Керим Турапов, Кыргыз Эл артисти: «ТУУЛГАН ЖЕР» АТТУУ ЫРЫМДЫ УГУП, БЕКМАМАТ ОСМОНОВ БАКЫРЫП ЫЙЛАГАН»

Керим Турапов менен маектешели деп сейил бактардын биринен жолуктук. Тенор үндүү ырчыны сыртынан көрүп көп сүйлөбөгөн сырдуу кишидей баамдачумун. Сүйлөшө келгенде сөз баккан, шайыр адам экенин билдим. «Жашыкмын, бул менин кемчилигим»,- деген ырчы суроолорубузга жооп берди.

– Керим агай, апаңыз сиз аскерде жүргөндө көзү өтүп, топурак сала албай калган экенсиз. Ошондон улам «Туулган жер» аттуу ырыңыз жаралган дешет...
– Ошто музыкалык окуу жайда окуп жатканда аскерге кеттим. Милдетимди өтөп келгенден кийин окуумду уланттым. 1 жылдан кийин үйлөнүп, борборго келип Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун даярдоо курсуна тапшырдым. Жайкы эс алууга чыкканда чогуу окуган досторумдун баары айылга кетишет. Мен вагондон жүк түшүрүп, күнүгө 10 рубль үчүн иштейм. Ошентип айылга көпкө чейин барбай калдым. Тайпалаштарым окуу башталганда апалары салып берген каймак майын, этин, курутун алып келишчү. Алардын белек-бечкегин көрүп таасирлендим.
Ал учурда бир туугандарым турмуш куруп өз алдынча кетип, үйдө атам эле калган. Апам болсо аскерде жүргөндө көзү өтүп кеткен болчу. Ата-энемди, апам жапкан нанды, айылды сагынып ушул чыгарманы жараткам.

– Аталган чыгармаңызды Бекмамат Осмонов угуп ыйлаганы чынбы?
– Осмоновго көз жумардан мурун телеканалдардын биринен жолугуп калдым. Интервью берип жаткан экен. Мени көрүп «Керим, кетпей тур» деп калды. Маектешип бүткөндөн кийин чогуу тамактанып жатканда «бүгүн Ошко кетем, убактың болсо аэропортко барып кет» деди. Улуу кишинин сөзүн эки кылбай бардым. Аэропорттун депутаттар отурчу VIP залына стол жасатып сүйлөшүп отурдук. Бир маалда ал «Керим, ырдап бербейсиңби?» деп калды. «Бул жерден ырдаганым ыңгайсыз го, депутаттар отурган жерде отурсак» деп кыйылсам, «ырдай бер, депутаттар бүгүн бар, эртең кетишет, сен элдин адамысың» деди. Үнүмдү акырын чыгарып ырдай баштадым. Экинчи куплетин бүтөйүн дегенде бышактаган үн угулду. Көзүмдү жумуп ырдай бердим. Ырым аягына чыгайын дегенде жарыктык киши жолборстой үн салып «аа-аа!» деп бакырып ийсе болобу?! Чочуп кетип токтоп калдым. Карасам ыйлап жатыптыр. Жеңебиз «жаш баланын көзүнчө ыйлаганың уят эмеспи, эмне болду сага?» деп калды. Ал «сен түшүнбөйсүң, бул менин өмүр баяным» деди. Көрсө, анын атасы жылкычы болгон экен. Ырдагы «үйүр-үйүр жылкы айдаган, атам конгон журтту сагынам» деген саптар ата-энесин эсине салса керек. Ал окуядан 2 күн өткөндөн кийин Москвага операция жасатканы барып, ал жактан жансыз денеси келди.

– «Ак жол» партиясы менен шайлоого катышкансыз. Саясатка аралашканыңызга кейибейсизби?
– Саясатка маданий чөйрөнүн өкүлдөрү аралашып, бул чөйрөнүн маселелерин көтөрүп, жакшы мыйзамдарды жазып турса жакшы болмок. Анткени бул тармактын көйгөйлөрүн өз жон териси менен сезген адам гана түшүнө алат. Саясатка ушул ой менен баргам. Мага «филармонияны жетектеп бербейсиңби?» деген сунуш түшүп, өз ыктыярым менен мандатымды тапшырып кеткем.

Сиз камчысын чапкан бийлик Медет Садыркуловдун көзүн тазалаганын билгенде ошол бийликтин командасында иштеп жатканыңызга өкүндүңүзбү?
– Медет Садыркулов мен үчүн кадырлуу киши болчу. Жашым андан кичине болсо да, экөөбүз ага-дос болчубуз. Кайран киши той-ашка бирге барып калганда өзүнөн жогору отургузчу эле. Медет Садыркулов мага материалдык да, моралдык да жардам көрсөткөн. «Ак жол» партиясынын тизмесине да ой-боюма койбой ошол адам киргизген эле. Ал кишинин киши колдуу болуп каза болгонун билгенде өкүндүм.

Сиз Бишкектин 8-кичи районунан жер тилкесин алып, ал жерге көп кабаттуу үй курууга болбойт делинип соттошуп жүрдүңүз эле. Эмне болду?
– 2007-жылы үн жаздыруучу студиясы бар вокалдык мектеп куруу үчүн 26 сотых жер тилкесин 11 миллион сомго сатып алгам. Ал учурда ошол суммага 10 гектар жер алгандар болгон. Бул жерде башка оюн болуп кетти. Бирөөлөрдүн көзү түшүп, «артисттен жөн эле алып коёбуз» дешкенде «алсаңар алгыла» дегем. Тааныштарым «битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба, сен тапшырам десең эле басып алчулар даяр турат» дешти. Анан сот аркылуу чечилсин деген чечимге келдим. Азыр сот бүттү. Буюрса, курулуштун 600 чарчы метри мектеп болот.

– Үй-бүлөңүздүн туткасын бекем кармап, аялдын үстүнө аял алган жоксуз. Жубайыңызды берилип сүйгөндүктөнбү?
– Кыргызда «пейилиң бузулбасын» деген жакшы кеп бар. Башка аял алам деп оюңду бузсаң, ал нерсе бат эле болот. Ортобузда күйүп-бышкан сүйүү бар деп мактанбайм. Жараткандан үй-бүлөмдү сактайын, коломтомдун отун өчүрбөйүн деп ар дайым тиленчүмүн. Убагында концерттен кийин күйөрман кыздардан качып кеткен күндөрүм көп болду. Жолугуп калып кагып-силкип жүрөгүн оорутуп албайын деп ушул кадамга барчумун. Келинчегим экөөбүз 9 жыл бирге окудук. Ал мага «сен иште, мен балдарды тарбиялап үйдө отурайын» деп уруксат берген. Ортобузда 1 уул, 1 кызыбыз жана 3 неберебиз бар.

– «Чыгармачыл адам сүйүп туруш керек» деген кепке кошуласызбы?
– Сүйүү десе эле аялзатына болгон сүйүүнү түшүнбөш керек. Мисалы, мен жаратылышты сүйөм. Көк майсан чөптү, ачылган гүлдү көрсөм өтүп кетпей көңүл бөлөм. Эртең менен күндүн чыкканын, кечкисин батканын өзгөчө кабыл алам.

– Байкашымча, романтик окшойсуз. Жубайыңызга романтика тартуулап турасызбы?
– Өнөр адамдарынын көпчүлүгү жубайларына ыр арнашкан. Келинчегиме андай белек тартуулаган жокмун. Гүл, баалуу буюм дегендерди сөзсүз алып берип маанайын көтөрүп, дем берүүнү билем.

>
"Келинчегим мага караганда сабаттуу, 9 жылдык музыкалык билими бар. Антсе да "сен ырда" деп мага жол бошоткон".

"Осмонов ырдап бергенимден 3-4 күн өткөндөн кийин каза болуп калды".

"Жаш кезимде 50 жаштагылар чал көрүнчү. Азыр 50гө чыктым, мен дагы бирөөлөргө чал көрүнүп жатсам керек".

"Неберелүү болгондон бери өзүм жебегенди неберелерим жесин, кийбегенди кийсин деп калдым".

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
КРнын Эл артисти Керим Турапов: “Абдан жашыкмын”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
vangolu
2016-03-28 11:04:42
айиий журналист олло такаптыр го агайды.мындай болгон чынбы тигиндей болуптур го деп
+3
look
2016-03-28 11:58:27
бар болунуз агай кыргыз элинин Иосиф кабзонуда
+7
Baian
2016-03-28 13:15:00
Менда ушул ырын уккан сайын ыйлай берем.
+1
dobrajelatel
2016-03-28 14:02:12
Абдан сыйлайм. Талантын, адамдык сапатын. Накта профессионал ырчы деп эсептейм. Жонокойлугу жакты. Токтоо, кеби созу жайында. Сиздей мырзалар коооп болсун!
+3
dobrajelatel
2016-03-28 14:03:09
Тезиреек сакайып кетиниз Керим байке.
0
Nadyrbekkg
2016-03-28 14:43:29
Ийгилик каалайм анан сизден жардам сураган алыс туугандарынызга жардам бербей жардам берсениз дейм.
-1
Nazyk
2016-03-28 19:01:26
небереси озуно окшошкен,омурун берсин.
+1
Siren90
2016-03-28 19:06:37
Кызыл шахмат көйнөктөрдү жакшы көрөт окшойт
+1
kobra86
2016-03-28 22:16:32
Чыгармачылыгызды сыйлаймго ушу кызыныз Эмил Эмил Эмил жана анын балдарын ойлосо дейм окусаныз созсуз тушуносуз деген умуттомун
+3
mig
2016-03-29 10:27:25
Аман болунуз, ийгилик каалайм.
0
karona
2016-03-29 12:40:12
Талантынызга таазим! Ден-соолукта уй-булонуз менен бактылуу омур сурунуз!
0
Sagidko88
2016-03-29 12:45:41
Жапжаш коруносуз агай! Сизди аябай сыйлайм.
0
gul.1995
2016-03-29 12:47:03
Аман болун, кыргыз элин жакшы ырларыныз мн кубантып журо берин. Ден соолук каалайм
+1
Siren90
2016-04-02 21:15:38
gul.1995, жок дегенде жазганда болуң, бериң дебей болуңуз, бериңиз деп эле жазгылачы
0
Gulsarat
2016-04-02 13:48:21
Бар экенсинер го улуу инсандардан интервью алып кубантып турсанар.Кандай гана керемет уну,бар болсун Кыргыздын таланттуу инсандары!?
0
Tairova8484
2016-04-02 15:09:32
Талантынызга таазим!Улуу инсандын созу да ,ою да, дуйного болгон коз карашы да улуу болот турбайбы,,,Уй булонузго жылуулук тартуулап дайыма ден соолукта болунуз"
0
№ 699, 25-март-31-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан