ИНТЕРНЕТТЕ
Трештокинг – «таштанды» сөз же жалпак тилге салганда маанисиз сөздөр. Англис тилинен «trash» – «таштанды», «talk» – «сүйлөшүү» деп которулат. Башкача айтканда, адамдардын сөз тандабай көбүртүп-жабыртып эле айткан кептери. Бүгүнкү күндө социалдык баракчаларда, форумдарда же жандуу сүйлөшүүдө чегин билбегендерди дал ушинтип атап коюшат. Спорттук мелдештерде же бири-бири менен таймашууда трештокинг көп колдонулуп, маалымат каражаттарына жумуш табылат. Мисал катары UFC эрежесиз урушундагы мушкер, жаагы тынбаган Конор Макгрегорду белгилүү трештокер катары кабыл алсак болот.
КООМДО
КИНОДО
Спин-офф – түзмө-түз которулганда «коммерциялык айлантуу, жандандыруу». Кезинде чыккан белгилүү көркөм чыгармадагы (китеп, компьютердик оюн, комикс жана башка) экинчи планда калган окуянын же каарманынын негизинде тартылган жаңы чыгарма. Тактап айтканда, спин-оффто түп нускадагы чыгарманын орчундуу эмес окуясы же экинчи, үчүнчү пландагы каарман баш каарманга айланат. Мисалга алсак, чаяндар падышасы каарман катары «Мумиянын кайтып келиши» тасмасында башкы ролдо эмес, бирок кийин өзүнчө тасма болуп чыккан. «Икс адамдарынын» спин-оффу – «Росомаха» тасмасы, «Шрек-4түн» спин-оффу – «Өтүкчөн мышык» жана башкалар.
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg