ҮҢКҮР-ТОО ӨЗБЕКСТАНГА ӨТҮП КЕТТИБИ?

2016-жылдын 23-мартында Аксыдагы Үңкүр-Тоо Өзбекстандын карамагына өтүп кеткени айтылып, ансыз да чек ара маселеси курчуп турган маалда тараган бул маалымат ачык күнү түшкөн чагылгандай болду.

КЕРБЕНДИН ДЕПУТАТТАРЫ ӨКМӨТТҮН СУНУШУНА КАРШЫ ЧЫГЫШТЫ
Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалдан улам 22-мартта өкмөт башчы Темир Сариев Аксы районуна барып, чогулган эл менен жолугушту. Өлкө жетекчилиги тарабынан так маалымат учурунда берилбей жатканынан пайдаланып бул кырдаалды өз кызыкчылыгына жараша ар кандай калчап жаткандар көп. Андыктан өкмөт башчыга элдин суроосу да көп эле. Жыйынга катышкан жергиликтүү тургундардын билдиришинче, премьер кыска гана сүйлөп, суроолордун көптүгүнө карабай шашылыш кетип калган. Бул жолугушуу тууралуу Күнсерепте super.kg порталы: «Ошентип аксылыктар 18-марттан бери күткөн жогорку бийликтин өкүлүнөн канааттандырарлык жооп ала албай калышканы айтылууда. Болгону анын «башкаларга 1 сантиметр да жер берилбейт» дегени эсте калды...»- деп жазган эле. Өкмөт башчынын бул убадасы эртеси күнү жокко чыкты.
Алсак, 23-март күнү Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргеш Озокеев Кербен шаардык депутаттарына өкмөттөн «Үңкүр-Тоодо жайгашкан станцияны башка орунга которуу үчүн ылайыктуу жер тапкыла» деген сунуш түшкөнүн маалымдады. Озокеев: «2015-жылдын 11-ноябрында өкмөт отурумунда Үңкүр-Тоону Өзбекстандын аймагына киргизүү боюнча токтом кабыл алган. Тоодогу Кыргызстандын телемунара станциясын жайгаштырууга башка жер издегиле деген өкмөт башчы Темир Сариевдин сунушу келди. Бул тоо атам замандан бери эле кыргыздарга тиешелүү. Абал оор болуп турганда бул сунуш ого бетер кырдаалды курчутуп жатат. Биз бул маселени шаардык кеңештин сессиясында карап, өкмөттүн бул токтомуна каршы экенибизди билдирдик»,- деди.
Бул кабар коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынып, өкмөткө сындар жаады. Аз өтпөй өкмөттүн маалымат кызматы «бул кабар чындыкка дал келбейт» деген билдирүү жарыялады.

Өкмөт: «ҮҢКҮР-ТООДОГУ СТАНЦИЯ ЖЫЛДЫРЫЛБАЙТ»
Өкмөттүн тараткан маалыматында: «Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорунун маалыматтык коопсуздугун күчөтүү үчүн Үңкүр-Тоодо жайгашкан «Кербен» телерадио сигналдарын таркатуучу станциясы (РРС-24) менен байланышта иштеген башка станция куруу каралууда. Мындай станцияны куруу жаңы байланыш каналдарын түзүү зарылчылыгынан пайда болду. Бул иш аталган райондордо санариптик телекөрсөтүүнү ишке ашыруу үчүн жүргүзүлүп жатат. «Кербен» телерадио сигналдарын таркатуучу станциясы башка жакка жылдырылбайт. Бул аймакта чек араны белгилөө болсо өлкөлөрдүн өкмөттүк делегацияларынын иши»,- деп айтылат. Ошондой эле өкмөт жергиликтүү кеңештин депутаттарын такталбаган маалымат таратып, элдин башын айлантпоого чакырды.

ӨКМӨТ «ӨЗБЕКСТАНДЫН АЙМАГЫНДА» ДЕГЕН ЖАЗУУСУ БАР ДОКУМЕНТ ЖАСАЛМА ДЕЙТ
Өкмөттүн өмүр бою кыргыздар колдонуп келген Үңкүр-Тоону Өзбекстандын аймагы катары көрсөткөнү коомчулукта кыжырданууну күчөттү.
Кербен шаарынын депутаттарына барган өкмөттүн токтомунда «Өзбекстандын аймагында жайгашкан «Кербен» станциясын башка жайга жылдыруу боюнча» деп так, даана жазылып турат.
24-март күнү президент Алмазбек Атамбаев бул маселе боюнча: «Үңкүр-Тоону берип салгыдай Сариевдин башы экөө бекен? Эгер чынында эле берген болсо, анда Сариевдин башы кетет»,- деп билдирди.
Өкмөт интернетке жарыяланган бул документ жасалма деп билдирүүдө. Өкмөттөн коомчулукка таратылган документте «Өзбекстан республикасы менен чектеш аймакта жайгашкан...» деп жазылып турат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникация боюнча бөлүмүнүн башчысы Элдияр Убалиев билдирди. Анын айтымында, жасалма документти таркатуу боюнча атайын иликтөө иштери жүрүп жатат.
Өкмөт башчы Темир Сариевдин маалымат катчысы Бакыт Асанов: «Үңкүр-Тоо боюнча премьер-министр Темир Сариев Өзбекстанга таандык деген эч кандай токтомго кол койгон эмес»,- деди.
Эске салсак, 2013-жылдын 20-сентябрында Өзбекстандын чек арачылары Аксыдагы Үңкүр-Тоодо жайгашкан телерадио сигналдарын таркатуучу телемунаранын станциясына тик учактар менен келип, өз желегин орнотушкан. Бир нече күндөн кийин өзбек тарап чек арачыларын чыгарып кеткен болчу.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 699, 25-март-31-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан