Баткен шаарында 50 жаштагы жаран агасы менен жеңесин бычактап өлтүргөн деп шектелүүдө. Кылмышка шектүү бул ишке мас абалында баргандыгын айтып жаткан учуру. Кандуу окуяга эмне себеп болгонун иликтеп көрдүк.
«БИРИ ООРУКАНАДА, БИРИ ҮЙҮНДӨ ЖАН БЕРГЕН»
Баткен ОИИБинин маалымат кызматынын инспектору Айсалкын Эргешбай кызы бул кылмыш тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди:
– 2016-жылдын 15-март күнү саат 16:10 чамасында Баткен ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын «Тез жардам» кызматынан шашылыш билдирүү келип түшкөн. Анда «Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталындагы үйлөрдүн биринен белгисиз аялдын жансыз денеси табылды. Болжол менен киши колдуу болуп каза тапкан» деп айтылат. Ал 1963-жылы туулган ошол үйдүн кожойкеси Айнагүл Бактыбаева экени аныкталды.
Ушул эле күнү Баткен шаарынын Сайдиман ажы көчөсүндө жайгашкан эт сатуучу дүкөндө да белгисиз адам жаракат алып ооруканага жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түштү. Тилекке каршы, ал жаран оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн каза болуп калды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул жаран өз үйүндө каза тапкан Айнагүл Бактыбаеванын күйөөсү Сайдимамат Бактыбаев экендиги аныкталды.
Көп өтпөй бул эки кылмышка шектелип маркум Сайдимамат Бактыбаевдин 1966-жылы туулган Сейитказы Бактыбаев аттуу бир тууган иниси кармалды. Анын жанынан далил буюм катары ашкана бычагы табылды. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-пункту (эки же андан ашык адамды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.
«БАЛАСЫНЫН АСЫНЫП АЛЫШЫНА АГАСЫН КҮНӨӨЛӨПТҮР»
Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында «Кылмышка шектүү Сейитказы Бактыбаев агасы менен жеңесин бычактап салгандан кийин анын 25 жаштагы уулу атасынын кылган ишине намыстанып өзүн-өзү асып алган. Күбө болгон кошуналары баланы аман алып калууга үлгүрүшкөн» деген маалымат таркады. Бирок кылмышка шектүүнүн уулу бул окуяга чейин өз өмүрүнө кол салгандыгы билинди. Маалыматты Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан тастыктап, тергөөдөгү шектүүнүн көрсөтмөсүнөн буларды айтып беришти:
– 15-март күнү эртең менен Сейитказы Бактыбаев агасы менен чогуу жумушка чыккан. Алар Сайдиман ажы көчөсүндөгү эт сатуучу жайда чогуу соода кылышат. Сейитказы ичимдик ичип алган соң чыр чыгарып, өзүнө көзөмөл кыла албай калган жайы бар экен. Ошол күнү дагы ичип алып айланасындагыларга тынчтык бербей чыр чыгарганда агасы Сайдимамат Бактыбаев алып кетсин деп Сейитказынын баласын чакырат. Баарылап тополоң салып жаткан адамды баласына кошуп кетиришет. Мындан соң баласы менен атасынын ортосунда жаңжал чыгып, атасына нааразы болгон бала «ичесиң, теңтуштарыма мени уят кылдың» деп асынып алган. Асынып турган баласын атасы өзү жиптен бошотуп алыптыр. Андан соң ал «баламды мен мас болуп жүргөн жерге чакырат» деп агасын күнөөлөп, ачуусу менен агасы иштеген жерге кайра барыптыр. Ал «баламды эмне үчүн чакырасың? Ал сен экөөбүз талашып жүргөн жерди мага алып бербейсиң деп асынып калыптыр» деп мурдатан келе жаткан чырды козгойт. Анан агасынын көкүрөгүнө бычак сайып, маркумдун үйүнө жөнөйт. «Тез жардам» кызматы барганда Айнагүл Бактыбаеваны сактап калууга кеч болуп калган. Ага камыр жууруп, нан жасап отурган жеринен бычак сайылган.
«ӨЗ АРА ЧЕЧИП АЛЫШСА БОЛМОК»
Баткен шаарына караштуу Кызыл-Жол аймагынын айыл башчысы САБЫР АСАНОВГО кайрылып, талашта жүргөн жер тилкесинин чоо-жайын сурадык:
– Эки бир туугандын ортосундагы талаш жер болгону 12 сотых. Маркум Сайдимамат Бактыбаевдин үйү жайгашкан жердин жалпы аянты 24 сотых. Ошонун 12 сотыхын Сейитказы Бактыбаев өзүнө тиешелүү деп жүрчү экен. Өзү башка жакта жашайт, үйү жайгашкан короо жайы да өзүнө тиешелүү. Маркум болсо 20 жылдан бери эле ошол жерге бак-дарак, мөмө-жемиш тигип иштетип келген. Көп бир туугандары көз жумуп, бир эне, бир атадан ушул эки бир тууган эле калган. Башка аталаш туугандары бар. Ошолорду деле ортого салып туугандар арасында чечишип ала турган иш болчу.
Сейитказы ичкилик иччү. Эмнеге экенин билбейм, бирок мурда соттолгон. Жубайы бир баласын күйөөсүнө таштап, үч баласын алып кетип калган, Самаркандек айылында жашачу. Туугандарына айтып, үй-жайга көз болуп турсун деп ал аялды чакырттык. Каза болгон үй-бүлөнүн 5 баласы бар. Бир уул, бир кызы Орусияда иштечү экен, ата-энесин жерге берерде келишти.
Жогорку соттун маалымат кызматынан билдиришкендей, кылмышка шектүү катары Сейитказы Бактыбаев тергөө иштери аяктаганча 2 айга убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg