-Менин бир курбум бар. Ал жолдошу менен сүйлөшүп жүрүп чоң той берип турмуш курушкан. Ал күйөөгө кеткенден бери көп көрүшпөсөк да, телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз. Көпчүлүк келиндердей эле кайын журтунун ага начар мамилесин айтып даттанып калат. Кечээ ошол курбумду 8-Март майрамы менен куттуктап жатып, жолдошу аны кантип куттуктаганы кызык болду. Буга чейин болбогон нерсе үчүн күн алыс аялын токмоктоп келген адам 8-Мартта аны куттуктап жатып кичине өкүнүп калды бекен?
Буга чейин билим деңгээли, тарбиясы төмөн эркектер гана аялга кол көтөрөт деп ойлоп жаңылышыпмын. Билимдүүлөр деле билегинин күчүн анча-мынча аялдарынан чыгарып турат экен. Курбумдун жолдошун көргөндөр мыкты жигит деп айтса айтат, бирок аялына кол көтөрөт деп эч ким ойлобойт. Албетте, бир тарап күнөөлүү дегенден алысмын. Анткени курбум деле дарт десе балээ дегендерден. Бирок кандай гана жагдай болбосун, эркектин аялга күч колдонгону анын алсыздыгын далилдейт. Дегеле күчүн аялынан чыгаргандардын баары ошондой.
Эркекмин деп төш какканы менен күнүмдүк жашоодо эмоцияга моюн сунуп, аялына карата зомбулук кылган эркектерди көрүп эле жүрөбүз. Эл арасында
«аялга кол көтөргөндүн колу шал болот» деп айтылганы менен, андайлардын колу тескерисинче узарып баратат. Алсак, кечээ жакында 8-Мартты утурлай Ысык-Көл облусунун 40 жаштагы тургуну үйүнө мас абалында келген аялын жыгач үстөлдүн буту менен уруп өлтүргөн. Аялынын жансыз денесин байкаган эркек өзү да асынып өлүп, 3 баласын жетим калтырды. Өспүрүм балдарына карабай өзү да асынып өлгөнүнө караганда ал аялын өлтүрүп алам деп ойлогон эмес го. Колуна тийген буюм менен аялын башка чапкан эркектер биздин айылда да жашачу.
«Аялым менин менчигим, урамбы, коёмбу ал өзүмдүн ишим»,- деп аялын көк ала кыла сабагандарды көргөн чыгарсыз.
Коомдо аялдарга караганда өз өмүрүн кыйган эркектердин саны көп экендиги айтылып жүрөт. Ал эми адистер «жумушсуздук сыяктуу социалдык көйгөйлөрдүн кесепетинен стресске кабылган эркектер өз өмүрүнө кол салганга барат» дешет. Бирок акыркы убакта социалдык маселелер бул жакта калып, эркектер кызганычтан улам аялына кол көтөрүп, өлтүргөнгө чейин барып жатат. Билем, менин бул ойлорум гезитке жарыяланса, «бардыгына аял күнөөлүү» деп беттен алган эркектер чыгат. Бирок аял мас болуп келеби, эркектин намысына тиеби, аны ур-токмокко алып, өмүрүнөн ажыратууга эч кимдин акысы жок. Ошондой эле көпчүлүк учурда мындан да жаман жоруктары үчүн эркектерди аялдары ур-токмокко алып, өлтүрүп коюп жатышкан жок го?!
Эркектин аялга кол көтөргөнү өз энесине, карындашына кол көтөргөн менен барабар деп эсептейм. Чыныгы эркектин эркек экендиги анын билегинин эмес, мүнөзүнүн күчтүүлүгүндө. Анткен менен акыркы жылдарда кризистик борборлорго кайрылган эркектердин саны эки эсеге көбөйгөнүн Улуттук статистика комитети маалымдаган. Мисалы, 2013-жылы кризистик мекемелерге кайрылган эркектердин саны 3300 болсо, 2014-жылы 6897 адамды түзгөн. Демек, стресске туруштук бере албаган эркектердин көбөйүшүнөн улам коомубузда төбө чачты тик тургузган окуялар болуп жатабы деген суроо жаралат.
Артында акылман жана күчтүү аялы жок алсыз эркектер пайда болууда дегенибиз менен, ишинде ийгиликтүү, төгөрөгү төп келген, бирок күйөөсүнүн зомбулугуна дуушар болгон айымдар да жок эмес.
Коомдо болуп жаткан зомбулук окуялары эркектер да психологдордун жардамына муктаж экенин көрсөтүп жаткандай. Аялдарга карата зомбулуктун булагы эсептелген эркектерге моралдык колдоо көрсөтүү маселеси өкмөттүн да көңүлүн бурган. Эркектер үчүн атайын кризистик борборлор ачылган. Бирок алар жетиштүү деңгээлде иш алып барбай жатабы, айтор, алардын кызматы тууралуу толук маалымат интернетте жокко эсе. Менимче, аталган борборлордун санын көбөйтүп, эркектерге психологиялык колдоо көрсөтүү зарыл. Албетте, психолог бир заматта маселени чечип жибербейт. Чыныгы эркекмин деген адам күнүмдүк маселелерди зомбулук менен эмес, сабырдуулук, акылмандык жана эрктүүлүк менен гана чечүүгө аракет кылышы керек. Албетте, психологго баруудан намыстанган эркектер да чыкпай койбойт. Андайлар аялга болгон ачуусун дубалды он муштап чыгарып алганы эле оң. Канжалаган муштум бир жумага жетпей айыгат. Ал эми жүрөктөгү кара тактын кетиши кыйын.