ЫЙЫК ВАЛЕНТИН КҮНҮ КЫРГЫЗДАРГА ЭМНЕСИ МЕНЕН ЫЙЫК?

Дебат-клуб

Ыйык Валентин күнү же Сүйүшкөндөрдүн күнү деген майрам бизге киргенине аз гана убакыт болду. Батыштан келген мына ушул майрам биздин менталитетке туура келеби? Канчалык таасирдүү? Ушул суроону талкуулоо үчүн редакциябызга бир нече конок чакырдык.

14-февраль Ыйык Валентин күнү христианчылыкта чоң майрам болуп эсептелет. Көпчүлүк маалыматтарда бул майрам биздин замандын 3-кылымында негизделген деп айтылат. Рим императору Клавдий "эркектер үй-бүлөсүнө алаксып, аскерге баруудан баш тартышууда" деп бардыгына үйлөнүүгө тыюу салган. А бирок Валентин аттуу чиркөө кызматкери бул тыюуга каршы чыгып, өзүнүн чиркөөсүндө жашыруун нике кыюусун уланта берген. Чиркөө кызматкеринин бул жоругу билинип калганда император мындай чыккынчылыгы үчүн Валентинди 14-февралда өлтүрткөн. Ошондон баштап Валентиндин урматына 14-февраль Сүйүү күнү деп белгиленип калган.

– Санжар, сиздин “ыйман жолуна түштүм” дегениңизди угуп жүрөм. Мурун бул майрамды майрамдачу белеңиз?
– Мындан 4-5 жыл мурун Рыспек Жантөрөев “Сүйүү күнүнө карата концерт коём, кел” деп калды. Ошондо гана ушундай майрам бар экенин билдим. Билгенден кийин деле аны майрам катары кабыл алгым келген жок. Анткени майрам десе эле биздикилер ичкилик ичип жатып калышат.
Сакиш: – Койчу, ай, болбогон сөздү айтпай. Эмне, 14-февралда эле ичкилик ичип жатыптырбызбы. Бут кийим алса деле майлап ичкендер толтура. Бул күнү арак ичилет деп эле Cүйүү күнүн жамандоо туура эмес. “Келчи, бүгүн бир сүйүшөлү” деп бетибизден өөп, белегибизди берүүнүн эмнеси жаман?
Замир: – Сүйүү болгон үчүн жашоо бар. Сүйүү болгон үчүн тукум уланып жатат, туурабы? Бул күндү деле Орозо айт, Курман айт сыяктуу мамлекеттик деңгээлде мыйзамдаштырып алсак жакшы болот. Сүйүү күнүн бийик деңгээлге көтөрүүгө мамлекет жактан колдоо керек.
Чубак ажы: – "Сүйүү күнүн мыйзамдаштыруу керек" дегендин өзү дөөпөрөсчүлүк. Орозо айт, Курман айт майрамдары болгондон кийин анын запкысын көрдүңөрбү же байкадыңарбы? Кана кимиңер айта аласыңар? Албетте, эч ким. Ал эми Сүйүү күнүнөн 2-3 жума өткөндөн кийин 2-3 жумалык бойдон алдыруу көбөйөт. Булар сактанса болорун билбей боюна бүтүрүп алгандар. Ал эми билип сактангандары канча. Мыйзамдаштырып алсак, анда ачык эле жашынбай бойдон алдырабыз деп чыгышат.
Аида: – Сиз аябай аша чаап кеттиңиз. Кыз-жигиттин мындай жорукка барышы Сүйүү күнүнө гана карата болбойт да. Алар кааласа мындай ишке башка убакытта деле барышат. Ушул күнү өзүн жигитине арнагандарды сүйүү үчүн курмандыкка баргандар деп билем.
Замир: – "Кыздар бойдон алдырат" деп бул жерде кыздарды гана күнөөлөө туура эмес. Кыздын жакшы көрөрүн билип туруп жигит ошол 14-февралдан пайдаланып жатат. Ал жигиттин деле карындашы бар да, ошону ойлоп койсо жакшы болмок.
Бактарбек: – Эркектер мышыкка окшош болобуз да өзү. Кайсы кыз “мыяу” десе мыёолоп анын артынан жөнөйбүз. Ошон үчүн 14-февралда болобу же башка күнүбү, кыскасы, кыздар өздөрүнө этият болуулары керек.
Кумар: – Чын эле биздин окуу жайда 14-февралга жакын кутуча пайда болот. Ал кутучага сүйүү каттары келип түшөт. Ошол кутуча аркылуу мен жыл сайын көп кат алам. Кээ бирлери ачык эле “өзүмдү арнагым келет, сенден төрөгүм келет” деп жазышат. Эми алар, чынында, кыздык ар намысынан эчак айрылган кыздар.
– Алардын кыздык ар намысынан айрылганын кайдан билесиң? Же ошол “өзүмдү сага арнайм” деген кыздардын арзуусуна кабылдың беле?
Кумар: – Мен ал күнү бирөөнүн арзуусуна жооп бермек түгүл кутучага кат салып көргөн эмесмин. Кыргыздын кыздары качан эле ушинтип ачык айтышчу эле? Ошондон улам аларды мен кыздык ар намысынан айрылгандар деп ойлойм.
Чубак ажы: – Негизи, шариятта никесиздердин сүйүүсүнө жол берилбейт. Турмуш курардан мурун кыз менен жигит туугандары аркылуу бир гана жолу жолугууга тийиш. Жактырышса үйлөнүшөт, жактырышпаса айла жок. Ислам боюнча сүйүү аял-күйөөнүн гана ортосунда болушу шарт.
Сакиш: – Ошондой кантип болсун? Тескерисинче, бойдок кездеги сүйүү сонун да. Үйлөнгөндөн кийин аял-күйөө күнүмдүк тиричилик, бала-бакыра деп ысык сүйүүдөн алыстап кетишет.
Санжар: – "Шарият боюнча окулган нике эки жаштын ортосун ысытат" деп коёт. Тааныбай туруп деле ала качып барып анан нике кыйылгандан кийин сопсонун жашап кеткендерди көрүп эле жүрбөйбүзбү.
– Замир, буга чейин Сүйүү күнүн кантип тосуп келгенсиз?
– Мен искусство институтунда окугам. 14-февралга аз калганда биздин коридордо ар жылы кутуча илинчү. Жактырып, бирок билгизе албай жүргөндөргө кутуча көпүрө болуп берет да. Кутуча ачылчу убакытты аябай күтчүбүз. Бирибиз калбай баарыбыз чогулабыз да, анан ачабыз. Кат алгандар сүйүнөт. Баарынан кат албай калгандарга жаман болот. Ошончо элдин арасында томсоруп туруп калат. Анткени ар бир адам өзүн сулуу, сүйкүмдүү сезет да.
Сакиш: – Ий, айтпа. Андай көрүнүштү элестетким да келбейт. Баарынан мага сен бирөөнү сүйүп жатсаң, ал башканы сүйүп жатып алат го, ошол жакпайт. "Сүйүүнүн көзү сокур" деген ушул да.
– Сакиш эже, сиз сүйгөн адам сизди карабай койгон окшойт, сөзүңүзгө караганда...
– Жок, мен сүйгөн адам мени деле сүйгөн. Башкача айтканда, чыныгы сүйүүгө жолуккам. Ал да, мен да бойдок болчубуз, бирок бирге боло албадык. Анын себеби айтылбайт, өзүм менен кошо кетет.
– "Негизи, адамдын ар бир күнү майрам болуш керек. Бирок ошол күндөрдүн бирин Сүйүү күнү деп белгилеп алсак эмнеси жаман?" деген пикирлер бар, Чубак ажы.
– Кыргыздарда ансыз деле майрам көп. Пол жуугучтар майрамы, электриктер майрамы, дарыгерлер майрамы, гезитчилер майрамы дегендей. Бир жылда 365 күн бар. Кыргыздардын майрамын санап чыкса 365 күн жетпей калат. Жеткириш үчүн бир жылды 400 күн кылуу зарылчылыгы келип чыгат. Атайын мыйзамдаштырбай эле аял-күйөө ар бир күнүн майрам кылып, жакшы сөз арноо менен өткөрсө болот.
Аида: – Андай болбойт. Өзүңүз карап көрсөңүз, турмуштук маселелердин көптүгүнөн улам аял-күйөө бири-бирин эркелетишкенге убакыт таппай калышат. Ал эми бойдок кезде баарына жетишсе болот. Кыз-жигит үйлөнгүчө жолукпаш керек деп чектеп койгудай биз такыр эле динге берилген мамлекет эмеспиз да.
Сакиш: – Молдолор акылдуу болуп эле кооз сөздөрдү сүйлөй бересиңер. Бирок айткан сөзүңөр менен кылган ишиңер төп келбейт. Кудай билет, сиз ар бир күндү майрам кылып жатканыңызды.
Чубак ажы: – "Молдолордун айтканы менен кылган иши дал келбейт" деген сөздү жөн эле айта бербей, факт менен сүйлөш керек. Мындай куру сөз айтуу уят. Ал эми өзүм жөнүндө айтсам, жубайлардын бири-бирин түшүнүү менен үй-бүлөлүк жүктү чогуу тартканынын өзү майрам.
Бактарбек: – Жогоруда "сүйүү бар үчүн тукум улап келе жатабыз" деген жакшы сөз айтылды. Ошон үчүн бул саптар эсиме келип жатат:
Сен айттың "сүйүүгө ишенбе" деп,
Чын сүйүү кинолордо, дастандарда.
Эгерде менин сүйүүм жалган болсо,
Сенин да жаралганың жалган анда.
Кумар: –Жанатан бери "Сүйүү күнүн белгилөө керек, керек эмес" деген бир топ сөз айтылды. Сүйүү күнү кыргыздын менталитетине туура келбейт деп сүрүп таштоо керек эмес. Бул жаштар үчүн жакшы майрам деп айткым келет.
Чубак ажы: – Ислам шариятында Ыйык Валентин күнү майрам катары бааланбайт. Ошону менен катар жубайлардын ортосунда болсун же никесиз сүйүшкөндөрдүн ортосунда болсун майрам катары белгилөөгө тыюу салынат.
Замир: – Мен бул майрамды колдойм. Болгону, Сүйүү күнүн билгизе турган бир эле элемент бар. Ал – кутуча. Андан сырткары да бул күнгө атайын жакшы бир элемент ойлоп тапсак деп жаштарга айткым келет.
Аида: – "Сүйүү күнүндө кыздар кыздык ар намысын жигитине арнайт" деген сөз мага катуу тийди. Ошондон улам кыздарга жигитти өзүнө каратуунун 1000 жолу бар. Өзүбүздү татыктуу алып жүрөлү дегим келет.
Сакиш: – Майрамдагысы келбегендерге жакшы майрам, келгиле, чогуу тосолу демекмин.
Санжар: – Сүйүү күнү жок эле жашап келгенбиз. Эми деле жашай беребиз. Азыр чоңдор эмес, кичинекейлер дагы 14-февралда бири-бирине кат жазышат экен. 1-класста окуган балам “мен Бегай деген кызды сүйөм” деп жатат. Уят эмеспи.

"14-февраль Сүйүү күнүндө айрым жаштар бири-бирине сүйүүсүн билдирип алат" деп кубанганыбыз менен, жогоруда терс таасирлери да айтылды. Чет элден келген бул майрамды майрамдоо керекпи же жокпу аны биздин бүгүнкү коноктордун сөзүнөн улам баамдасаңыз керек.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Барс
2010-02-15 20:48:21
Ушу биз, кыргыздар, кызык эле калкпыз да.Башка улуттарды туураганды, ошолорго окшошконду,ошолордой болгонду жактырабыз. Аныбыз биздин өң-түсүбүзгө, кыял-жоругубузга, дилибизге, салт-санаабызга туура келеби, жокпу, аны ойлоп да койбойбуз.Ошондон улам аялдар мини юбка кийүү, чачты кесүү, ашыкча боенуу, эркектер чачын өстүрүп, өрүп коюу, кулагына, мурдуна сөйкө тагуу жоруктары, анан ушул Валентин к
0
Барс
2010-02-15 20:49:55
Калганы кана???
0
anakonda
2010-02-16 11:52:13
Эмнеге уят болуш керек? То, что не можете себе позволить каждый день, т.е. признаваться в Любви или дарить подарки, то хотя бы радуйтесь, что есть такой День Любви - Святого Валентина! Некоторые даже в такой праздничный день не могут себе позволить высказаться!
0
Rim
2010-02-16 14:59:21
ар нерсенин жолу бар, чеги бар жолу менен майрамдаса болот демекчимин.
0
Тынчтыкбек
2010-02-18 15:08:21
Мамлекеттик деңгээлде майрамдалыш керек деп атат го бирөө? Эми ушул кудайга жагабы. Сүйүктүүң менен болгон сүйүүнү бир күн менен чектегенге болбойт го. Ар күнү сүйүшүш керек! Анан эле христиандардын салтын кылып 14-февралды майрам күнү кылып, түбөлүк сүйүүбүздүн узактыгын бир күнгө түшүрүп салсак болм
0
dodge
2010-02-20 08:45:23
Болбогон нерсе.Деги эле Кыргыз элине,мусулмандарга туура келбейт.Замир деген бул каапырлардын күнүн улуу майрамдарга теңеп тыштаптыр идиот.
0
№ 380, 12-18-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан