DJ, БИЗГЕ МУЗЫКА КЕРЕК! Же Орусиядагы популярдуу ди-джейлер

Төмөндөгү атактуу инсандардын жараткан чыгармалары мегапопулярдуу хитке айланып келет. Түнкү клубдарга чогулган элди өзүнүн өзгөчө тректери менен жандандыра алгандыктан, музыканын рулу десек да болчудай.

DJ ЛЕОНИД РУДЕНКО

ОРУСТАРДЫН ДАВИД ГЕТТАСЫ
23 жаштагы DJ Леонид Руденко 10 жашынан бери ди-джейлик кесипке кызыгып келет. Алгач ишин түнкү клубда иштөө менен баштаган. Талыкпаган эмгеги, изденүүсү аны бүгүнкүдөй атактуулукка алып келди. “Эмне үчүн лакап ат менен чыкпайсың?” деген суроого “аты-жөнүм өзүмө жагат. Ал эми лакап аттын фанаты эмесмин” деп жооп берип келет.
Ал 2006-2007-жылдардагы Европанын бий парадына илинип, Орусияда өз ордун тапкан музыкант. Мисалы, Голландиянын хит парадында 9-орун, АКШнын бий рейтингинде 8, Францияныкында 12-орунду ээлеп келген. Бул орус музыканттары, ди-джейлери үчүн чоң жетишкендик деп саналат.
Анын тректери дүйнөнүн 15 өлкөсүндө лицензияланган. Орусиядагы популярдуу ди-джейлердин арасынан бир гана Руденконун автордук укугун Европадагы “Talpa Music” компаниясы коргойт. Аталган компания ошондой эле Европада аты чыккан Давид Гетта, Фейтлес, Боб Марли аттуу ди-джейлердин укугун коргоп келет. Леониддин тректерин дүйнөнүн абройлуу ди-джейлери Теисто, Жадж, Эрик Морилло, Пита Тонг, Пол ван Дайк жана башкалар ойношот.
Руденко “Summerfish” («Фанат») чыгармасы менен белгилүү болгон. Акыркы кездеги “Everybody” («Баары») чыгармасы Европанын хит ырларынын катарында. Анын Орусиядагы күйөрмандары «DJ Леонид Руденко биздин Давид Геттабыз» деп сыймыктанышат.


DJ SMASH

ТҮНКҮ КЛУБГА ­12 ЖАШЫНДА БАРА БАШТАГАН
DJ Smash деген лакап ат менен таанылып келген 28 жаштагы инсандын толук аты-жөнү – Ширман Андрей Леонидович. Ширман музыканттардын үй-бүлөсүндө төрөлүп-өскөн. Ата-энеси анын фортепьяно, гитарада ойноосун каалап, кыйнап эле үйрөтө беришкен. Бирок кичинекей Андрейдин жүрөгү ага такыр тарткан эмес. 12 жаш курагында ата-энесинен уурданып түнкү клубдарга бара баштаган. Ал жерден бийлебей эле, тескерисинче, музыкадан “кайф” алып келчү. Ошол эле курагында өжөрлөнүп отуруп компьютер саттырып алат. Түнкү клубдан уккан мелодияларга бир аз өзгөртүү киргизип, ошол кезде эле трек жарата баштайт. Аз убакыттын ичинде өзү жашаган аймакка DJ Smash деген лакап ат менен таанылат. “Smash” (англис тилинен которгондо «уруу», «согуу» дегенди билдирет) Андрейдин чоң теннистеги жакшы көргөн соккусу эле.
18 жашында өсүп-өркүндөйм деп Москва шаарына келип, 3 жыл бою шаардагы музыкалык студиялардын биринде аранжировкачы болуп кызмат кылат. Ошол эле убакта Орусиянын баш калаасындагы популярдуу түнкү клубдардын ди-джейлери менен жакындан таанышып, көздөгөнүнө жетүүгө жол табат.
2007-жылы «Moscow Never Sleeps» (“Москва эч качан уктабайт”) аттуу ыры DJ Smash мырзаны популярдуулукка алып келет. Композиция Орусиянын ири радиостанцияларында жаңырып, жаштардын баары бул ыр менен «ооруй» башташат. 2008-жылы “Толкун” (“Волна”) деген чыгармасы жаралганда да тез аранын ичинде мегахитке айланат.
Учурда DJ Smash менен чыгыш периси Шахзода экөөнүн “Асман менен жердин ортосунда” ("Между небом и землёй") ыры бир гана Орусияда эмес, бүтүндөй КМШ өлкөлөрүндө популярдуу. Аталган чыгарманы Андрей 16 жашында эле жараткан экен. Убагы келди деп толук иштеп чыгып, айымдардан эң назик үн издеген. Кыязы, издегенин өзбек ырчысы Шахзодадан тапкан көрүнөт.
Dj Smash Париж, Куршевель, Лондон, Монте-Карло жана Сан-Тропедеги белгилүү түнкү клубдарга чакыруу менен барып ойноп берет. Ошондой эле Лондондогу “Movida” аттуу атактуу түнкү клубдун резиденти. Ал жерде Кайли Миноуг, Роберто Кавалли, Микки Рурк, Скарлетт Йоханссон аттуу белгилүүлөр эс алышат.


DJ ГРУВ

МУРМАНСКТАН ЧЫККАН ДИ-ДЖЕЙ
DJ Грувдун толук аты-жөнү – Рудин Евгений Анатольевич. 38 жаштагы DJ Грувдун туулган жери Орусиянын Мурманск облусу. Евгений музыкалык билимди Санкт-Петербург шаарындагы консерваториядан алган. Ди-джей катары 1990-жылдан баштап ишке киришип, атактуулукка алты жылдан кийин жеткен. Тагыраак айтканда, “Бакыт бар” (“Счастье есть”) композициясында Михаил жана Раиса Горбачёвдордун үн кошуп ырдаганы DJ Грувду тааныткан.
1997-жылы ырчы Иосиф Кобзондун уулу Андрей Кобзон менен биргеликте “Иосиф Кобзон — ремикстер” аттуу музыкалык альбом чыгарат. Ошондо ММКлар арасында “DJ Грув Кобзондун уулу” деген туура эмес маалымат жайылтылат. Бул маалыматтын Евгенийге эч кандай залакасы тийбейт, тескерисинче, аты таанылып, бир тепкичке көтөрүлөт. Иосиф Кобзон менен биргеликте “Жаздын 17-ирмеми” тасмасынан чыккан “Булут” (“Облако”) ырына экинчи өмүр жаратат. Кобзон аркылуу Олег Газманов, Валерий Леонтьев, Владимир Кузьмин өңдүү белгилүү ырчылар менен таанышып, чогуу иштешет.
2004-жылы “Кызматтагы ашыктык” (“Служебный роман”) аттуу тасмасынан алынган ырга жаңы трек жаратканы дагы уникалдуу чыгармасы деп эсептелинет.
2006-жылы Орусияда алгачкы электрондук мектеп ачкан. Аталган мектепте продакшн жана ди-джей ишмердиги боюнча белгилүү кесиптештери жана өзү сабак берет. DJ Грув – “Гости из будущего” тобунун биринчи продюсери. Учурда “Блестящие”, “А-Студио” топтору менен тыгыз иштешет. Жыл сайын жайында Ибица аралындагы мыкты деп саналган түнкү клубдардын бирине барып кызмат кылып, чоң суммадагы акча иштеп келет.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ...
DJ Леонид Руденко , DJ Smash, DJ Грувдун катарын DJ Vengerov & Fedoroff, DJ Mari Ferrari, DJ Романов, DJ Цветкоff, DJ Фонарь, DJ Фомин жана башка ди-джейлер толуктап келишет.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kgjigit
2010-02-18 23:27:50
азаматттар... озгочо дж Смеш..
0
№ 380, 12-18-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан