкан ар бир бешинчи адамдын финансылык сабаттуулугунун деңгээли канааттандырарлык эмес болуп, ал эми ар бир онунчу адам такыр эле мындай билими жок экендиги аныкталды.
Калктын үчтөн бир бөлүгү өзүнүн киреше-чыгашаларына эсеп жүргүзбөгөндүгү жана сурамжылоого катышкан ар бир алтынчы адам акыркы айда болгон киреше-чыгашалары тууралуу так жооп бере алган жок.
Калктын дээрлик көпчүлүгү финансылык кызматтар менен колдонуунун алдында аларды көрсөткөн финансылык кредиттик мекемелердин сунуштарын изилдеп, салыштырбагандыгы жана башка көптөгөн маселелер боюнча деңгээлдин төмөндүгү аныкталган.

– Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу маселеси боюнча кандайдыр бир долбоорлор барбы?
– 2016-жылдын 18-мартында Кыргызстанда «Дүйнөлүк акча жумалыгын» өткөрүүнүн алкагында Бишкек шаарында Улуттук банк, жарандык коомдун уюмдары, коммерциялык банктар жана эл аралык уюмдардын курамынан турган демилгечи топ тарабынан «Финансылык сабаттуулуктун көйгөйлөрү жана аны чечүү жолдору» аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. Улуттук банктын өкүлдөрү тарабынан иш-чаранын катышуучуларына жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин аныктоо үчүн жүргүзгөн социологиялык иликтөөнүн жыйынтыгы сунушталды. Мындан сырткары коомчулукта биринчи жолу «2016-2020-жылдарга карата Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун программасы» долбоорунун бет ачары болду. Аны иштеп чыгууга мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын жана коммерциялык структуралардын өкүлдөрү катышкан. Мамлекеттик программа 4 жылга каралып, анын максаты финансылык сабаттуулук деңгээлин жана жарандардын финансылык жүрүш-турушунун маданиятын жогорулатуу менен финансылык чечимдердин деңгээлин финансылык билим жана тажрыйбалардын негизинде арттырып, финансылык кызмат көрсөтүүнүн шартын жакшыртуу жана ошондой эле финансылык билимдердин мыкты тажрыйбасын жайылтып, аныктоо болуп саналат.
Тегерек столдун катышуучулары Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулук деңгээлинин төмөндүгүн бүгүнкү күндөгү эң бир татаал маселе катары карашып, аны чечүүнүн жолун социалдык туруктуулук жана өлкөнүн экономикалык өсүшү, ага экономикалык инвестициялардын келиши менен байланыштырышты. Иш-чарада эл аралык тажрыйба активдүү талкууланып, биздин өлкөдө финансылык сабаттуулукту жогорулатуу үчүн ийгиликтүү методикаларды колдонуу сунушталды. Ошондой эле калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуудагы жергиликтүү финансылык секторлордун мүмкүнчүлүгү тууралуу суроолор каралды.

– Дүйнөлүк акча жумалыгынан сырткары жаштардын финансылык сабатын жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлөбү?
– Акыркы бир нече жылдан бери Улуттук банктын адистери жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары, студенттер чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнө жана ЖМКга үйрөтүүчү семинарларды өткөрүп келишет. Семинардын жүрүшүндө накталай акчаны жүгүртүү, финансылык пландаштыруу, банк продуктулары жана кызмат көрсөтүүнүн түрлөрү, насыя алуудагы жарандардын укугу жана милдеттери, аманаттарды (депозиттерди) колдонуу, төлөм кызматы жана башка суроолор талкууланат. Мындан сырткары мектеп окуучулары жана студенттер үчүн Улуттук банктын нумизматикалык музейинде тааныштыруучу экскурсиялар уюштурулуп турат. Экскурсиянын жүрүшүндө балдар акчанын пайда болуу тарыхы, адамдын тарыхындагы алгачкы төлөм инструменттеринен баштап азыркы монета жана банкнотторго чейин маалымдалат. Улуттук банк тарабынан финансылык сабаттуулукка багытталган finsabat.kg сайты иштелип чыккан. Бул ресурста финансылык сабаттуулук боюнча маалыматтар дайыма топтолуп жана жаңыланып турат.



Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 699, 25-март-31-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан