ЖАҢЫ ТӨРӨГӨН ЭНЕНИ ТЫҢЫТУУ

Келиндин жумуш кылбай жатып алышы кыргызда жат көрүнүш. Көнгөн адат боюнча жаңы төрөп келген келин жатып алуудан тартынып, жумуш кылып жүрө берип, жакшы тыңыбай калышы мүмкүн. Медицинада жана элдик медицинада энени тыңытуу кандай болот? Суроолорго №9-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун акушер-гинекологу, 1-категориядагы врач Самара Муктарбекова жооп берет.

ЖАТЫН
Төрөт учурунда аялдын 12 мүчөсүнүн баары ажырап ордунан козголот, бир гана кирпиктин бул процесске тиешеси жок. Ордунан козголгон орган, мүчөлөрдүн калыбына келиши үчүн 42 күн керектелет. Калыбына келүү процесси бала төрөлүп, эненин бооруна жаткызылган мүнөттөн тарта башталат. Баланы эненин бооруна жаткызганда энелик сезим күчөйт да, окситоцин гормону бөлүнүп чыга баштайт. Бул гормондун жардамы менен жатын булчуңдары жыйрылып, кичирейет. Төрөгөндөн кийин жатындан кан аралаш былжыр суюктук чыгат (5 жумадай). Бул учурда сууга марганцовканы мала кызыл кылып кошуп алып, дааратканага барган сайын жуунуу керек. Анткени төрөгөндөн кийин аялдын жатыны ачык болгондуктан, заара чачыраса деле инфекция кирип кетиши мүмкүн.
Эгерде жатынга инфекция кирсе, эндометрит оорусу пайда болот. Андайда эненин дене табы көтөрүлүп, тамакка табити тартпай, алсырайт. Мындай учурда дароо дарыгерге кайрылуу зарыл.
Ич кирсин деп таңып салуу туура эмес, бул ыкма жатындын жыйрылышына тоскоол болот. Таңбай эле ар кандай ботко жана укалоонун жардамы менен арылууга болот. Бул ыкма курсактагы целлюлиттен да арылтат.

ЭМЧЕК
Төрөгөндөн кийин организмден пролактин гормону бөлүнүп чыгат да, эмчекте сүттүн пайда болушуна жана эмизип жатканда айыздын убактылуу токтошуна алып келет. Бул гормон эмчек эмизип жатканда бойго бүтүүдөн сактайт. Кээ бирлер «бала эмизсем деле боюмда болуп калды» дешет. Баланы кошумча тамак бербей күнү-түнү эмизгенде гана бойго бүтпөйт.
Баланы эмизерде колду таза жууп, жылуу сууга малынган таза чүпүрөк менен эмчекти сүртүш керек. Үрптү баланын оозуна толук салбаса аба кирет да, эмчек кесилет. Эмчек кесилбеши үчүн кош бойлуулуктун 7-8-айынан баштап кам көрүү туура. Ал үчүн туздуу сууга сүлгүнү салып, аны менен эмчекти сүртүү керек. Төрөгөн соң бала эмгенден кийин калып калган сүттү саап, эмчекке сүртүп койсо кесилбейт.

ТАМАК-АШ
Төрөгөн аял убагы менен эс алып, сапаттуу тамактануусу талапка ылайык. Күнүмдүк тамак-аш рационунда сүт азыктары, балык, уйдун шорпосу болушу керек. Кычкыл, ачуу тамакты жегенге, ичимдик ичкенге, чылым чегүүгө, өз алдынча дары-дармектерди пайдаланууга болбойт. Таза абада көп болуп, бөлмөнү убагы менен желдетип, таза кармоо эне жана бала үчүн өтө пайдалуу.


ЖУМУШ ЖАСОО
Төрөгөн аялга алгачкы 2 күн көбүрөөк жатуу сунушталат. Бирок такыр кыймылсыз жата берсе, заңдоо жана заара ушатуу кыйындайт. Жарым жылга чейин оор көтөрүүгө болбойт. Оор көтөргөндө сөөктөр ордуна жакшы келбей жылышат, белде грыжа пайда болот. Муздак сууга колду салып жумуш кылганда эндометрит оорусу пайда болот.

ЖУУНУУ
Ваннага, мончого түшүүгө болбойт, себеби жатынга инфекция кирип кетүү коркунучу бар. Бирок душтун алдына туруп жышынгыч колдонбостон кара самын менен көбүртүп жууна берүү керек. Жуунгандан кийин шамалдап калуудан качып, жылуу жатуу зарыл.


АЯЛ КОШ БОЙЛУУ УБАКТА ЭМНЕГЕ САЛМАК КОШОТ?

Норма боюнча 8-10 килограмм салмак кошулат

  • Ымыркайдын салмагы – 3-4 килограмм.
  • Кан 1,5 эсе көбөйөт, себеп дегенде эне менен баланын жашоосун камсыз кылыш керек.
  • Тондун салмагы – 700 граммдан 1 килограммга чейин.
  • Ымыркайды курчап турган суу – 1 литр.

ЧАЧ
Эстроген гормону чачтын бекемдигин, узарышын көзөмөлдөп турат. Төрөгөндөн кийин аталган гормон калыбына келгиче 3-6 ай өтөт. Ошондуктан 6 айга чейин аялдын чачынын түшүшү организмдеги өзгөрүүдөн улам келип чыккан процесс. Кыргыздарда бала талпынганда чач түшөт деп коюшат, талпынуу баланын 4-6 айлыгына туура келет. Эгер көп өлчөмдө түшө баштаса, трихологго кайрылуу керек.

ТЕРИНИН ЖАРЫЛЫШЫ
Кош бойлуу кезде салмак көп кошулса курсактын, төштүн, жоон сандын териси жарылып кетет. Жарылган терини медицинада калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Бирок алдын алып, кош бойлуу кезде атайын тигилген ич кийимдерди (бандаж) кийип, душка түшүүдө суу менен массаж жасап жана кадимки өсүмдүк майы менен терини майлап турса болот.

ЭЛДИК МЕДИЦИНАДА
Илгертен кыргыздын байбичелери жаңы төрөгөн энени жылуулап, тыңытуу максатында ар түрдүү ыкмаларды колдонуп келишкен.

  • Кырк күн кайнатма шорпо же кордо ичишкен.
  • Катуу тердөө керек, тер менен беттеги сепкилдер, тактар кетет.
  • Жаңы төрөгөн эне тишин дайыма жоолук менен жаап жүргөн. Эгер суук тийгизип алса тиштер сезгенип калат, анда койдун бөйрөгүн отко кактап бышырып, ысык бойдон тиштетишкен.
  • Чийки жумуртканы 40 күн бою белге сүйкөп катуу таңа берсе бел бекем болот.
  • Ичке жел толот деп жылкынын, койдун, эчкинин эти кошулган тамак бердиришкен эмес.
  • Төрөгөндө сөөк менен теринин ортосу ачык болот деп өтө жылуу жүрүшкөн, кичине суукка урунса сөөк менен теринин ортосуна жел кирип тыңуу кыйынга турат.
  • Суукка урунса койдун майы миңдин бири деп шыбашкан.
  • Денедеги шишик тарабай, баш ооруса, кычкачты чокко ысытып туруп ооздогу суу менен кычкачка бүркүп учукташкан.
 Кыстарылган видео 
Аял төрөттөн кийин канткенде мурунку калыбына келе алат?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
jemile
2016-03-28 09:33:33
Ичтин кирүүсү үчүн ыкма керек эле..
Жакшы кеңештер..
0
Allahtynkulu
2016-03-28 09:40:00
Айылдагы келин байкуштарда кайдагы гимнастика. Уй жумуштары, тиричилик деп журуп баласын деле жарытылуу карай алышпайт.
+15
Asanovna1805
2016-03-28 09:40:55
Рахмат жакшы кенеш экен
0
altyn2015
2016-03-28 11:46:14
Рахмат! Жакшы кенеш экен.
+1
aliya-leyla
2016-03-28 13:04:06
Салам супер. Кенешинерге рахмат. Сураныч учурда бала эмизем 7 айлык. Кокустан кош бойлуу болуп калганымды билдим. Эмизууну дароо токтотуш керекпи же улантса болобу? Эмизсе зыян деп уккам. Балам кичине болгонунан кошумча тамакка анча коно элек. Ушул боюнча маалымат бериниздерчи сураныч. Рахмат!
+2
kadam
2016-03-28 15:05:02
Эмизүүнү дароо токтотуш керек,антпесе баланын ичи өтүп, кусуп жаман болот. Себеби сүт уузга айланып калды.
0
aijan
2016-03-31 13:54:25
aliya-leyla, кээ бала эме берет, кээси эмбей коет. Сиз озунуз торолгон баланызга, озунузго, ичиниздеги баланызга керектуу заттарды жеткире аласызбы, ушул жагын ойлонуз.
0
Jaachy
2016-03-28 15:37:56
Рахмат!супер инфо аялдар жонундо ар бир санынарга чыгарып турсанар пайдалуу кенештерди?жаш энелерге коп пайдасы тиет эле?
+1
sarbo
2016-03-28 17:15:36
ушунун жарымын кылсакта соонун болот эле,кайын журт кошо жат деп ушул ыкмаларды кылып тынытпаса келин 2кун кылса казан аяк калдырап кетет
+4
chonkurulush
2016-03-28 18:04:47
Бизда жакында балалуу болобуз жакшы кенештер экен
0
kobra86
2016-03-28 23:44:09
Жон озу торогон аял 6 ай оор жумуш кылбаш керек деп айтыптыр кесерово болгом 10 кун аран жаткам анан туруп алып динкилдеп жумушка киришкем Аллахым баарыбызга ден соолук берсин!
+2
Usow
2016-03-29 04:14:49
Кош бойлуу аял коп жатып коп уктаса кандай болот себеби жубайым ушундай болуп жатат биринчи ар кандай тамактарга, болгон эле а азыркы учурда менин жытыма баш ооруу болуп калган жумушка да жибербей кун бою жыттап жата берсе
0
kunduz.aza
2016-03-29 16:12:54
Usow,коп уктаган кадимки эле корунуш го
+1
Magusi
2016-03-29 17:37:20
Usow,Кээ бирлер уйкуга талгак болушат.Менда укуга талгак болгом,туну уктап эртеси тушто турчумун.Бирок ото коп жатууда болбойт,жубайынызды сейилдегенге коп алып чыгыныз
0
kunduz.aza
2016-03-29 16:14:55
негизи тороттон кийин канча убакытта кирет ич ?
0
Magusi
2016-03-29 17:41:33
kunduz.aza,Ичти бир аз бир аз таныш керек баарыбир.Менин синдим танбай коюп Эми озу жаш арык болсо деле ичи саландап калды.Жайкы кийим кийсе чыгып калат.Ошондуктан конуугулорду жасаш керек,анан таныш керек.Ичин чыгып калса да биздин шумшук эркектер айтат,былтыксын толуксун деп.Ошондуктан ар бир аял заты келбеттуу болууга тийиш.
+3
raiana53
2016-03-31 01:25:07
мен да учунчу баламды кесерова менен тородум жатмак кайда балдарым майда болуп кучтуу тамактын айынанле тыныдым болбосо 1,6 айлык балам ото тентек эле артынан чуркап журчум,3 баламды тен кесерова жолу менен торогом азыр Аллага шугур баары жакшы баардыгы Алланын колунда
+2
Meku06
2016-03-31 11:14:18
Рахмаат кенешиниздер буйруса жакында магада керек болот экен.
+2
№ 699, 25-март-31-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан