ДААРАТ КАГАЗ ЖӨНҮНДӨ

СССР доорунда даарат кагазды элдин 5-10 пайызы гана колдонгон. Товар дефицит болгондуктан көпчүлүк эл китеп, дептер, гезит барактарын колдонушкан, азыр деле колдонуп келишет.
Өлкөбүз базар экономикасына өткөндөн бери ишкерлер даарат кагаз өндүрүп, элибиз даарат кагаз колдонуп жүрүшөт. Алгач боз өңдүүсүн гана колдонуп жүргөн болсок, учурда даарат кагаздын түрү көбөйдү. Жадакалса картондон жасалган кара өңдүү кагаз базарларда пайда болду.

ДААРАТ КАГАЗДЫН ТҮРЛӨРҮНӨ КАЙРЫЛСАК:

  • Картондон жасалган кара өңдүү даарат кагаздын даанасы – 4-5 сом.
  • Макулатурадан жасалган боз өңдүү даарат кагаздын даанасы – 6-7 сом.
  • Басмаканадан чыккан кагаздардын таарындысынан даярдалган ак өңдүү даарат кагаздын даанасы – 10-12 сом.
  • Таза целлюлозадан даярдалган, ар кандай сүрөттөр менен кооздолуп, жыпар жыт берилгендердин даанасы – 15 сом.

Ар ким капчыгына жараша даарат кагаз тандап алат. Жогоруда көргөзүлгөн 1-2-пункттагы даарат кагазды колдонуу ден соолукка кооптуу экенин дүйнөлүк окумуштуулар далилдеп келишет. Себеби макулатура бир гана китепканалардан келбестен, таштандылардан ар кандай шарттарда бир нече жолу иштелип, кагаздар макулатура болуп кайрадан өндүрүшкө кайтып келет. Көпчүлүк эл кара-боз өңдүү даарат кагаз колдонууну адатка айлантып алышкан. Мындай даарат кагаз колдонгондо аллергия оорулары, ошондой эле жыныстык органда жана көтөн чучукта сезгенүү, геморрой, цистит ооруларын күчөтөт. Андыктан даарат кагаз тандоо мааниге ээ. Даарат кагаз сапаты түрмөктүн чоңдугунан же тыгыз оролгондугунан кабар бербейт. Даарат кагаз жумшак болушу зарыл.
«Белая Берёза» компаниясы жаңы үлгүдөгү даарат кагаздын түрүн өндүрөт. «Стандарт» жана «Лепесток» даарат кагазы башка кагаздардан өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Тазалыгы жагынан стандарт кагазы макулатуранын МС-1, МС-2 түрүнөн даярдалат. МС-1, МС-2 маркасы бул басмаканадан чыккан кагаздын таарындысы дегенди түшүндүрөт. Ал эми «Лепесток» даарат кагазы
100 % целлюлозадан даярдалат.


КОМПАНИЯ ТИРИЧИЛИК МАКУЛАТУРАСЫН КОЛДОНБОЙТ
Компания даяр кагаздарын, башкача айтканда, даарат кагаздын негизин Орусиянын «Целлюлозно-бумажный заводу» менен түз келишимде алып келет. Бул жерде жаңы заманбап жабдуулары менен кагазды түрмөктөп даарат кагаз кылып чыгарат. «Стандарт», «Лепесток» даарат кагазы кыстыруу жолу (тиснение) менен жумшартылып, колдонгонго ыңгайлуу болуш үчүн (перфорация) үзүлө турган сызыгын бастырат.
Компаниянын продукциялары сатыкка чыга баштаганына бир аз убакыт болсо да кардарлардын сүймөнчүгүнө айланууда. Тышкы көрүнүшү жана ички сапаты кардарларды кайдигер калтырбайт. «Тазалык – ден соолуктун булагы» дегендей, компания кардарларга чың ден соолук, узун өмүр каалайт. Биздин максат – элибизге таза кагаз таратуу. Товар тастыкталган.

0555 721 555

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
chynara-84
2016-03-28 10:37:17
Реклама
+12
Asel78
2016-03-28 13:35:30
Топуракты деле колдонуп келишкен
+6
nursultan67
2016-03-29 03:33:59
Asel78,артынан суу менен жуушкан
+2
secretik
2016-03-29 11:00:15
Реклама башка компаниялардыкын албайлыбы
+2
tavsan
2016-03-29 16:32:11
reklama ekeni dagy chyndyk, ar kanday oorulardy alyp kelishi dagy chyndyk, reklama ele dep ishenbegender kara kagaz koldono bergile, oidodo jazgandar topurak menen koldono bergile dagy artynan suu menen juup koigula! ))))
0
admin_superstan
2016-04-01 12:38:18
Abdyrawit, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
№ 699, 25-март-31-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан