БИР БҮРКҮМ

  • Эсеп палатасынын төрагасы болуп УЛУКБЕК МАРИПОВ дайындалды. Ал эми анын ордуна, Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлык кызматына СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ келди.
  • Бишкекте 95 МЕКТЕП, 82 БАЛА бакча бар. Орус тилдүү мектептердин саны 32, бала бакчалардыкы 55, аралаш тилдеги мектептер 52, бала бакчалар 19, ал эми калган 8 бала бакча менен 11 мектепте сабактар кыргыз тилинде өтүлөт.
  • Экс-президент Аскар Акаевдин күйөө баласы АДИЛ ТОЙГОНБАЕВ Дубайда кармалды. Ал алдамчылык, салыктарды жана милдеттүү камсыздандырууну төлөөдөн баш тартуу, уурулук боюнча Кыргызстан тарабынан айыпталып, издөөдө жүргөн. Аны Кыргызстанга жиберүү маселеси азыр чечиле элек.
  • Жаштар арасында АЛКОГОЛЬ ИЧКЕН кыздар менен жигиттердин саны тең чыкты. Бул тууралуу Жаштар саясаты стратегиясынын долбоорунда айтылат.
  • Жогорку Кеңеш өлкөдө ОНКОЛОГИЯЛЫК ООРУКЧАНДАРГА бекер жардам берүүнү жойду.
  • «Кыргызстандагы жашоо» долбоору жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, жооп бергендердин 85 пайызы күйөөсү акча таап, АЯЛЫ ҮЙДӨ ОТУРУШУ КЕРЕК деген пикирде.
  • 2015-жылы төрөлгөн ЫМЫРКАЙЛАРГА эң көп Умар, Алинур, Нурислам, Айбийке, Раяна, Арууке деген ысымдар ыйгарылган. Бул тууралуу маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматы таратты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 699, 25-март-31-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан