БАЛЬЗАМ «ВОЗРОЖДЕНИЕ» БИЗДИН, ЯПОНДОРДУН САЛАМАТТЫГЫ ЖӨНҮНДӨ АЧУУ ЧЫНДЫК

Статистика боюнча, япондор тамеки тартуу, спирт ичимдиктерин ичүү жагынан алдыда турат жана да күнүнө 12 саат иштешип, жылына 15 күн гана эмгек өргүүсүнө чыгышат. Ошого карабай алардын орточо жаш курагы 83 жаш. Бизге салыштырмалуу 22 жылга көп жашашат.

Жашоонун эки гана варианты бар. Биринчиси – керемет деген нерсе жок, экинчиси – жашообуз кереметтерге бай.

А.Эйнштейн

– «Возрождение» бальзамын дарыгердин сунушу менен колдонуп келе жатам. Мурун уйку дарысын ичпесем уктай алчу эмесмин, азыр уйкусуздук деген нерсени унуттум. Алсыздык, чарчоо деген жоголду. Эң кубантканы – көрүүм кадимкидей жакшырды. Азыр мен 60тан аштым. Карыганда ден соолугуң жакшырып баштаганын сезсең аны бирөөлөр менен бөлүшкүң келет экен. Мен бальзамды пенсионерлерге да сунуштайм. «Возрождение» бальзамын чыгаргандарга терең таазим.

Айткүл Абдыманапова, Бишкек ш.

– Мен капыстан эле ооруп калып, ооруканага мени көтөрүп алып барышты. Дарыгерлер ден соолугум эмне үчүн минтип начарлап кеткенинин себебин билбей, диагноз коё албай коюшту. Бир жарым жыл ичинде ошентип 3 жолу ооруканага жатып чыктым. Акыры кардиология институтунан «диффуздук богок» деп дартты аныкташып, гормон дарыларын жазып беришти. Ошондон кийин мен жакшы эндокринолог издеп, эки дарыгерди таптым. Ага чейин «Возрождение» бальзамынын таасири жөнүндө угуп жүргөм. Дарыгерлерден бальзам тууралуу сурап, жарытылуу жооп ала албай койдум. Алар кайра эле гормоналдык дарыларды жазып беришти. Дарылардан боорум ооруп, жүрөгүм да тынчымды алчу болду. Кайра жакшы эндокринологду издеп, Казакстандын Эмгек сиңирген дарыгерин таптым. Ал дароо эле препараттарды токтоттуруп, бир жарым жылдан бери организмди дарылар менен кыйнап келгенимди айтып, «Возрождение» бальзамын сунуштады. Ишенсеңер, бир жарым жыл бою төшөктө жатып калгам. Бальзамдын жардамы менен минтип кайра өзүмө келип, басып калдым. Азыр өзүмдү аябай жеңил сезип жатам.

И.И.Исаев

– 2003-жылы кургак учук болуп тубдиспансерде 1 жыл жаттым. Ошондон кийин ал жак мага экинчи үйүмдөй болуп калды. Жыл сайын барып текшерилип, дарыланып турам. 2007-жылы «Возрождение» бальзамынын порошок түрүндөгүсүн колдонуп көрдүм. Эми болсо кубанычымда чек жок, акыркы текшерилгенимде толук айыгыпсыз деп жыйынтык чыгарып беришти. Керемет бальзамды чыгаргандарга чоң рахмат!

Р.Какенова

– 2006-жылы эки ирет микроинфаркт, 3 жылдан кийин инсульт болдум. Эс-тутумум жоголуп, сүйлөй албай, колдорум иштебей калган. Анан да башым катуу ооручу болду. Стационарда бир дарылануу курсун алып чыккандан кийин «Возрождение» бальзамы тууралуу макаланы окуп калдым. 4 жолу колдонуп, бир айдан кийин кадимкидей оңолуп баштадым. Азыр деле ичип жатам. «Возрождение» бальзамын чыгаргандарга рахмат!

А.Бекназаров

– Менин богогум, мастопатиям бар. Бир нече жолу дарыландым, дарылоо курсунан өткөн соң дарыгерлер кичирейиптир дешет, бирок бир нече убакыттан кийин кайра эле чоңоюп кетет. Бальзам тууралуу 2003-жылы эле окуган элем. Андан кийин мага эндокринолог да сунуштаган. Башында порошогун колдонуп, кийин бальзамга өттүм. Мына быйыл 6 жыл болду, бальзамды жылына эки жолу 3 айдан жазында жана күзүндө ичип келем. Богок дароо кетип калды, жарым жылдан кийин мастопатия да болбогондой жоголуп кетти. Кадимкидей энергиям ашып-ташып, кыжырдануу жоголуп, эс-тутумум да жакшырды. Азыр баары жакшы, оорулар кийин да пайда болбошу үчүн дайым колдонуп жүрүүнү кеңеш кылышты. Мен Семипалатинск облусунан болом.

С.Козлова

– Өзүм дарыгермин, оорумдун диагнозу – кант диабети, салмагым 120 килограмм болчу. Биздин клиникада 2002-жылы ашказан-ичеги ооруларына карата «Возрождение» бальзамына клиникалык изилдөө жүргүзүлгөн. Ошол кезде гастрит тынчымды алып, күнүнө бир маал 1 аш кашык бальзамдан ичип баштагам. Бальзам гастритимди гана айыктырбай, кант деңгээлин 15тен 6га чейин түшүрдү. Ал эми өзүм 70 килограмм болуп арыктадым. Анан, албетте, абалым жакшырды.

А.Махмутова

ЭМЧЕК РАГЫ ЖАШАРУУДА
Япон туугандардын саламаттыгы биздикине караганда алда канча мыкты экенин далилдеген бир нече факты бар. Эмчек рагы бизге салыштырмалуу ал жакта 23 эсеге аз. Бизде 100 миңден 197 окуя катталса, япондордо 100 миңден 8,6 окуя орун алат.
Дүйнөлүк статистиканын көрсөткүчүнө таянсак, Кыргызстандагы аялдар арасындагы онкологиялык оорулар алдыңкы орунга чыга келет. Эмчек рагы деп диагноз коюлган аялдардын саны жыл сайын өсүп жатат. Акыркы жылдары бул оору жашарып кеткенин кыргыз медиктери саймедиреп келишет. Мындан 10 жыл мурун 50-60 жаштагылар ооруса, учурда 30-40 жаштын тегерегиндегилер эмчек рагына кабылышууда.
45-55 жаштагы аялдар эмчек рагына кабылып, көп каза болушат. Бул ооруга эркектердин 1 пайызы дуушар болот.
Башкы стадиясында дарыгерлерге көрүнгөндөрдүн 96 пайызы аман калат. Биринчи белгилерин аялдар өздөрү эле байкаса болот. Колу менен көкүрөгүн баскылап, сылап көргөндө колго катуу без урунса, анда дароо дарыгерге кайрылуу керек.
Биздин өлкөдө аялдардын 79 пайызы эмчек рагынан жабыркашат, алардын көбү дарыгерге кеч кайрылышат. Упа түрүндөгү "Возрождение" препараты эмчек рагын дарылоодо жакшы натыйжа берет.

ЭНЕ, БАЛА ӨЛҮМҮ ЯПОНДОРДО 6 ЭСЕГЕ АЗ
Жүрөк-кан тамыр оорулары бизде япондорго караганда 16,3 эсеге көп. Биздин эркектердин 58 пайызы 60 жашка чыкпай дүйнө салышса, жашыраактардын 11 пайызы кырктын кырына чыкпай бул жашоо менен кош айтышат. Мындай коркунучтуу көрсөткүч япондордо 11 эсеге аз.
5 жашка чейинки балдардын арасындагы өлүм япондорго караганда 7,25 эсеге, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын чарчап калышы 6,4 эсеге көп болсо, энелердин өлүмү дагы деле бизде 6 эсеге көп.
Биздин өлкөдө жашагандарга караганда япондор 7 эсеге арык келип, бизде кургак учукка кабылгандар аларга салыштырмалуу 7 эсеге көп.

ЯПОНДОРДУН САЛАМАТТЫГЫНЫН СЫРЫ ЭМНЕДЕ?
Бардык статистика япондорго ылайыкталгандай. Алардын чың ден соолугунун сыры эмнеде?
Америкалык көптөгөн изилдөөчүлөрдүн айтымында, мунун сыры йодду көп кабыл алгандыгында. Демографиялык иликтөөлөрдө Япония менен Исландия эли Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ВОЗ) белгилеген йодду кабыл алуу стандарттык өлчөмүнө караганда көп кабыл алары далилденген. Биринчи дүйнөлүк согушка чейин америкалык дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун көрсөткүчүнө караганда йодду адам 100-400 эсе көп кабыл алыш керектигин айтышкан.
Эсиңизде болсун, улут ден соолугун бузуунун эң эффективдүү жолу – бул йодду четке кагуу. Йоддон коркуу – улут үчүн реалдуу коркунуч.

КАЛКАН БЕЗДИН ИШТЕШИ БУЗУЛСА...
Эгер калкан бездин иштеши бузулса, кант диабети жакындап калды. Мунун эң эффективдүү жалгыз жолу – йод кабыл алуу. Калкан бездин иштеши калыпка келери менен кант диабети тууралуу оюңузду дароо унутта калтырасыз. «Возрождение» бальзамы сиздин ден соолугуңуз үчүн. «Возрождение» бальзамы кант диабетине кабылгандарды өздөрүн жеңил, жакшы сезүүгө, гликогемоглобинди түшүрүүгө алып келет. Жана да аталган бальзам эч кандай кошумча реакция жаратпайт. Ушундай көрсөткүчкө ээ болгон «Возрождение» бальзамы кант диабетин дарылоодо, инсулин алгандарга жакшы препарат экенин эндокринолог, медицина илимдеринин доктору, академик Михаил Зельцер айтып келет.
Йодго бай «Возрождение» бальзамын организмге жетиштүү өлчөмдө кабыл алуу (япон дозасы күнүгө йодду бир аш кашыктан ичүү) иммундук системди коргойт, жакшыртат, ар кандай инфекциялардан коргойт, организм ракка каршы тура алат, гормондордун иштелип чыгышын жакшыртат, кант диабети менен жабыркагандардын канындагы канттын өлчөмүн, жүрөктүн кагышын, артериялык кан басымды медициналык препараттын жардамысыз эле көзөмөлдөйт. Йод жетишсиздигинин негизги себеби азыркы дүйнөнү таанып-билүүнүн бузулгандыгында. Ошон үчүн япондордой йодду туура өлчөмдө кабыл алып, мыкты ден соолуктун ээсине айланалы.

Урматтуу кыргызстандыктар, сиздер бардык пикирлериңиздерди gulzat.ali.00@mail.ru электрондук дарегине жөнөтсөңүздөр болот.
Даректери жана байланыш телефондору:

Бишкек шаары, Шопоков көч. 121
("Айчүрөк" соода борборунун жанында)
Иштөө мөөнөтү: 9:00дөн 18:00гө чейин.
Тел.: 0707 18 51 01, 0779 18 51 01
"Мадина" СБ (1-блок). Тел.: 0558 18 51 01
Кант ш., борбордук базардын кире беришинде. Тел.: 0772 375570
Кара- Балта ш. Тел.: 0701 42 72 90
Каракол ш., Кутманалиев көч. 2.
Тел.: 0551 19 89 55
Ош ш., "Семетей" кинотеатры.
Тел.: 0773 90 28 89
Нарын. Тел.: 0559 20 11 67
Жалал-Абад ш. Тел.: 0555 37 23 37
Талас ш., Оторбаев/Сарыгулов көч. кесилишинде. Тел.: 0771 08 41 88
Чолпон-Ата ш., Совет көч. 5.
Тел.: 0554 17 51 19
Лейлек, Исфана. Тел.: 0772 20 38 23
Шаар ичине жеткирүү 100 сом.
Тел.: 0551 82 82 18

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
volk9494
2016-03-29 13:08:16
ким колдонду ФОРУМЧУЛАР?!
+1
Bayas_tegin
2016-03-29 17:14:34
супер , баасы канча экен?
0
Nasyrkg
2016-03-29 18:53:20
Тянши мянши дегендердин бир туру да кантип эле бир даары баардыгын айыктырып жиберсин
0
PerishaMaksat
2016-03-29 21:55:02
Баасы 1500 сом.менин атам,апам ичип баштады,жакшы эле болсо экен деп тилеп жатам.Ким колдонсо жазгылачы.
0
akus
2016-03-30 10:54:14
Менин апамдын боору ооруйт ичсе болобу билгендер жазып койгулачы
0
Aylin.91kg
2016-03-31 12:20:36
Колдонгондор болсо кабарлап койгулачы
+1
010288
2016-03-31 12:42:37
биз ичип датабыз уйбулобуз менен.кудайга шугур грипп болбой калды балдарым.иммунитети которулгонун байкадым.анан да озум жатындагы миомага,опкого суук тийгенине каршы ичип жатам иншаллах жакшы.бальзамды ичкенден кийин озунузду женииил сезип каласыз.канча чуркасаныз да энтигип чарчабайсыз.
+2
BARSBEK.KG
2016-03-31 22:15:30
Укмушко
0
asyl92
2016-04-01 13:00:59
Салам админ.жазылган даректерге чалсам жарытылуу жооп беришпеди.мага ушул балзам аябай керек болуп жатат.москвадан тапсак болобу
0
asyl92
2016-04-01 16:46:25
Мен бир ай башта кокусунан эле катуу ооруп калдым.врачтар дифуздук богок деген диогноз койушту.укол дарынын эч таасири тийбей жатат.азыркы учурда Москвадамын акыбалым кундон кунго начарлап жатат.жардам берип койунуздар сураныч москвадан тапсак болобу балзамды же кандай жол мн алдырса болот Кыргызстандан
0
admin_superstan
2016-04-01 16:54:11
asyl92, саламатсызбы? Жогорудагы жазылган номерлерге чалып сураңыз.
+1
№ 699, 25-март-31-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан