Кымча бел келишимдүү кыздар, кыштын ызгаар суугунда аптаптуу, экзотикалык өлкөдө эс алгыңыз келеби, анда чамдаңыз! Бул мүмкүнчүлүктү «Супер-Инфо» гезити түзүп берүүгө даяр. Себеби «Супер сулуу-2016» сынагы старт алды. Жеңүүчү Бали аралына барып, түркүн дүйнө кызыктарга күбө болмокчу. Сынактын башталышын утурлай биз «Супер сулуу» сынагынын мурунку жеңүүчүлөрүнө учурда эмне менен алексиз деген суроо салып көрдүк.
СЫНАККА КИМДЕР КАТЫША АЛЫШАТ?
Кеңири маалымат үчүн 0557 7563 54, 0312 32 33 27 номерлерине,
star@super.kg электрондук дарегине же «Супер-Инфо» гезитинин кеңсесине (Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 402) кайрылсаңыздар болот.
«СУПЕР СУЛУУ-2007» АЙГЕРИМ КУБАНЫЧБЕК КЫЗЫ
8 жыл мурун, 17жашында сынакты жеңген Айгерим Түркиянын Анталья шаарына барып эс алып келген. Ал: «Мени көбү модель деп ойлошот, сулуулар сынагын жеңсе эле модель болуп калбайт да. Сынактан кийин көчөдө таанып, сүрөткө түшүп, кол тамга алгандар да болду»,- дейт. Айгерим учурда «Тез жардам» кызматында администратор болуп иштейт.
«СУПЕР СУЛУУ-2008» ЧИНАРА КЕРИМКУЛОВА
Малайзияга барып эс алып келген Чинара: «Супер сулуу» сынагынан кийин тапкан чоң бактым – бул өмүрлүк жолдошум болду. Башынан эле модель болууга кызыккан эмесмин, андыктан чыгармачылыктын кайсы бир түрүн алып кетүүгө аракеттенген жокмун»,- дейт. Учурда эки баласын тарбиялап үйдө отурганын айтат.
«СУПЕР СУЛУУ-2009» БЕГАЙЫМ АЛИСОПИЕВА, ЖАМИЛЯ ИШЕНБАЕВА
2009-жылдын супер сулуулары Бегайым менен Жамиля Египетке барып эс алып келишкен. Ал кезде Жамиля 16 жашта гана болчу. Учурда ал Кыргызстандагы алдыңкы моделдердин катарын толуктайт. Ал эми Бегайым 2012-жылы турмушка чыгып,уулдуу болгон. «Учурда үйдө энелик кызматта иштеп жатам, буюрса, моделдик кесипке кайтышым мүмкүн»,- дейт ал.
«СУПЕР СУЛУУ-2010» БУРУЛ БАКТЫБЕК КЫЗЫ
2010-жылы «Супер сулуу» сынагын жеңип, Таиландга барып келген Бурул: «Учурда 2 балам бар, турмушка чыгып үй-бүлөлүк шартка байланыштуу моделдик кесипти таштагам. Сынак мага өзүмдүн күчүмө ишенүүгө дем берди. Кыздарга айтар кеңешим ишенимдүү, эрктүү болушса баарына жетишет»,- деп билдирет.
«СУПЕР СУЛУУ-2011» АЙСУЛУУ ӨМҮРАЛИЕВА
«Супер-Инфо» берген жолдомо менен Кытайдын Хайнань аралында эс алып келген Айсулуу: «Моделдик карьерамды жыйыштырып, подиумду үй-бүлөлүк бакытка алмаштырганыма көп болду. Учурда жолдошум, уулум менен Түркияда жашап жатабыз. Жакында экинчи наристемди жарыкка алып келем»,- дейт.
«СУПЕР СУЛУУ-2012» ГУЗЕЛЯ КЕЛДИБАЕВА
Сынакты жеңип Индиянын Гоа аралына барып эс алып келген Гузеля: «Супер сулуу» сынагы мага модаиндустриясына кеңири жол ачты, түрдүү мода жумалыктарына катышууга сунуштар түшүп жатты. Учурда «Гузель» деп аталган сулуулук салонумду иштетем. Сынакка катыша турган кыздарга коркпогула, ийгилик коркок адамдарга келбейт деп айтар элем»,- дейт.
«СУПЕР СУЛУУ-2013» ОРУНКҮЛ ШАБРАЛИЕВА
Сынакты жеңип, Шри-Ланка аралында эс алып келген Орункүл учурда өзү сулуулар сынагын уюштурат, Дүйнөлүк сулуулук жана мода лигасынын Кыргызстандагы директору. Кино-клиптерге тартылып, бул тармакта да өзүнүн талантын сынап жүрөт. «Жакында эле ыр жаздырдым, эми клип тартам» деген моделдин ырчылыкка олуттуу кадам таштап, белгилүү ырчы болсом деген тилеги бар.
Лунара Бекиева
star@super.kg