ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (28-марттан 3-апрелге чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Акыркы кезде мамилелери чыңалып жаткан үй-бүлөлүүлөр маселелерин туура кеңешип чечишпесе эки ажырым жолго түшүү коркунучу бар. Шейшембиде сатып алууларга кызыгып кетип, көп акча коротууңуз мүмкүн. Бейшембиде санаалаш адамдардын чөйрөсүндө болосуз. Апта аягы жаңылыктарды алып келет.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Күнүмдүк тиричилик көйгөйлөрдүн туткунунан чыгып, чоң иштерди жасоого аракет кылыңыз, мисалы, бизнес ачуу сыяктуу. Шаршембиде көңүлүңүздү көтөрүүчү окуя болуп өтөт. Бейшембиде сизди жакшы түшүнгөн адам бир ишиңизди бүтүрүп берет. Дем алыш күндөрү өзүңүздү жакшы сезбей, көбүрөөк эс алууга аракет кылууңуз мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Укук коргоо органдары менен эсептешип калбоо үчүн коомдук жайларда мыйзамды сактаңыз. Кайсы жааттагы кеңештен өксүп жатсаңыз, ошол тармактагы тажрыйбасы менен бөлүшчүлөр чыгат. Дүйшөмбүдө балдарды убактылуу карап турууга туугандарга калтырууңуз ыктымал. Ишембиде жолбун иттерден, мастардан абайлаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Күтүлбөгөн жерден кызматтан жогорулооңуз күтүлүүдө. Бирге иштешкендер менен мамилеңиз бекемделет. Жаңы идеялар менен иштеп, ишенимди актаңыз. Сиздин жеке максаттарыңыз жан шеригиңиздин көңүлүнө төп келбеши мүмкүн, жөнөкөй жолдор менен түшүндүрүп, көңүлүн алыңыз. Алыскы туугандар менен көрүшүү үчүн барып келүүңүз ыктымал.

АРСТАН (23.07-23.08)
Тартипти өтө эле талап кыла бербей үйдөгү абалга, шартка ыңгайлашууңуз керек. Диета кармайм же организмди тазалайм дегендер адистен кеңеш алышса ашыкча болбойт. Апта ортосунда белгиленген жолугушууга барууңуз ыктымал. Апта аягында үйдөгү эмеректерди которуп жайгаштырууга киришесиз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Үйдө эки тараптын нааразычылыгынан чыр жаралышы мүмкүн. Бул үйдү ким башкарып, акчаны бөөдө ким коротуп жатат дегенден башталат. Динге өтө берилип кеткендердин торуна илинбөө үчүн бирөөлөрдүн сөзүнө, кызыктыруусуна азгырылбаңыз. Апта аягында балдарды бир жакка алып барып көңүлүн ачуу милдети коюлат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Кумарыңыз ашып-ташса да оюн, утуштарга азгырылбаңыз. Жыйынтыгы чөнтөгүңүздүн жукаруусу менен өкүнүүгө гана жеткирет. Сүйүшкөндөр бири-бирине жакшы кам көрүү менен эсте каларлык көз ирмемдерди баштан өткөрүшөт. Шаршембиде келген кабар сизди бир топ түйшүккө салат. Ишембиде мал же буюм сатып алууңуз мүмкүн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада негативдүү кырдаалга чалдыкпоого аракет кылыңыз. Чыгармачылык шык шаршембиден тарта күч алат. Өжөрлөнүп аракет кылсаңыз, жакшы нерсе жаратуудан тышкары идеяларга ээ болосуз. Жума күнү шашылыш келген туугандардын ишин бүтүрүп берүүгө туура келет. Ишемби романтикалуу жолугушууга, концертке барып көңүл ачууга ылайыктуу.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Пландалбаган нерселерге акча көбүрөөк кетет. Анын ичинде сүйүктүүңүзгө ала турган белек да болмокчу. Бейшембиден тартып үйүңүздө тынчтык жана гармония өкүм сүрөт. Улуу муундагы жакындарыңызга камкордук көрүү менен алардан да колдоо ала аласыз. Дем алыш күнү алыш-бериштериңизди тактаңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Иште жетекчилик тарабынан талап күчөйт. Андыктан үйгө да, ишке да жетишиш үчүн далбастап бир топ чайналасыз. Айрым иштерди керектүү адамдарга телефон чалуу менен бүтүрүүгө болорун эске алып, байланыштарды жакшыраак пайдаланыңыз. Апта акырында бирөөлөргө катуу айтып, чыр чыгуусуна себепкер болуудан сактаныңыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада сапарга чыгууну пландабаган оң, жолдо унаа бузулуп кыйналууңуз мүмкүн. Шаршембиден тартып материалдык абалыңызды оңдоого ылайыктуу мезгил түзүлөт. Кошумча акча булагын табууңуз ыктымал. Буга чейин ала албай келген керектүү маалыматтарга да ушул аптада ээ болосуз. Чала тааныш адамдар сиздин бир керегиңизге жарап беришет.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптанын башында көптөгөн пландарыңыз бузулат. Бул ишке да, жеке жашоого да байланыштуу. Бактылуу кокустукка ишенбей, кырдаалды туура баамдоого аракет кылыңыз. Турак жайды каттатуу, мураскорлук сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү маселеси да чыгат. Досторуңуз сизге жардам берүүгө аракет кылышат. Коңшулар менен бир маселелерди да талкуулайсыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 699, 25-март-31-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан