«КУРБУБУЗ НУРКАНДЫ ИЗДЕЙБИЗ»
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезитинин жалпы жамааты? Биз жакын курбубуз Нурканды издейбиз. Аны менен 2002-2003-жылдары Орусиянын Красноярск шаарында чогуу жашаганбыз. Байланышыбыз үзүлгөндөн бери кабар жок. Нурканды таанып-билгендер болсо байланышыңыздар.
Курбулары Зыйнат жана Акылай.
Тел.: +89264648465
«ТАЙПАЛАШЫМ АЛТЫН, КАБАРЛАШ»
– Мен Алтын Токоеваны издейм. Ал Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Яссы совхозундагы Кызыл-Суу айылынан болот. Алтын, окуп калсаң кабарлаш, сени издеген тайпалашың Дүйшөнаалы Бегалиев.
Тел.: 0708 04 93 46
«КУРБУМ НАЗГҮЛ, КАЙДАСЫҢ?»
– Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун мурунку Кара-Суу айылында жашаган Назгүл аттуу курбумду издейм. Экөөбүз Орусиянын Ленинград шаарында 1990-1991-жылдары тикмечилик окуу жайында практикада чогуу болгонбуз. Назгүл, окуп калсаң байланыш.
Курбуң Сайкал. Тел.: 0773 69 79 71
«ГҮЛСАРАНЫ ИЗДЕЙМ»
– Жалал-Абад облусуна караштуу Кербен шаарынын тургуну курбу кызым Гүлсара Кенжебаеваны издейм. Ал экөөбүз акыркы жолу 1988-жылы жолукканбыз. Ошол убакта ал Бишкек шаарынын Жумушчулар шаарчасы аймагында жашачу. Гүлсара, окуп калсаң байланыш.
Курбу кызың Атыркүл Бөкөлеева.
Тел.: 0552 60 66 80
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же
koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
скертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28