КАРЫНДАН ТОЮМДУУ ТАМАКТАР

Мал союлганда кээ бирлер жууп-тазалап отурамбы деп карынын ыргытып жиберишет же бирөөгө берип салышат. Карынды чанбай, андан даамдуу тамактарды жасап, организмди керектүү заттар менен байытууну үйрөнүңүз.

МАЛДЫН КАРЫНЫ

ПАЙДАЛУУ ЖАКТАРЫ

  • Курамында адамдын организмине керектүү пайдалуу заттар бар: белок, натрий, йод, цинк, кальций, селен, марганец, жез, темир, магний, калий жана PP, B1, B2 витаминдери. Булар иммунитетти көтөрүп, нерв системин, чач, тырмакты бекемдеп, кан жана зат алмашууну, теринин өңүн жакшыртат.
  • Карындын курамында көмүртек жок болгондуктан кант диабетинен жабыркагандар колдонсо жакшы (кандагы глюкозанын деңгээлин көтөрбөйт).
  • 100 граммы 97 килокалорийди камтыйт. Андыктан диеталык азык, адамды семиртпейт.

ЗЫЯНДУУ ЖАГЫ

  • Өтө жумшак бышпаса, сиңиши кыйындайт. Мындай карынды жаш балдарга жана ашказан-ичеги оорусу барларга, кары-картаңдарга бербеген оң. Андыктан жакшылап бышыруу кажет.

КАРЫНДЫ ЖУУП-ТАЗАЛОО

  • Карындын үстүнө кайнак сууну жаба куюп, дымыктырып, жыдытып алып, анан бычак менен кырып салабыз.
  • Карындын ичине 2 кочуш туз салып, туз карындын бетине тегиз тийсин үчүн сыртынан мыжыгып, анан целлофан баштыкка салып, таң аткыча муздаткычка салып коёт. Эртеси ысык сууга салып мыжыкса бат тазаланат. Кетпеген жерлерин бычак менен кырасыз.
  • Айрым жерлерде карынды оңой жана батыраак жыдытыш үчүн ичине акиташты сала коюшат. Акиташ кетиргени менен, анын курамындагылар ичегиге сиңип, анан карын аркылуу адамдын организмине кирип ички органдарды жабыркатат, өзгөчө ашказан-ичеги, боорду. Гастрит, панкреатит, ашказан-ичеги жарасы барлардын жана ичегиси сезгенгендердин оорусу курчуйт.

ЖАШЫЛЧАЛАР КОШУЛГАН КАРЫН САЛАТ

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:


ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  • Карынды туз татыган сууга бышырып алган соң узун, ичке туурайбыз.
  • Болгар калемпири, бадыраң, пияздар да узун, ичке тууралат. Сабиз сүргүчтөн өткөрүлөт.
  • Көмөч казанга майды куюп, пиязды, болгар калемпирин, көк пиязды, сабизди, мурч, калемпир, карынды кошуп бир сыйра кууруп, оттон чыгарабыз.  Үстүнө уксус менен бадыраңды кошуп аралаштырсак салат даяр.
  • Каалоочулар үстүнө лечо же соя соусун куюп жесе болот.

ФАРШТАЛГАН КАРЫН

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ  АЗЫКТАР:

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  • Ич эттерди, ич майды, болгар калемпирин жана пиязды майдалап туурайбыз.
  • Күрүчтү сууга чала бышырып алуу кажет.
  • Эми баарын аралаштырып, татымалдарды, тузду кошуп карындын ичине салып, оозун бекем байлайбыз.
  • Фаршталган карынды туз салынган муздак сууда  бышырып баштайбыз. Суу бир кайнап чыккыча отту күчтүү жагып, анан азайтып, жай отто бышыруу зарыл. Бышып жатканда ар жерин ийне менен тешип, чий көбүгүн алып турууну унутпаңыз.
  • Бышкан тамакты чыгарып, кесип, дасторконго коё берсеңиз болот.

КАРЫН РУЛЕТИ

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  • Этти, сабизди узун, ичке кылып кесип алабыз. Пиязды шакекче түрүндө туурайбыз.
  • Карынды тик бурчтук түрүнө келтирип 2ге бөлүп кесебиз. Эми алардын бетине алгач пиязды, анан сабизди, үстүнө этти узунунан жайгаштырып, туз, мурч себелейбиз. Каалоочулар ич май же куйруктан кошуп жиберсе да болот. Карынды рулет түрүндө ороп, сыртынан жип менен чырмайбыз.
  • Карын рулеттерди казандагы туздуу сууга салып, жай отто кайнатып бышырып алабыз. Анан чыгарып, кесимдерге бөлүп, тарелкаларга салып, дасторконго коё бериңиз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Seyitira8186
2016-03-28 13:47:57
Жакшы.карынды таластыктар жесинда бешбармак кылып
-12
Aiya9322
2016-03-28 14:39:33
Seyitira8186, не силер жебейсинерби?
+3
bemka.703
2016-03-28 20:45:48
Карын кошулуп жасалган салат даамдуу,озгочо болот. Аппетитти ачат.
+1
dasta
2016-03-29 12:58:02
Айылдыктар муздак сууга еле таптаза кылып жууп койушатко 15 минутада
-3
mirana9395
2016-03-30 18:42:07
dasta,Бизделе башта айылда турганд, ысык сууга эле жылытат элек.Мууздак сууга жуусан болчубеле.Же силер ошентип эле жейбересинерби.
+2
aminali
2016-03-30 19:53:18
mirana9395,)))))
0
belka
2016-03-29 22:33:46
Карып салат оло жагат,рахмат рецептер учун.
+1
kok-jar
2016-04-02 01:54:32
Муздак сууга чыкпайт кырса ыссык суу менен жууйт соонун мага да жагат
+1
Aytur
2016-04-02 19:36:57
Ай кандай гана сонун, даамдуу! Мен карынга талгак болуп карындарды эч кимге бербей жечу элем...
+1
adiko11
2016-04-03 11:23:49
Мен да аябай жакшы кором карынды
+1
№ 699, 25-март-31-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан