Өткөн аптада Аксы менен Ала-Буканы бириктирген жолго Өзбекстандын аскерлеринин күтүүсүз кирип, мыйзамсыз түрдө блокпостторду коюп алганы коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Кыргыз өкмөтү кырдаалдан чыгуунун аракетиндебиз дейт, ал эми чек арадагы абал өзгөрүүсүз калууда. Коңшулар бул кадамды «Нооруз майрамына карата коопсуздукту күчөттүк» деп түшүндүрүп, майрамдан бери 4 күн өтсө да жолго коюлган блокпостту алыша элек.
18-мартта саат 7:40та Жалал-Абад облусунун Аксы менен Ала-Бука райондорунун ортосундагы Чаласарт аймагына Өзбекстан күтүүсүздөн 2 БТР, 2 КамАЗ үлгүсүндөгү аскердик унааларын жана 40ка чукул аскерин киргизишти. Андан соң алар «Маданият-автожол» көзөмөл-өткөрүүчү пунктун жаап, кыргыз жарандарын Өзбекстанга киргизүүнү бир тараптуу токтотту. Кербен–Ала-Бука жолуна өзбекстандык чек арачылар блокпостторду орнотушуп, жүргүнчүлөрдүн документтерин текшерип башташты.
Таң эрте болгон окуяга Кыргызстан кечке жуук араң реакция жасады. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Данияр Сыдыков Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидовго Кербен–Ала-Бука жолундагы блокпостторду алып салуу талабы менен нота тапшырды.
Блокпостторду алып салуу талабы аткарылбаган соң 19-мартта Кыргызстан дагы бул аймакка 2 БТР жана жоокерлерди койду.
Ал эми Бишкек шаарында болсо бул күнү 50гө чукул активисттер Ак үйдүн алдына Аксы районундагы чек ара маселесин тактап берүү талабы менен митингге чыгышты. Бул топ менен жолугушууга өлкө жетекчилигинен да, Жогорку Кеңештин депутаттарынан да эч бирөө чыгышпады.
20-мартта интернет желелерине «Аксы районуна баргыла» деп элге чакыруу жасаган видео жарыяланды. Анда кыргыз улутундагы атуул унаасын айдап бара жатып: «Аксы районунун аймагында болуп жаткан чек ара маселесин бийлик чечпесе, өзүбүз барып чечебиз. Ноокат районунан 200гө жакын жаштар бара жатышат. Өзүн патриот деген атуулдарды чакырабыз, Аксыда жолугушабыз»,- деген кайрылуу жасаган. ИИМ буларды чагымчыл аракеттерди жасады деп айыптап, кайрылуу жасаган адамды жана аны видеого тарткан шеригин кармап, алардын үстүнөн кылмыш иши козголгондугун билдирди.
Ала-Бука жана Чаткал райондорун «сырткы дүйнө» менен бириктирген жалгыз жолдо мындай абал 5 күн бою сакталганда гана премьер-министр Темир Сариев Аксыга барып, 22-мартта жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.
Жергиликтүү тургундар Аксы–Ала-Бука жолундагы блокпосттордо турушкан өзбек чек арачылары «Өзбекстаныбызга кош келиңиз» деп жол жүрүүчүлөрдөн ID-карт эмес, жалпы жарандык паспорт сурап жаткандарын билдирип, кыжырданышууда.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg