ООРУКЧАН ЧЕМПИОНДОР

Адатта спортчу дегенде бакубат, ден соолугу чың адамдарды элестетебиз. Бирок атактуу спортчулардын арасында да коркунучтуу ооруларга чалдыгып («жылдыз оорусун» эске албаганда), жапа чеккендер четтен табылат. Дүйнөлүк спорт жылдыздары кайсы оорулардан жабыр тартышат? Төмөндө 7 мисал берилди.

Лионель Месси (Аргентина), 22 жашта. Европанын жана Дүйнөнүн мыкты футболчусу (2009). Оорусу – Өсүү гормонунун жетишсиздиги
Лионель 11 жашка чыкканда дарыгерлер ага өсүү гормону жетишсиз деген диагноз коюшуп, ал бою өспөй калуу коркунучу астында калат. Бирок испаниялык «Барселонанын» жетекчилиги дарыланууга көмөктөшүп, оорукчан Лео Дүйнөнүн мыкты оюнчусунун даражасына чейин өсүп жетилди. Күйөрмандар аны Жаңы Марадона деп аташса, командалаштары жөн гана балакай дешет. Анткени анын бою болгону 169 сантиметр.

Мухаммед Али (АКШ), 68 жашта. Бокс боюнча Дүйнө чемпиону. Оорусу – Паркинсондун оорусу
Эл арасында бул ооруну калтырак паралич же шал деп айтышат. Бул ооруга кабылган адамдардын жүзү жансыз бет кап сымал болуп, басуусу оорлошуп, үнү акырын жана монотондуу болуп калат. Адатта бул оору адамдарга улгайган курагында келсе, Али 40 жашка чыга элегинде кабылган. Али дарыгерлер диагноз койгондон кийин дагы 2 жолу профессионалдык беттеш өткөрүүгө жетишкен. Бирок экөөндө тең жеңилип, чоң спортту таштоого аргасыз болгон.

Дэвид Култхард (Шотландия), 38 жашта. Формула-1 боюнча Дүйнөнүн вице-чемпиону. Оорусу – Булимия
Булимия ички бездердин сезгенишинен келип чыккан оору. Мында оорулууну дамамат ачка болуу сезими коштоп, адамды шалдыратат. Шотландиялык Дэвид Култхард бул оорудан кутула албай келет. Ал өспүрүм кезинде өз салмагын кармай алчу. Анткени картинг менен жарышууда аз салмакка ээ болуу да чоң мааниге ээ. Бирок профессионалдык жарыштарга катыша баштагандан кийин Дэвид өз салмагын көзөмөлдөй албай калган. Ошентсе да Дэвиддин оорукчан экендиги спорттогу жетишкендиктеринин көлөкөсүндө калып келет.

Мэджик Жонсон (АКШ), 50 жашта. НБАнын 5 жолку чемпиону, Олимпиада чемпиону. Оорусу – СПИД
Кезинде Жонсон спорттон кетүүнү чечип СПИД менен ооругандыгын жар салып, коомчулуктун ээсин эки кылган. Оорусун моюнга алып жатып Жонсон баары аны жек көрүшөт деп ойлогон. Бирок америкалыктар анын ооруну кантип жугузгандыгын сүрүштүрүп, каралоонун ордуна жөн гана спорттон кетпөөсүн суранышкан. 1992-жылы ал Барселона Олимпиадасында АКШнын курамасынын капитаны катары чемпион аталган. Учурда Жонсон кайрымдуулук менен алектенип, СПИДге каршы активдүү күрөшүүчүлөрдүн катарында.

Майкл Фелпс (АКШ), 24 жашта. Сууда сүзүү боюнча 14 жолку
Олимпиада чемпиону (!) Оорусу – Көңүлдүн чачырашы
Мындай диагнозду дарыгерлер Майклга бала кезинде эле коюшкан. Майкл ошондо теңтуштарынан айырмаланып аябай шок болчу. Бир жерде отура албаган, оюн бир жерге чогулта албаган бала эле. Натыйжада мектепте жакшы окуган эмес. Аны ата-энесинин сууда сүзүү секциясына берүүсү жашоосундагы чоң бурулуш болгон десек жаңылышпайбыз. Майклдын сүзүүгө болгон шыгы эмне менен аяктап жаткандыгы бүт дүйнөгө маалым (Майкл Олимпиадалык оюндарда 14 алтын медаль уткан жалгыз тирүү легенда болуп турат). Кызыгы, гиперактивдүүлүк баланын чоңоюшу менен жоголуп кетүүчү оорулардын катарына кирсе да, Майкл 24 жашка чыкканына карабай бул оорудан жапа чегип келет.

Лэнс Армстронг (АКШ), 38 жашта. Веложарыш боюнча
Тур де Франстын 7 жолку жеңүүчүсү. Оорусу – Рак
Лэнс Армстронгдун спорттук тагдыры өзгөчө кеп кылууга арзыйт. Баары 1996-жылы башталган. Ошондо дарыгерлер ага рак деп диагноз коюшкан. Натыйжада Лэнс башынан болуп көр­бө­гөндөй кыйынчылыктарды өткөрүп, узак убакыт адам чыдагыс дарылануу курсун башынан өткөрөт. Жадакалса уруктук тукумдарынан да баш тартууга аргасыз болгон. Мунун баары 2 жылга созулуп, аягында аны чыныгы спорттук триумф күтүп турган. Ал планетабыздагы эң абройлуу болгон веложарыш – Тур де Франсты 7 жолу жеңип алган. Бул чыныгы эрдик эле...
Былтыр 3 жылдык тыныгуудан кийин кайрадан чоң спортко кайтып келди. Ал мындай кадамга коомчулукту рак оорусуна каршы күрөшүүгө чакыруу үчүн барган. Учурда Лэнс ракка каршы күрөшүү боюнча фондду жетектейт.

Тим Ховард (АКШ), 30 жашта. Футбол боюнча Англиянын кубогунун жана Түндүк Американын кубогунун ээси. Оорусу – Турет синдрому
Бул ооруну көбүнчө комедиялык тасмаларда тамашага салышып, шылдыңдашат. Турет синдрому борбордук нерв системасынын жабыркашынан улам келип чыгат. Ал менен ооругандардын бет булчуңдары, моюн, ийиндери титиреп, эрин менен ооз кыймылдап, кырылдап жөтөлгөндөй болуп турат. Эми Ховарддын дарбазачы экендигин эске алсак, майданда ага канчалык кыйын экендигин элестетиңиз. Ошентсе да Тим 7 жылдан бери профессионалдык спортто стабилдүү оюн көрсөтүп келет.


Жергиликтүү кабарлардан

Футбол

“ЮАР-2010го” КЫРГЫЗСТАНДЫК КАТЫШАТ
8-февралда кыргыз спортуна таандык куш кабар тарады. Жайында ЮАРда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна калыс Бахадыр Кочкаров катышмакчы. Ал Дүйнө биринчилигин тейлөөчү 28 өлкөдөн чогулган 30 калыстын катарына кошулган. Кочкаров өзбекстандык калыстар Равшан Ирматов жана Рафаэль Ильясов менен бир калыстык бригаданы түзүп, калыстын жардамчысынын милдетин аткармакчы.

“АЛГА” “ЛОКОМОТИВ” МЕНЕН БЕТТЕШЕТ
Жаңы жылдын алдында Бишкектин мэри Нариман Түлеевдин демилгеси менен легендарлуу “Алганын” кайра жаралуусу кабарланган. Учурда жаңы команданы уюштуруу иштери соңуна чыгып калды. Жаш команданын курамы бекитилип, эң улуу оюнчусу 1983-жылкы футболчу экендиги белгилүү болду. Убактылуу башкы машыктыруучунун милдети Мурат Жумакеевге жүктөлгөн. Кошумчалай кетсек, 29-апрелде Бишкектин күнүнө карата “Спартак” стадионунда “Алга” москвалык “Локомотив” менен достук оюнун өткөрөт.

Ванкувер-2010

ОЛИМПИАДАГА 2 ГАНА СПОРТЧУБУЗ КАТЫШАТ
12-февралда Канаданын Ванкувер шаарында старт алчу XXI Кышкы Олимпиадалык оюндарга Кыргызстандан катышуучу спортчулардын саны өзгөрүүгө учураган жок. Буга чейин Олимпиадага ЭОКтун берген квотасынын негизинде лыжачы Ольга Решеткова жана слаломчу Дмитрий Трелевский ээ болгон. 8-февралда аталган спортчуларыбызга атайын спорттук кийим тапшырылды. Башка спортчуларыбыз мелдештерден жолдомо жеңе алышкан эмес.


Эл аралык кабарлардан

Евро-2012

ЧҮЧҮКУЛАК ТАШТАЛДЫ
7-февралда Варшавада (Польша) 2012-жылкы Европа чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын чүчүкулак таштоо аземи өткөрүлдү. Континенталдык башкы мелдешке катышуу үчүн Европа өлкөлөрү 9 топко бөлүнүп күч сынашышат. Эске салсак, «ЕВРО-2012» Польша менен Украинада өтөт.

А: Германия, Түркия, Австрия, Бельгия, Казакстан, Азербайжан;
В: Орусия, Словакия, Ирландия, Македония, Армения, Андорра;
С: Италия, Сербия, Түндүк Ирландия, Словения, Эстония, Фарер аралдары;
D: Франция, Румыния, Босния жана Герцеговина, Беларусь, Албания, Люксембург;
E: Голландия, Швеция, Финляндия, Венгрия, Молдавия, Сан-Марино;
F: Хорватия, Греция, Израиль, Латвия, Грузия, Мальта;
G: Англия, Швейцария, Болгария, Уэльс, Черногория;
H: Португалия, Дания, Норвегия, Кипр, Исландия;
I: Испания, Чехия, Шотландия, Литва, Лихтенштейн.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kgjigit
2010-02-18 23:35:22
спорт бул - ден соолук; денсоолук бул-бакыт; бакыт бул-бакубат жашоо; бул-бакубат жашоо бул- биз жашап жаткан жашоонун бирден бир манызы.....
0
№ 380, 12-18-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан