КЫРГЫЗСТАНДА БИР ДА ЖАРАН ТЫҢШООЛОРДОН КОРГОЛГОН ЭМЕС

Интернетте «Оппозиция революция даярдап жатабы?» деген аталышта 2 бөлүктөн турган аудиожазуу тарады. Анда Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Турдуналиев, Равшан Жээнбеков, Мамбетжунус Абылов деп белгиленген адамдардын сүйлөшүүсү жазылган.
Биринчи аудиожазууда экс-губернатор Бектур Асанов, Апрель баатыры болгон Дуулатбек Турдуналиев жана оппозициячы Кубанычбек Кадыровдун үндөрүнө окшош адамдардын акча таратып, митингдерди уюштуруп, бийликти басып алуу тууралуу сүйлөшүүсү жазылган. Экинчи аудиожазууда Азимбек Бекназаровдун үнүнө окшош адамдын кандайдыр бир кабинетте оппозициячыл саясатчыларга Ошто курултай өткөрүү, улуттук деңгээлдеги координациялык кеңеш түзүү, мурунку эки революцияда кетирилген кемчиликтерди эми кетирбөө тууралуу кеп кылганы жазылган. «Азыр ситуация бышып, кырдаал ошого келип калды... Президент 7-апрелде мен кызматка жабышпайм, мына деп туруп кетип калышы мүмкүн...»- дейт аудиожазууда Бекназаров деп белгиленген адам.
Оппозиция өкүлдөрү бул аудиожазуу оппозицияны каралоо аракети, монтаждалган деп чыгышты. УКМК болсо «оппозициянын өлкөдө революция даярдоо планы жазылган аудиожазуу монтаждалбаганы аныкталды» деп жарыялады. Компьютердик технологиялар өнүккөн бул заманда айтылган сөздү монтаждап, сөздүн маанисин теңирден тескери буруп салуу түккө турбаган иш. Азыр Кыргызстандагы бир да жаран мыйзамсыз тыңшоолордон, аңдуулардан, кийин анын интернетке жайылып кетишинен корголгон эмес.
Гезит басууга кетерде өлкөдө төңкөрүштү пландашкан деген шек менен Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов УКМК тарабынан кармалганы маалым болду.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 699, 25-март-31-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан